КУ-КА-РЕ-КУ!

Илгери-илгери бир айылдын четиндеги үйдүн короосунда кызыл Короз жашаган экен. Ал жашаган короодо бир отор кой, бир короо уй, жана бир үйүр жылкы да болуптур. Жаныбарлар эч качан бири-бири менен урушпай, ынтымактуу жашашат. Бирок эмнегедир Короз өзүн абдан жалгыз сезе берчү. Анткени анын тилин короодогу досторунун бири да түшүнчү эмес. Ал эми койлор өз ара маарап, уйлар мөөрөп, жылкылар кишенеп, бири-бири менен сүйлөшө алышчу.
Бир күнү баягы кызыл Короз өзүнүн тилин түшүнүп, маектеше алчу дос издеп көчөгө чыгат. Адегенде кошуна короого баш багат. Бирок астынан чоң таягын көтөрүп абышка чыгат да:
– Биздин короого экинчи жолобо!- деп таяк менен уруп, Корозду кубалап жиберет.
Бечара Короз ызаланып, асманга карап канаттарын катуу каккылайт да:
– Эмнеге менин тилимди түшүнгөн бир да досум жок?!- деп ыйлайт. Муну уккан асмандагы мээримдүү Күн:
– Кой, ыйлаба. Сенин да тилиңди түшүнгөн башка короздор бар.
– Сен аларды тааныйсыңбы? Алар кайда жашашат?
– Жок, сага айтпайм. Эгер ал жакка барсаң, дагы таяк жейсиң. Андан көрө мен сага сыйкырдуу сөз үйрөтөйүн. Таң атарда «Ку-ка-ре-ку!» деп катуу кыйкырсаң, досторду табасың.
Короз ошол замат короосуна келип, таңды күтүп отуруп калат. Эртеси таң ата баштаганда үнүнүн болушунча «Ку-ка-ре-ку!» деп кыйкырат. Аңгыча кошуна короодон ага:
– Ку-ка-ре-ку! Кутман таң! Сен кимсиң? Мурда сенин үнүңдү укпаптырмын,- деп короздордун бири жооп кайтарат.
– Ку-ка-ре-ку! Кандай жакшы, мага окшош, менин тилимди түшүнгөн дос таптым!- деп сүйүнөт кызыл Короз.
Аңгыча айылдын бардык короздору аны менен алик алышып, дос боло тургандыгын билдиришет. Ошондон бери Короз өзүнүн короосунан чыкпастан эле күндө таң азанда достору менен маектешип калган экен.

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан