Башкы прокуратура 2012-жылдын коррупция иштери боюнча жыйынтыгын тааныштырып, анда айыл өкмөттөрү, мэрия жана акимиаттарда эң көп коррупциялык схемалар катталганын билдирди. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, мамлекетке анын кесепетинен 1 миллиард сомдон ашуун зыян келтирилген. Коррупцияга байланыштуу мэрия менен акимиаттарда 121, ИИМде 69, Мамлекеттик каттоо кызматында 49, Мамлекеттик салык кызматында 40, Билим берүү жана илим министрлигинде 73, Саламаттыкты сактоо министрлигинде 46, Транспорт жана байланыш министрлигине карата 26 кылмыш иши козголгон.
2012-жылы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык мыйзам бузууларды аныктоо жанданганы белгиленет. Мисал катары Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары соңуна чыгып, сотко жөнөтүлгөн. Учурда ЖКнын депутаттары Нурлан Сулайманов жана Элмурат Обдуновдун иштерине иликтөө жүргүзүлүүдө.
Башкы прокуратурага 2012-жылы 31 266 кайрылуу келип түшкөн жана алардын 4917си канааттандырылган.