Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековго карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Жер жөнүндө мыйзамды бузуу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Текшерүүдө экс-мэр жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу мыйзамсыз токтом даярдоого мэриянын кызматкерлерин мажбурлаганы аныкталган. Ал документти 2010-жылдын 1-ноябрында милиция кызматкерлерине берип койгон. Кадыр-баркын арттыруу амалын ойлогон экс-мэрдин мындай иши документтерди каттатуу учурунда билинип калган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.