"Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан 2007-жылдан 2010-жылга чейин 330 кызматкер жумуштан кеткен. Ал эми 2010-жылдан бери канча кызматкердин жумуштан кеткендиги боюнча маалымат жок",- деп аталган кызматтын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, жетекчилердин бат-баттан алмашуусунан кадрлардын сапаты да начарлап кеткен.
УКМКнын алдындагы коомдук байкоочу кеңеш түзүлгөндөн бери үч жетекчи менен иштеди. Жаңы түзүлгөндө Кеңешбек Дүйшөбаев, кийин Шамиль Атаханов келди, андан соң Бейшенбай Жунусов менен иштешип келишүүдө. Ал эми коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Аркадий Гладилов бул тармакты каржылоо эң төмөн экенин белгиледи. "УКМКда иштегендердин айлыгы башка укук коргоо органдарына салыштырмалуу аз. Ага карабастан алар өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жатышат",- деди ал.