АЖЫРАШУУ АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН ТРАГЕДИЯСЫБЫ?

Окурмандардын көбү болбосо да, азы бул сөз менен тааныш болушу мүмкүн. "Мен "ажырашуу" деген сөз менен тааныш эмесмин" дегендер болсо, куттуктайм, ылайым сизден бул сөз алыс болсун! Таластан бери келип, кеңсебиздин босогосун аттап, арманын айткан Нарбүбү айым болбосо, балким, бул маселеге кайрылбайт белек? Анда, алгач сөз каарманымда.

"АЖЫРАШУУДАН КАТУУ ИЛДЕТКЕ КАБЫЛДЫМ"
– Мен башкалардай болуп датымды айтып, күйөөмдү жамандагым келбейт. Болгону, ажырашуу адамга канчалык оор экенин, анын аркасында ден соолук бузулуп калышы мүмкүндүгүн айткым келди. Учурда Бишкекке дарыланганы келдим, оорумдун атын айткым келбейт. Болбогон нерседен эле күйөөм экөөбүз урушуп кетип, мен төркүнүмө кетип калдым. Артымдан келеби десем, негедир келбеди.
Бир ай ал жакта жашап жүрүп, Талас шаарына иштерим менен барып калсам, жолдун кайрылышынан күйөөм чыгып калды. «Мен ажырашууга сотко арыз бердим. Баланчанчы күнү сот!» деп басып кетти. Үйгө келип сулк куладым. Бир жума тамак да ичпей, сөз да сүйлөй албай жата бердим. Ажырашкан бир менби деңизчи, бирок менин канча жылдан бери курган шаарым, үмүтүм, тилегим кыйылбадыбы... Мен ким үчүн далбастап, ким үчүн барга, жокко чыдап келдим? Менин кунум, менин баам ошол сотко арыз болгон бир кагаз барак беле?..
Кыргызда бир нерсе бар, мындайда эрди-катын гана ажырашпай, тууган-уругу да кошо ажырашат. Эки тарап болуп кырылышып жаткан төркүнүм менен кайын журтумду токтото албадым. Эч кимисине мендей оор болгон жок. Эч бирин менин жүрөгүм канап жатканы, менин жардын кырында турганым, эмне сезип жатканым кызыктырбады. Үй талаш, мүлк талаш, намыс талаш... Акыры катуу илдетке чалдыктым.
Күйөөм ажырашкандан кийин Орусияга кетип калды. Баары мени жубатышты, өтүп кетерин, кайрадан жаңы турмуш баштаарымды айтышты. Кызык, адамга бардыгын талкалап туруп, кайра куруу кызыкпы? Элдей болуп жаңы турмуш баштап кете албадым. Кимдир бирөө мендеги жакшы нерселерди ат тиш менен сууруп салгандай. Ушундай абалдамын.
Азыркы заманда ажырашкандар көп. Мага кызыгы, ошонун баары ушул азап жол менен өтүп, анан жашап кетишеби? Ажырашуунун азабы аяктайбы?

МУСУЛМАНЧЫЛЫКТА ЖАНА КЫРГЫЗЧЫЛЫКТА...
Ажырашууну дүйнө эли «коомдун трагедиясы» деп атап, ага каршы үй-бүлөнү сактап калуу үчүн тренингдерди жүргүзүп келишет. Бирок азырынча майнап аз. Жогорудагы айымдын тагдырын уккандан кийин мага ой келди. Азыр көп кездешип жаткан ажырашуу кыргыздарга кайдан келди? Цивилизация менен кошо келген бул илдеттен арылыш үчүн кайрадан өзүбүздүн түбүбүзгө, тарыхыбызга кайтсак кандай болмок?

Тарыхчы РЫСКУЛ ЖОЛДОШЕВ «кыргыздарда мурун ажырашуу кандай болгон?» деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:
– Ажырашуу болгон, бирок өтө аз. Көчмөн элдин мүнөзүнө ылайык, аялдар күйөөгө баш ийишкен. Патриархалдык доор эле да. Эгерде ажырашуу демилгеси эркектен чыкса, ал аялды өзүнүн багуусунда калтырып, бирок ага эч качан барган эмес. Башка аял алып, нике жаңыртып жашаган. Мындай аялдарды кыргызда «салбар аял» деп коёт. Кээде, тескерисинче, жүүнү бош күйөөсүн чанып, качып кеткен аялдар болгон. Мисалы, Курманжан датка энебиз. Анан да "биз ажыраштык" деп эле экөө эки тарапка басып кеткен эмес. Аларды аял жактан 3 бий, күйөө жактан 3 бий, калыс бир бий чогулуп туруп таразалап ажыраштырышчу.
Тарыхчы агайдын сөзүнөн кийин мусулманчылыкка да кайрылгым келди. Шариат боюнча ажырашууга жубайлардын экөөнүн тең укугу бар делинет. Хадистердин биринде «Алла Таала эң жаман көргөн адал иштердин бири – ажырашуу» деп жазылган. Көпчүлүк учурда талакты эркек киши берет, бирок жашоого көңүлү жок болсо, аял эркектен бошотуп коюусун суранганга укугу бар. Бирок эч себеби жок ажырашууга шариатта тыюу салынат. Ажырашууда кайра жарашуу үчүн мөөнөт берилет. Аны «идда мөөнөтү» дешет. Бул учурда жубайлар элдешип калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ЖУБАЙЛАРДАГЫ КООПТУУ МЕЗГИЛ
Эмнеге ажырашуу азыркы заманда көп? Психологдор жубайлардын ажырашуусуна бирге жашаган жылдар таасир берерин айтышат. Изилдөөлөргө таянсак, үйлөнгөндүн биринчи жылында түгөйлөр ажырашышы азыраак болот. Анын себеби жөпжөнөкөй, «сүйүүнүн кемеси али тиричиликке кабылып, талкалана элек кез» болот.
Баш кошкон жылы ажырашкандар – 3,6 пайыз;
1-2 жылга чейин жашап ажырашкандар – 16 пайыз;
3-4 жыл жашап ажырашкандар – 18 пайыз;
5-9 жыл жашап ажырашкандар – 28 пайыз;
10-19 жыл жашап ажырашкандар – 22 пайыз;
20 жылдан ашуун – 10 пайыз.
5тен 9 жылга чейин жашаган учур түгөйлөр үчүн өтө кооптуу мезгил дешет. Анткени бул учурда экөө тең энергиясы ашып, жаңы сезимдерди, балким, башкача жашоону каалашат. Көп жыл чогуу жашашса, ошончо жакын болуп, түгөйлөрдүн кармашкан колдору бекемделет.
Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча да ой жүгүртүп көрөлү. 1990-жылы үйлөнгөндөрдүн саны Кыргызстан боюнча 43 515, ошол жылы ажырашуунун саны 7 829 болгон. Андан кийин 1992-93-жылдардан баштап баш кошкондордун саны 2 эсеге азайып кеткен. Мисалы, 1996-жылы республика боюнча 25 726 түгөй баш кошуп, ажырашуулардын саны 6 216га жеткен. Таң калычтуусу, ажырашкандардын саны мурункуга салыштырмалуу азайган эмес.
Албетте, бул жылдары өлкөбүздүн экономикалык абалы таасир берген көрүнөт. Ушундай темп менен 2006-жылга чейин келген экенбиз. Ал эми кубанарлык көрүнүш, жакынкы жылдары тойлордун саны өскөн. 2012-жылы 45 496 түгөй кол кармашып, ажырашуунун саны
7 307ни түзгөн.
Окурман, «чымчыктын да уясы бузулбасын» дечү бир кезде чоң энем. Ар бир адам "ажырашуу" деген сөздүн аркасында эмне жатканын билсе, ал кадамга эч качан барбайт деп ишенем.

Психологдун кеңеши
АЖЫРАШУУ АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН ТРАГЕДИЯСЫБЫ?
«Ооба, ажыраштык» деп түгөйлөр эч кандай проблемасы жок экөө эки тарапка басып кетпейт эмеспи. Узакка созулган депрессиядан ден соолук да жабыркашы мүмкүн. Андыктан «ажырашкандан кийин кантип андан ары жашоону улап кетиш керек?» деген суроо менен психологго кайрылдык. Бул соболго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Түгөйлөр ажырашканда жалгыздык коркунучу туулат. Көпчүлүк учурда айымдар «эмне кылам, кантип жашайм?» деп кабатыр боло баштайт. Ал эми эркектерде көнүп калган турмушу (психологияда «зона комфорта» деп аталат) бузулуп, өздөрүн жаман сезишет. Негизинен, адамдарды эки типке бөлсө болот. Бул мүнөзүнө жана кандай жагдайда ажырашканына карата бөлүнөт. Бири ажырашкан соң «чоң бир жүктөн кутулдум, жаңыча турмушумду баштайм» десе, экинчилери ички жан дүйнөсүндө чечилбеген (коркуу сезимдер, таарыныч, кек, өзүнө-өзү ишенбестик) маселелерге камалат. Өз жашоосуна болгон жоопкерчилигин да жоготот, депрессияга учурап, кыйналат. Экинчи типке киргендерге, албетте, жардам керек.
Жашоого болгон көз карашты оңдоп, позитивдүү жакка буруп, "болор иш болду, мен аны артка кайрый албайм" деп, жаңы максат менен алдыга жылышыңыз керек. Анткени адам жашоосунун сценарийин өзү гана жазып, ага автор боло алат. Жакшы ойлорду ойлоо турмушуңузду жакшы жагына буруу үчүн жасаган биринчи кадамыңыз болмокчу. Кейип-кепчип, өзүңүз ойлоп таап алган «курмандык» ролунан чыга албасаңыз, жашоого болгон үмүт өчөт. Өткөнгө өкүнүп, кабатырланып, энергияңызды корото берсеңиз, келечекке күч калбай калат. Баары жакшы болот деген ишенимди жан дүйнөңүзгө орнотуп, үмүт менен алга кадам таштаңыз.
Ажырашкандан депрессия болбогон адамдар жок. Бирок чыгуу үчүн бир топ эрежени колдонсоңуз болот.

  • Көп кыймылдаңыз. Жатып алуу ого бетер чүнчүтөт.
  • Массаж, физикалык көнүгүүлөр менен машыгып, йога, бий бийлөө, музыка менен алектенсеңиз болот.
  • Жаратылыш койнунда да жан дүйнө гармонияга келет. Тоого, токойго, суу жээгине туруп ар бир ирмемден ырахат алганга аракет кылыңыз.
  • Катуу кыйналып турганда терең-терең 5-6 жолу дем алыңыз. Каныңыз кычкылтек менен камсыздалып, жеңилдеп каласыз.
  • Ичте айта албай калган таарыныч, ачууну кагазга жазып, болгон окуядан келечекте эмне сабак алса болорун ойлоп, ыраазычылык билдирип, өрттөп жибериңиз. Бул менен жан дүйнөдөгү кир энергияны кагазга өткөрүп, жок кыла аласыз.
  • Баштан өткөн кыйынчылыктарды кезиккен эле адамга айта бербеңиз жана өзүңүз гана бул жагдайдан чыгарыңызга ишенип коюңуз. Окуяны кайра эстөө жаңыдан карттанып бараткан жараны чукугандыкка барабар.
  • Эң негизгиси, өзүңүздү да, мурдагы жубайыңызды да күнөөлөбөңүз. Эгерде нике ажырашууга чейин келсе, демек, ал башынан жаңылыш тандоо болгон.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЕРЕК?

Жамийла Токтогулова, Ысык-Көл облусу:
– Учурда экинин бири эле ажырашып жатышат. Буга жаштардын жеңил ойлуулугу себеп болууда деп ойлойм. Үй-бүлөнү бекем сактап калуу үчүн балдарга башынан жакшы тарбия берүү зарыл. Ошол пайдубал болот.

Элкасым Чоюбеков, Жалал-Абад облусу:
– Үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн эки тараптан тең аракет күчтүү болушу керек. Мырзалар үйдөгү бардык шартты түзүү менен биргеликте турмушка тың болуусу шарт. Жубайлардын ич ара түшүнүүсү, сый-урматы дагы чоң роль ойнойт.

Венера Назаралиева, Ош облусу:
– Жубайлар бири-бирине ишениш керек. Жакшы учурда да, жаман учурда да ачууга алдырбай, болбогон нерсеге чыр чыгара бербей, сабырдуу болгонго аракет кылуу зарыл. Көп учурда сабырдуулук үй-бүлөнү сактап калат.

Гүлнара Дыйканова, Баткен облусу:
– Азыр ажырашуунун саны көбөйдү. Үй-бүлө коломтосун сактоо үчүн жубайлар бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылуусу абзел. Кээ бир учурларда ата-эненин айынан да ажырашып кеткен учурлар болот. Негизи эле үй-бүлөдө ынтымак, биримдик керек.

Урия Исмаилбекова, Нарын облусу:
– Жубайлардын биринин тилин бири таап, турмуштун оош-кыйышында бири-бирине жөлөк болгондору жакшы. Азыркы жаштардын чыдамы жок, талаптары күчтүү, бир аз иштери оңунан чыкпай калса, чыр-чатак башталат.

Адилет Момуналиев, Нарын облусу:
– Азыр уруштун баары эле ичкилик ичкенден келип чыгат. Үй-бүлөнүн башчысы катары эркек киши бардык муктаждыктарды камсыз кылыш керек. Үй-бүлөнүн бузулушун жөнгө салып коюш эркек кишинин колунда.

Зина Акматова, Талас облусу:
– Үй-бүлөнү сактап калуу жубайлардын экөөнөн тең көз каранды. Азыр жаштар ичкилик ичмей, көзүнө чөп салмай сыяктуу нерселердин айынан көп ажырашып жатышат. Ыйман үй-бүлөнү сактап калат.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ажырашуу - коомдун трагедиясы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kadam
2013-02-18 10:35:12
Ажырашуу - тагдырдын сыноосу, өмүрүңдүң жаңы барагы.Ажырашуудан кийин депрессия сөзсүз болбой койбойт.Уйку качат, жашоо кызыксыз болуп калат бирок, мунун баары буюрса өтүп кетчү нерсе. Ичкилик ичпей,Өзүңдү алаксыт, балдарыңды ойло. Баардыгын убакыт дарылайт. Көп убакыттан соң, эмнеге эле аны ойлоп кыйнала бердим экен деп, кайра өзүңдү жемелей турган учур да ке
0
kadam
2013-02-18 10:40:00
Аялдын чырагы кырк деп бекеринен айтышкан эмес.
сен соолуп эч кимден өч ала албайсың, андан көрө башты көтөр, талыкпай адал иште, ошентип жеңесиң!Тагдырдын ачкычы өз колуңда.
Жашоо керемет, ал кереметтин ээси -өзүн экенин унутпа!
+1
fariuri
2013-02-19 17:56:34
kadam, Туптуура айтасыз)
0
aiza11.3
2013-02-18 10:48:39
ажырашкан кандай жаман.Леопольд айтмакчы,ребята давайте жить дружно
0
mira.
2013-02-18 14:16:53
Ажырашуу ото-кыйын жана таатал нерсе,балдарды ойлойсун,басып кете албайт экенсин,бул жерден ким утатат убактылуу эч ким билбейт,ошол себептен ойлонуп журо бересин,эмне кылсам туура болот деп.
0
istina
2013-02-18 17:03:45
Ажырашуунун себеби толтура да,анын устундо психологдор жетишсиз эмеспи.Эки тарапта тен куноо болот,бир тарапка эле ишене бербеш керек.Аялдын колуна ай ааламдын ачкычы берилген тушунгон кишиге,биз жаркылдап,куйоону баалап,жылуу создорубузду аябай,кадырын которуп ата энесин оз ата энебиздей коруп турсак эле алар дагы бизди колуна которот эмеспи.Ал гана эмес ичип эле арсылдабай жаркырап тосуп акыл менен акырын ичкилигин койдурса болот.Кобунчо аялдар куйоосуно баласындай мамиле кылышат
0
istina
2013-02-18 17:06:39
ичип келсе арсылдабай жаркырап тосуп,акыл м-н акырын ичкилигин койдурса болот.Эркек озун эркек,адам сезиш керек уйундо,озгочо аялдын жанында.А эркектерге акыл айта турган мырзалар да бардыр арабызда..достор???
0
tea23
2013-02-18 19:49:55
istina, erkektigin ichkilik menen korsotush kerekpi anda. toobo! jyluu soz jana jakshy mamile menen korsotush kerek. ayal ayban emes da tuhunot jakshylykty
0
tea23
2013-02-18 19:56:43
ushu jindi suunu toktotpoy turgan bolduk da ozu. kayerge barba toobo ayalyn tokmoktop atkany atkan bizdin erkek janduunun kopchulugu. baikush ayaldar alar dele biroonun chyraktay bakkan kyzy go akyry. je kuyoodon chygyp keliptir dep ech kim albasa anday ayaldy. anan da emnege kyzdar chet jakka turmushka chygyp atysht deshet, alar kachyp atyshat da. 19... % ajyrashuu ichkilikten degenge tan kaldym, andan da koburook bolso kerek.
0
Bayan1982
2013-02-19 04:08:18
Кудай туболугунду бир кылбаса мин жолу уй булоонду сактап калам десен да ажырашып кетесин.Баары Алланын буйругу менен.Кээ бири бала учун гана бири-бирине конулу жок кун кечирип келет.
0
kadam
2013-02-19 19:31:43
Ажырашуу деген балакеттин дагы бир себептеринин бири -коомубуздагы үй-бүлө баалуулуктарынын жоголуп баратканында. Эркек - аял күнөөлү деп бөлгөн болбогон нерсе. "Үй-бүлө ыйык очок"деген ураанды жайылтып, элге сиңиртиш керек. Казактар "Отбасым" деп кандай баалашат, ошолордун деңгээлинен ашып түшүш керек. Буга коомчулук жапырт киришсек, ТВ, ММКлардан үлгүлүү үй-бүл&#
0
kadam
2013-02-19 19:34:22
ТВ,ММКлардан үлгүлүү үй-бүлөлөрдү даңазалап, жаштар таасир алгыдай статья,берүүлөрдү,уюштурсак абал жеңилдей түшмөк.
0
shirin27
2013-02-24 23:39:04
kuranda aytilganday ele jirkenichtuu erkekke jiyirkenichtuu ayal, jiyirkenichtuu ayalga jiyirkenichtuu erkek. ushul sozdon tushunso bolot kunoo 2 tarapta ten bolot anan tarazalp korup chechim chigaruu kerek. albette ajirashuu en jaman nerse ,
0
Anur
2018-02-05 15:54:49
Аллахым баарыбызга бакыт берсин!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан