Экран алдындагы миңдеген көрөрманды жаңылыктар менен кабардар кылып, жагымдуу жылмайган дикторлорубуздун жеке жашоосу кимди гана кызыктырбайт. Алардын бири – КТРКнын диктору, коңур үндүү Кыял Шаршеева.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Балтабай айылы
Туулган жылы – 1982-жыл, 25-июнь
Баалаган дикторлору – Тамара Алсеитова, Тамара Джаманбаева, Гүлшан Молдоева
Кызыкканы – Тил үйрөнүү (англис, түрк, араб тилдерин үйрөнүүдө)
Корккону – Кудай
Бою – 167 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси
Жетишкендиги – "КТРКнын отличниги", "2012-жылдын мыкты алпаруучусу" деген сыйлыктары жана башкалар
– Саламатсызбы, Кыял, куш келипсиз! Алгачкы суроону сиздин дикторлук кесипке болгон кызыгууңуз туурасында берсем...
– Салам, рахмат. Кичинемде башкарууга жөндөмдүү, тың кыз болчумун. Бир да суроону жоопсуз калтырбай, тыкылдап мугалимдерим менен да, өзүмдөн улуулар менен да айтыша берчүмүн. Агам көчөдө достору менен жүрсө «эмне жүрөсүң көчөдө тентип, апама айтам» деп уят кылар элем. Апам мени «сен чоңойгондо сот болосуң го, бул турушуң менен» дечү. Мектепте өткөн концерт-кечелерди алпарган активист окуучулардан элем. Дикциям, сүйлөө речим ошол убакта эле калыптанып калса керек деп ойлойм.
– Айтсаңыз, кантип телевидениеге келип калгансыз?
– Чыгармачылыгымды ыйык каналдын босогосун аттап баштагам. Жолдошум драматург Кайрат Иманалиев экөөбүз баш кошкондон кийин студент кезимдеги кечелерди алпарган сүрөттөрүмдөн менин алпаруучулукка болгон жөндөмүмдү баамдаптыр. Анан «КТРКга барып көрбөйсүңбү» деп сунуш кылды. Барганда «дикцияң жакшы экен» деп мени жумушка алышты. Андан эки жума өтпөй штаттан тышкары иштесем да, түз эфирге чыга баштагам. Бул тармакта иштегениме быйыл 9 жыл болду. «Жаңылыктарда», «Заманада», «Ала-Тоодо» иштедим, аны менен катар илимий ишимди жактап, педагогдук кесипти да аркалап, университетте сабак берип келем. Анткени дикторлук кесип түбөлүктүү эмес.
– Диктор болуп канча жашка чейин иштесе болот?
– Телевидение эркектер сыяктуу, ал сулуулукту жана жаштыкты талап кылат. Жашың өткөн сайын сенин ордуңду басуучу таланттуу жаштар келишет, аларга орун бошотуш керек дегендей. Суфлёрдогу даяр текстти окуп коюп куурчактай болуп эле отурсаң, анда дикторлук карьераңдын өмүрү кыска болот. Ага чейин автордук берүүлөрдү ачып, өзүңдүн башка жаатта да алпаруучулук дареметиңди көрсөтсөң, ошондо көбүрөөк кармалып калышың мүмкүн. 50-55 жашка чыкканда телевидение өзү эле сени дикторлуктан сүрүп чыгарып коёт.
– Диктор болуу үчүн сулуулук менен эле үн керекпи?
– Жок, андай эмес. Мисалы, мен өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Жумушка жаңы келгенде ойлочумун, текстти такалбай, шар окусам эле болду деп. Логикалык басым, пауза дегендерден такыр түшүнүгүм жок болчу. Бизге кирпик-кашы төгүлгөн, мөлтүрөгөн, жөндөмдүү, сулуу кыздар келишет. Бирок баары иштеп кете албайт, анткени айрымдарынын көрөрмандарды өзүнө тартуучу «обаяниеси» жок же «телегеничный» болбой калышат. Кээ бири сүрдөшөт. Мисалы, мен азыркыга чейин сүрдөйм, ар бир эфирдин өзүнчө бир сүрү болот. Бир жолу эфирге беш мүнөт калганда жаңы тарбиялап жаткан окуучубуз «жок, мен чыкпайм түз эфирге» деп баш тартып койду. Мен анын ордуна чыгам деп чуркап барып костюмумду чала-була кийип эле эфирге чыгып, аптыгып сүйлөй албай калдым. Айтор, кээде кечигип чуркап келип да ушундай абалга тушугуп калам.
– Өзүңүздүн дарегиңизге кандай сындарды угуп каласыз?
– Мен көбүнчө улуу, профессионал агайлардын сындарын угуп, өзүмдү түзөгөнгө аракет кылам. Ал эми калгандарыныкын жөндүү сын болбосо этибарга деле албайм. Кээ бири үйгө чейин коңгуроо кылышып, «сен эфирде мындай сүйлөп койдуң, тигиндей сүйлөп койдуң» деп айтып калышат.
– «Атаандаштык бар жерде өсүү болот» деп коюшат, сиздерде башка телеканалдын дикторлору менен атаандашуу барбы?
– Кандай десем, биз башка телеканалдардын дикторлорун теңибизге албагандыктанбы, айтор, аларга болгон атаандашуу деле жок. КТРКда дикторлор ортосунда ыйкы-тыйкылар болуп турат (күлүп).
– Жолдошуңуз Кайрат менен кантип таанышып калгансыз?
– Жолдошум мени ала качып алган. Ушул теманы ал анча жактыра бербейт. Мен көп эле жолу болгонун болгондой айтып коём да. Экөөбүз Караколдо бир мектепте окуганбыз. Ал менден 5 жаш улуу. Кайрат бизден жогорку класста окугандыктан, кээде мугалимдердин ордуна бизге сабак берип калчу. Мен ага агайымдай эле мамиле жасачумун. Окуумду аяктап, диссертациямды жазып, аны менен кошо Илимдер академиясында иштедим. Китеп издеп жүрүп Кайратка жолугуп калгам. Ал ошол кезде эле мени байкап жүргөн экен. Анан бир күнү ала качып кетти. Баратканда ызы-чуу кылып, чаң салган деле жокмун. Мындайча айтканда, маданияттуу чыр салыпмын да, азыр ойлосом. Жаныбызда ырчы, төкмө акын Майра Керим кызы эжекебиз бар эле. Ал менин жан дүйнөмдү аңтарган сөздөрүн айтып, «Кайратка турмушка чыксаң өкүнбөйсүң» деп жол бою жубатып келген. Чынында эле өкүнгөн жокмун. Мен көп ийгиликтерге турмушка чыккандан кийин жетиштим.
– Экөөңүздөрдүн кеч балалуу болгонуңуздар жөнүндө да окуп калганым бар эле...
– Ооба, мен 22 жашымда турмушка чыгып, 28 жашымда кыздуу болдум. Биринчим боюмдан түшүп калган болчу, ошондон кийин карьерамды түптөп алайын деп жүрө бериптирмин. Бирок бир да жолу жолдошум же кайын журтум мындай-тигиндей деп кеп кылышкан эмес. Азыр ойлоп калам, 31 жашка чейин көп эле төрөп алсам болмок экен деп. Анткени бул кезге чейин 3-4 балалуу болуп калмакмын. Карьера деп жүрүп элге таанылып, тажрыйба топтогонум эле болбосо, пайда деле тапкан жокмун. Буюрса, үчтөн кем эмес балалуу болгум келет. Учурда кызым Айтаажы 3 жашта. Атасы айтып калат, «кызым төрөлгүчө сен үйдүн ханбийкеси болсоң, азыр Айтаажы сенин ордуңду басты» деп.
– Үй-бүлөдө сөзсүз казан-аяк кагышат эмеспи, жолдошуңуз менен кер-мур айтышып калган күндөр болобу?
– Кайрат токтоо, абдан түшүнүктүү адам. Өзү да ажы болгондуктан, андай нерселерге жол бербейт. Биз шарияттын мыйзамы менен жашайбыз. Бирок жаңы келин болуп келгенде жолдошумдун көзүнө тике карай албай, бир топко чейин агай деп чакырчумун. Азыр өз атынан айтып, айрым үй-бүлөлүк маселелерди чогуу кеңешип чечебиз. Кээде айтышып калсам, «жаңы келгенде ыймандуу элең, кана, ошол кыздан азыр эч нерсе жок» деп чымчып сүйлөп калат.
– Телевидениеде иштеген кыздарга көз арткан саясатчы, бизнесмендер көп болот эмеспи. Айрым тележүздөр белгилүү бизнесмендерге мамилелеш, көңүлдөш, экинчи же үчүнчү аялы болуп турмушка чыгып алганын билебиз. Сиздин бул көрүнүшкө көз карашыңыз?
– Бул көрүнүшкө көбү терс көз карашта, бирок мен ал кыздарды айыптагым келбейт. Тескерисинче, андай мырзалар кыздардын сообуна калып жатат деп ойлойм. Бирок "бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың" деген сөз бар го... Эгер бага алса, баарын камсыз кылса, эмне үчүн болбосун? Ал эми колуна кичине акча тийсе эле эки-үчтөн аял алып, бага албай, ара жолго таштап салгандарга каршымын.
– Маегиңизге чоң рахмат.
Лунара Бекиева
star@super.kg