ТАБЫШМАКТАР

Сулуу, куйрук-жалы бар,
Сүтү абдан дары мал.
Эр жигиттин канаты,
Эмне деген жаныбар?

(Жылкы)

Сыр найзадан мүйүзү бар,
Самсаалаган жүнү бар.
Салкын тоону мекендеп,
Саан саадырган кайсы мал?

(Топоз)

Абдан бийик бою бар,
Айры өркөч жону бар.
Ачка чыдайт кырк күнү,
Айткылачы кайсы мал?

(Төө)

Эң эле жоош, момун мал,
Эң пайдалуу сонун мал.
Аяз суукта үшүбөйт,
Абдан жылуу тону бар.

(Кой)

Асек Казиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан