ООГАН СОГУШУН ЭСКЕРИП...

15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Бул күнү Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Жүздөгөн тагдырларды талкалаган, миңдеген жаш жигиттерибиздин өмүрүн алып кеткен ал согушту дале эске алып келебиз. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз ошол Ооган согушунун ардагерлери болмокчу.

ООГАН СОГУШУ ТУУРАЛУУ
Ооганстанга советтик аскерлер 1979-жылдын 25-декабрында киргизилип, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алышкан.
Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган, алар – Юрий Исламов (өлгөн соң сыйланган) жана Сергей Гущин (учурда Орусияда жашайт).
Ооган согушунун ардагерлери согуш кыйынчылыктарын көрүп келген тажрыйбалуу жоокер катары конфликттүү кырдаалдарда жардамдарын берип келишет. Мисалга, 1999-жылы өлкөбүздүн аймагына согушкерлер киргенде Ооган ардагерлеринен «А» батальону түзүлүп, согушкерлерди жок кылууга өз салымдарын кошушкан. Өлкөбүздүн түштүгүндө болгон Июнь коогалаңында, болуп өткөн 2 ыңкылап учурундагы баш аламандыкта да Ооган ардагерлери укук коргоочуларга чоң жардам көрсөтүшкөн.

«АЛ СОГУШ ДАЛЕ ТҮШҮМӨ КИРЕТ»
АБДЫГУЛ ЧОТБАЕВ, генерал-полковник:

– 1979-жылы Алматыдагы Жогорку аскер окуу жайын аяктаганда Ооганстан менен чектешкен Термез шаарына кызмат өтөгөнгө жиберилгем. 25-декабрда Ооганга биздин жоокерлер киргизилгенде эң биринчилерден болуп мен жетектеген взвод да кирген. Биздин батальон рейддик батальон болгондуктан, рейддерге тез-тез чыгып, душмандар менен согушуп турчубуз. Алардын бирин айтып берейин.
1980-жылы батальон командири менин взводума Лагман аттуу провинциянын Кундагаль деген калктуу пунктунда жайгашкан душмандардын базасын жок кылыш керек деп тапшырма берди. Караңгыда баратып душмандын кароолуна туш келип, алар аткылап киришти. Бирөөсүн штык менен сайып өлтүрүп, экинчисин автоматтын кундагы менен уруп колго түшүрдүм. Атышуу болуп, ал 12 саатка созулду. Бизге жардамга дагы 2 рота келип, душмандарды талкалап, көптөгөн курал-жарак, жарылуучу заттарды колго түшүргөнбүз. Ошондо мен өзүм 30дан ашуун душман өлтүрүпмүн. Менин взводуман мен жана дагы 2 жоокер жаракат алганбыз.
Киши өлтүрүү деген оңой эмес. Канча убакыт өтсө да эсиңде калат экен, ошол окуялар эмгиче түшүмө кирип калат. Андан кийин дагы 2 операцияга катышкан соң мага Ооганстанда кызмат кылгандардын алгачкыларынан «Кызыл Жылдыз» ордени жана мөөнөтүнөн мурда ага лейтенант наамы берилген. Ооганстанда кызмат кылган убакта менин бир да жоокерим каза болгон жок, ошого сыймыктанам. Ал жакта бир жарым жыл кызмат кылып, ошол убакта ата-энеме деле көп кат жазбаптырмын. Аларды сарсанаа кылбаш үчүн катка «мен Термезде кызмат өтөп жүрөм» деп жазчумун. Бирок жетекчилер ата-энеме мени мактап кат жөнөтүшкөн экен, «балама бир нерсе болгон окшойт» деп аны атам коркуп ачпай жүрө бериптир. Ооганстандан келгенден кийин гана согушка барып келгенимди айткам.

«КАСКАГА ТАМАК БЫШЫРЫП ЖЕЧҮБҮЗ»
САЛАМАТ АБДЫЛДАЕВ, полковник:
– Алматыдагы Жогорку аскер окуу жайын аяктагандан аз убакыттан кийин эле Ооган согушу башталып, мен командир болгон взвод Ооганстанга жөнөтүлдү. Ар кандай абалдардан чыгыш үчүн бардык нерсени үйрөнүп, ыңгайлашып калат экенсиң. Мисалга, тиш ооруса, танканын аккумуляторуна куюлган кислотаны алып тишке тамызабыз, андайда тиш майдаланып түшүп калат. Касканы казан кылып, тамак жасап жейбиз. Бош убакта таштын үстүнө штык менен шахматтын тактасын тартып алып, кара, ак таштар менен шашки ойночубуз. Офицердин кийимин кийсең, душмандардын снайперинин биринчи бутасына айланасың, ошондуктан офицерлер катардагы жоокердин формасын кийип, погонго чинди калем менен тартып алчубуз.
Оор жүк көтөрүп, тоо аралап күнүнө 40 чакырым жол баскан учурлар болду. Адам өтө кыйналганда бутунун тырмактарынын астынан кан аралаш суу чыгып калат экен. Өтүктүн чулгоосунун балтыр жакка келген жагын буттун учуна ороп коёсуң. Ал кан, суу болгуча үстү жагы кайра кургап калып, которуп аласың.
Бир ирет тапшырма аткарганы баратканбыз. Капчыгайга киргенде душмандар тоо башынан аткылап башташты. «Ёлочка» деп койчубуз, алдыңкы БТР же БМП алды жакты караса, экинчиси солго, үчүнчүсү оңго карап согушка даярданат. Бир убакта катуу үн чыгып, узун чоктой болуп жарылганы эсимде, башкасы эсимде жок. Көрсө, гранатомёттун огу мен бараткан БМПга тийип, оозу-мурдум канап, эсимди жоготуп коюпмун. Эки жоокер мени күйүп жаткан БМПнын ичинен алып чыккандан кийин андагы болгон снаряддар жарылып, оор делинген машина 60 метрге учуп жатпайбы.
Дагы бир жолу ошондой эле буктурмага кабылып, 9 жоокерим менен жардам келгиче коргонуп турганбыз. Ошондо биз көптөгөн душмандарды жок кылып, мен эле ондон ашуун кишини өлтүрүптүрмүн. Ооганстандагы эмгектерим үчүн «Эрдик үчүн» ордени менен сыйлангам.

 Кыстарылган видео 
Ооган согушун эскерип...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан