«Талап-тоноочулук боюнча» комиссиянын эки тобунун корутундулары добушка коюлган жок. Буга байланыштуу комиссиянын мүчөсү БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВго кайрылдык.
– Комиссия ишин бирге баштап, ортодо эмне үчүн бөлүнүп кетти?
– Курманбек Осмонов баштаган комиссиянын тобу биринчи күндөн бейтараптуулукту сактаган эмес, кандай жол менен болсо да күнөөлөгөн бүтүм чыгарууну максат кылганы байкалып калган. Бул акыры комиссияны экиге бөлдү.
– Тейит маселеси бөлүнүүнүн башаты болуп калды окшойт?..
– Комиссиянын айрым мүчөлөрү «Ата Мекендин» депутаттарынын талап-тоноочулукка катыштыгына эч кандай далил таба албаган соң Тейит маселесин чыгарышты. Анын комиссия ишине эч тиешеси жок эле. Алар «Тейитке барып, элди сурап, көрсөтмөлөрүн алып келдик» дешти. Териштиргенде алардын Жалал-Абад шаарынан атайын даярдалган адамдардан көрсөтмө алышканы анык болду.
– Жума ортосунда болгон жыйындын чечими көпчүлүккө күтүүсүз болду...
– Комиссия материалдар менен таанышып, тергөө органдарынан алынган материалдарды колдонуп, жыйынтык чыгарганга аракет кылды. Курманбек Осмоновдун тобу «ата мекенчи» депутаттарды айыптаган корутунду таркатышты. Ошол эле учурда Курманбек Осмонов өзү ысымдары аталган депутаттардын талап-тоноочулукка катышы жок экендигин билдирген.
Далилсиз, партияны каралоо үчүн гана жазылган корутундуга комиссиянын калган беш мүчөсү макул болбоду.
Мекемелер аралык тергөө тобунун, Башкы прокуратура, бир нече тергөөчүлөрдүн маалыматын уккандан кийин палата комиссиянын Курманбек Осмонов жетектеген тобунун тыянагы далилсиз, негизсиз экенине күбө болду. Ошондон улам ЖКнын депутаттары аны колдошу мүмкүн эмес эле.
Мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Мекемелер аралык тергөө тобу жалаң дасыккан, профессионалдардан түзүлгөнүн, бүгүнкү ИИМ башчысы Шамиль Атаханов да ошол топ түзүлгөн калыбында, бир да мүчөсү алмашпастан ишин улаганын билдирди. Бирок З.Рысалиев кызматтан четтетилишин дал ушул талап-тоноочулукка байлап туруп алып, калыстык үчүн бейтарап позициясын билдирбей койгону өкүндүрөт.
Жыйындын соңунда палата комиссиянын эки тобунун тең тыянагын эске алып, бардык ишти толугу менен укук коргоо органдарына тапшыруу чечимин кабыл алды.
Эльвира Караева
koom@super.kg