Өткөн жылы Кыргызстанда 726 МИТИНГ болуп өткөн, орто эсеп менен бир күнгө эки митинг туура келерин Экономика министрлиги билдирди.
2012-жылы кыргыз мигранттары өлкөгө 1,8 МИЛЛИАРД доллар которушкандыгын Улуттук банк маалымдады.
ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, өткөн жыл ичинде өлкөдө жашы жете элек балдарды зордуктоо боюнча 151 КЫЛМЫШ катталган.
Өткөн аптада Кыргызстанга жалпы суммасы 11 МИЛЛИОН 577 МИҢ 429 СОМДУ түзгөн гуманитардык жардам келгендигин Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 741 БАЛДАР БАКЧАСЫ иштейт.
Бишкектеги №1-СИЗОдо кош бойлуу 2, балдары менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 3 аял бар экендигин акыйкатчы Турсунбек Акун айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөдө 158 КИШИ СПИД оорусунан каза болгон жана алардын 8и жаш балдар.
Былтыр өлкө ичинде 279 ИШКАНА БАНКРОТ болуу жолуна түштү деп Экономика министрлиги билдирди.
Ысык-Көл облусунда 28-январь күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан жарандардын материалдык чыгымы 9 МИЛЛИОН 500 МИҢ СОМДУ түздү.
Кыргызстанда былтыр амбулатордук кызмат көрсөтүү 18 ПАЙЫЗГА кымбаттаган.
Мамлекеттик бажы кызматы бир айда 2 МИЛЛИАРД 60 МИЛЛИОН сом бажы төлөмдөрүн жыйнады.
Февралдын башынан бери кирешелер 2,3 МИЛЛИАРД сомду, чыгашалар болсо 4,4 МИЛЛИАРД сомду түзгөндүгүн Каржы министрлиги кабарлады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ula672112
2013-02-24 09:43:13
эээх... Кыргызстаным артка карай онугуп жатат!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.