БЫЙЫЛКЫ «ЖАЗ» МЕЗГИЛИНЕН ЭРТЕ КЕЛДИ

"АТА МЕКЕН" МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ
Алты айдан бери аягы тыйылчудай көрүнбөгөн Апрель революциясындагы талап-тоноочулук маселеси бизге «жазды» мезгилинен мурда алып келди. Массалык митингдер демейде көктөмдө башталчу эле, бул сапар «ата мекенчилердин» жактоочулары февралдын суугуна карабай 13-февраль күнү «Ала-Тоо» аянтына топтолушуп, чоң митинг өткөрүштү. Митингде партиянын лидерине жана депутаттарына коюлган каралоону токтотуу, тарыхты бурмалабай калтыруу талап кылынды. Бул аралыкта ЖКда 2010-жылы Апрель окуясында Бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдү талап-тоноого «Ата Мекендин» депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар-жоктугу боюнча маселе каралып жаткан.
Бир эле окуянын баяндоосун депутаттар кеминде жүз вариантта угушту. Акырында «кимиңердики чын, кимиңердики калп?» деп баш чайкап отуруп калышты. Мындан көрө трибунанын ордуна калп тапкыч детекторду орнотуп коюшса, балким, баш оорутмайдан оңоюраак кутулушат беле?..

ШЫЛУУНДУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАРЫП АЛЫШТЫ
Парламентте кызуу талкууланган маселе кимден улам күч алганын билебиз. Тилинен чаң чыккан Абдулла Юсупов аттуу шылуун түрмөдө отуруп алып телеканалдардын бирине «төрт депутат менен талап-тоноо иштерине катышкам» деп саймедиреген. Ошондон бери парламентте тынчтык, депутаттарда уйку жок. Күдүктүү бир адамдын сөзүнө таянып, ишенип, парламенттик трибунадан кесиптештерине доо койгондор көп болду. Алар түрмөдө отурган, баскан-турганы, сүйлөгөнү, өмүр-баяны күмөндүү адамды улам ооз көптүрө айтып отурушуп, республикалык деңгээлге чыгарып алышты. Бул эргул катуу эргип кеткен маалында Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкуловду да "мародёр" атап ийген. Дагы жакшы, учурдагы министр Алымкуловдун ишенимдүү алибиси бар эле. Апрель окуясында кан төккөн бул мырза талап-тоноочулук маалында ажал менен алышып ооруканада жатканын жалпы коомчулук билбесе, бул баатырды да кайдагы бир шылуундун кебине таянып комиссиядан комиссияга, соттон-сотко сүйрөп кыйнамак окшойбуз.
Абактагы адамдын айткан сөзүнө таянып комиссия да түзүштү. Анын төрагасы Курманбек Осмонов кыргыз тилинде да, орус тилинде да, оозеки да, жазуу түрүндө да «талап-тоноо иштерине Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин тиешеси жок» деп бүтүм чыгарды. Ал эми Башкы прокуратура менен ИИМ буга чейин айтылган дооматтардын бири да далил таппаганын билдирген.
Парламенттин трибунасынан абдан олуттуу, акылдуу түр көрсөтө, кайдагы бир шылуунга таянуу менен "Ата Мекенди" сындап жаткан айрым депутаттарга суроо бергибиз келет. Урматтуулар, өзүн президенттик тактыга алып келген элине каршы ок аттырып, туулуп-өскөн жерин канга бөлөгөндөргө каршы эмне мынча кызуу сын айтпайсыздар? Үлкөн кызматтагы кишилерге чейин өлтүртүп, өрттөтүп, жерин, кенин саткандарды эмнеге ушундай жулунуу менен сындабайсыздар? Элдин эсебинен миллиондорду кымырып алып, силердин катарыңардан жылуу-жумшак орун алган коллегаларыңарды соттоого келгенде эмне мынча активдүүлүк көрсөтпөйсүздөр? Кыргызстанды бүгүнкү кейипке жеткиргендерди, анын урпактарына чейин кенен жетер кенин болор-болбос акчага пулдап ийгендерди эмнеге ушундай жулунуу, ушундай кызуу кандуулук менен сындабайсыздар? Эмнеге аларды ушундай жулунуу менен соттоп, жазалап, мамлекеттен уурдап алган каражаттарын кайтарууну талап кылбайсыздар? Эмне үчүн кыргыз калкын ушундай зомбулуктан бошотууга жан үрөп аракет кылган партияга шойкомдуу бирөөнүн айтуусу боюнча эле жабышып, аларды боктоп-сындап жатып калдыңыздар? Саясат дегениң ушундай балит экен, кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн көз көрүнөө эле акты кара кылып көрсөтүп салыштары мүмкүн.
Жыйын соңунда депутаттар тиешелүү комиссия, Башкы прокуратура жана ИИМдин маалыматын кабыл алган токтомду токушту. Токтом укук коргоо органдарына жөнөтүлүп, үч ай ичинде Башкы прокуратура парламентке иликтөөнүн жыйынтыгын тааныштырмай болду.

БИР ТУУГАН БАКИЕВДЕР СЫРТЫНАН СОТТОЛДУ       
Президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркуловдун киши колдуу өлүмү боюнча Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Бакиевдер колго түшүрүлбөгөнүнөн улам Бишкек гарнизонунун аскердик соту аларды сырттан соттоду. Алардын үй-мүлкү конфискациялана турган болду. Айтмакчы, Жаныш Бакиев «генерал-лейтенант» деген аскердик наамынан да айрылды. Соттолгон ага-ини Бакиевдер Александр Лукашенконун калкалоосу менен Беларуста күн көрүп келишет. Ал эми Улуу Британияда кармалган Максим Бакиевдин кылмыш ишин кароо 13-майга калтырылган.   
Ошентип, Медет Садыркуловдун ишине да чекит коюлгансыды. Буга чейин бул кылмыш ишинде айыпталган жетөөнүн бешөөсү 5тен 18 жылга чейин эркинен ажыратылса, калган экөө амнистия менен бошотулган.

ДЕПУТАТТАР АЙЛЫКТАРЫН ЖАШЫРУУГА ӨТТҮ
Жогорку Сот депутаттардын айлыгын элге ачык жарыялабоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу депутат Бөдөш Мамырова: «Биз жарандык коомдун алдында өз айлыгыбыз тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү эмеспиз. Учурдагы Конституция иштелип жатканда Төлөйкан Исмаилова менен Динара Ошурахунова кайда жүрдү эле? Ошондо андай талапты киргизүү керек болчу»,- деди.
Эске салсак, «Жарандар коррупцияга каршы күрөшүү» коомдук уюму Бишкектин райондор аралык сотуна "Жогорку Кеңеш депутаттардын айлык акылары боюнча  коомчулукка ачык маалымат берип турсун" деп арыз жазган. Өткөн жылы аталган сот аны канааттандырган чечим чыгарганда парламент апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот апелляциялык арызды канааттандырган эмес. Бирок үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Жогорку Сот буга чейинки соттордун чечимин жокко чыгарды жана "депутаттардын айлык акысы сыр катары сакталат" деген чечимин жарыялады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Mambo87kg
2013-02-18 21:21:30
Эх...Кыргызстандын онолуп кетишинен жоголуп кетиши анык болуп калды.
Баса,жаз келди демекчи,быйыл да бир кан тогулуп хан алмашчудай корунот
0
elka88
2013-02-18 22:09:16
айлыктарын неге жашырат.120 депутатты багып жатабыз.алардын жардамчы персалдары менен кошкондо 2000минге жетет 5мил кыргыз элиме анча депутаттын кереги жок.
0
sauleshka
2013-02-19 00:41:22
Malchy kop bolso, mal aram olot.Kyrgyz degen,elim degen deputat jok bizde.Oshol deputattardyn barynan jogu.
+1
altinim
2013-02-19 00:56:26
ушу Ата Мекен, Апа Мекен, Ата Журт, Эне Журт, Замандаш, Кылымдаш , Жашылдар Коктор ээув туугандар 120партия, быжыраган депутат 5 млн кыргыз учун коп эмеспи? Бир континент милиард америкалыктар 2эле партия мн олбой нетпей эле жашап атышатко. Неге мынча айкол калкпыз. Жадатышты ушу саясатчылар кеткилечи аай
+1
aizish
2013-02-19 07:44:18
Озу ушу парламенттик система жакпайт кийин былыктары ачылганда кимди куноолой аласын президент чыгат депутаттар билет деп,ал эми депуттар бириникин бири чукубайт анткени баары былык. Таза адам болгондо кучу жетпей камалат эптеп куно мойнуна илип. Озу 24-март таза чыныгы тонкоруш болгон. Бакиевтер Садыркуловду олтурду ж.б кылмыштары учун жооп бериш керек. Ал эми сексен баланын олумуно туз-туз кунолору барлар чадап бийликте журбойбу алардын канынан коркпой эле.Чындык ачыла турган кун келет буйруса
+1
Nakinai
2013-02-19 14:58:34
Озу ушул депутаттар саны бар сапаты жок, калпеле мамлекеттин эсебинен текинге жашап журушот, элге бир тыйынчалык да кереги тийбейт, аларды азайтыш керек да.
0
Zverchik
2013-02-19 15:57:11
Мен ошол жыйынды толук кордум Рысалиев чындыкты айтты мен ошол кишиге баа бердим Текебаев болбогон нерселерди айтып актанжыго ошо жерде. акыры акыйкат чечим чыкпашына козу жеткен оппозиция залдан оюн ачык айтып чыгып кетишти. Бакир уулуда чыгып кетти залдан себеби адилеттуулук болушуна козу жетпеди
0
daka
2013-02-19 19:03:56
негизи рысалиев чыныгы жигит
0
Voin.teni
2013-02-20 01:54:07
Бодош Мамырова эмне дейт? Милдеттуу эмеспиз деп тимеле, милдеттуусунор эле! Милдеттуу эмесмин деп барып африкага айтасынар(жок дегенде алардан карызынар жок болсо керек). А кыргыз эли силерди шайладыбы(балким шайлаган да эмес) демек силер милдеттуусунор не только айлыгынарды а бардык кадамынарды айтып турганга милдеттуусунор!
+1
nargiza89
2013-02-20 18:43:34
Кыргызстан онолбойт и онолгон да эмес аны биздин чондор ондой да албайт бизден кен байлыктар коп аны колдоно алышпайт
0
Aika2002
2013-02-21 17:31:59
Айрым депутаттарда уят, бет деген нерсе калбаптыр, канчалаган жигиттер коз жумду ошол каргашалуу куну! А булар тинтип, уурдап журушкон тура! Кыныр иш кырк жылда билинет- дейт. Коробуз кимдики чын, кимдики калп! ушинтип эки уч жепутаттардын айынан дагы революция болуп кетчудой сезилет! Деги качан онугобуз?!
0
abu_kg
2013-02-22 01:03:56
ЭЭЭ Кыргыз элимдин атка минерлери, кылымдарды каарыткан кыргыз журтун качан көтөрөсүңөр? качанга чейин минтип мышык чычкан оюнун улантасыңар?
0
Дастан Жаналиев
2013-02-22 12:53:49
++
0
mir_ak.kg
2013-02-23 20:29:03
аттын тезегиндей кочологон депутаттар эч кандай кыргызстанды которо албайт. Ар бири оз комочуно чок тартып жатып туготот да чет олкого качан коендун суротун тартып
0
ernis_07
2013-02-25 01:19:29
жазда даагы башталат дегиле тонкоруш кылыш биздин кыргыздар учун,малды короодон жайытка айдап чыккандай эле болуп калды окшойт тообо.Эртенкини ойлонобу бийликте отургандар жана тонкоруш жасоочулар,жылда жасай берип канча артка кетти эми болсо онбой калат ойлонгула ойлонгула ойлонгула!!!!!!!!!!!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан