Назым Мендебаиров: «КАРА ЖОЛТОЙ»ТАСМАСЫНАН КИЙИН КӨПЧҮЛҮК МЕНДЕН КОРКОТ»

Актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн Назым Мендебаиров башында журналистика факультетине тапшырганы менен, сахнага азгырылып, багытын өзгөрткөн. Жаштайынан театр чөйрөсүндө өскөн жигит жолун туура тандап, учурда белгилүү актёр жана режиссёр болуп чыга келди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Жумгал районунун Чаек айылы
Туулган жылы –1973-жыл, 15-октябрь
Тарткан тасмалары – Режиссёр Рысбек Жабиров менен биргеликте «Достор», жеке өзү «Кайып булак», «Дудук кыз», «Жубайлар», «Кемпир»
Тартылган тасмалары – «Кара кыз», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кара жолтой», «Ысык-Көл бешбармактары», «Троллейбус», «Уурунун махабаты», «Президент жана бомж»
Сыйлыгы – Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты

– Назым мырза, сиз КРнын Эмгек сиңирген артисти Кенжегул Мендебаировдун уулу экениңизди билебиз. Демек, ата жолун жолдоп актёрлукту тандаган турбайсызбы?
– Ооба, бала чактан театр чөйрөсүндө чоңойгонум себеп болду окшойт. Ата-энем гастролго чыкканда мени жанына кошуп алышар эле. Бирок актёрлук кесипке кокустан келип калдым десем болот. Анткени журналистикада окуп жүргөндө Кыргыз драма театрынын жанынан өтүп баратып ыраматылык Искендер Рыскуловду көрүп калып, оюмдан кайтып кеткем. Окууга өтөмбү же өтпөй каламбы деп да ойлогон эмес экем анда. Дароо окуума бардым да, арыз жазып келе бердим. Училищеге сынактан 375-болуп кирип, өтүп кеттим.

– Студент кезде кандай кызыктуу күндөр баштан өттү?
– Бишкекте театралдык училищеде 1-курста окуп жүргөндө стипендиябызды жок кылып алып, бир күнү ачка калдык. Нурбек, Кубат деген жигиттер менен батирде турчубуз. Акча жоктугунан күнүнө үч маал суудан ичип коюп, бир кесим нан жебей 3 күн жашадык. Болбосо баарыбыздын шаарда туугандарыбыз бар. Куру намыс да, «эптей албай калыптыр» деп айтпасын деп эч кимге билдирген жокпуз. 4-күн дегенде чыдабай, дайым тамактанып жүрчү ашканага бардык. Ал жакта баары бизди таанып калышкан. Карасак нанды кесип, тизип коюшуптур. Акырын басып бардык да, нандан кочуштап алып чуркап чыгып кеттик. Ары жакта турган кызматкер бизди караган боюнча унчукпай кала берди. Үйдө бир баш пияз бар экен, аны туурап, суу кайнаттык. Нандын үстүнө туздан себелеп, пияз кошуп жедик. Ошол нан ушунчалык таттуу сезилген...
Кийин Алматыда Аскат Сулайманов, Элмира Чокморова менен бирге окуганда да студенттик турмуштун кызыгын көп эле көрдүк. Жашаган жерибизге жакын нан бышыруучу цех бар болчу. Көчөдөн бөтөлкө чогултуп келип ал жакка өткөрүп, арзан баада күйүп калган нан сатып жеп жүрдүк. Балким, ошондой ачкачылык баштан өтпөсө, көңүлүбүздү окууга бөлүп, азыркыдай деңгээлге жетпейт белек...

– Кыйынчылыктар башка түшкөндө бул жолду тандаганыңызга өкүнгөн учуруңуз болду беле?
– Баштан көп кыйынчылыктар өтсө да, бул кесипти тандаганыма бир да жолу өкүнбөдүм. Биз менен чогуу окуп, бирок бизнеске кетип калган курсташтар «эмне кыласың актёрлукту, таштап, башка ишке кетсең болмок...» деп көп айтышты. Кудайга шүгүр, ал күндүн баары артта калды. Азыр да студенттерим «агай, кыйналып жатабыз» дешсе, «бул күндөр да өтөт» деп дем берип келем.

– Келинчегиңиздин кесибиңизге көз карашы кандай болду?
– Мен бир да жолу жан адамга «кыйналдым» деп айткан эмесмин. Келинчегим да «сен акча таба албайт экенсиң, театрдан чык» деп айткан жок. Ошол кезде нан 1 сом эле. Эртең менен бир нанга акча таштап кетчүмүн. Май жок, шекер жок. Бирок жубайым жоктон бар кылып, эч нерсени билгизген эмес. 250 сом айлык менен батирге 500 сом таап төлөп жашап жүрдүк. Азыркы күнгө чейин таң калам, ошону кантип төлөдүм экен деп.

– Сиздин ооруңузду колдон, жеңилиңизди жерден алган жубайыңыз тууралуу да айта кетсеңиз.
– Мен 19 жашымда үйлөнүп, 22 жашымда эки баланын атасы болгом. Жубайым Бактыгүл бизден бир курс өйдө окуган. Театрда экөөбүз бири-бирибизди түртүп өтүп, «Орун берип койсоң не болот?» деп чукчуңдашып эле басып жүрчүбүз. Кийинчерээк Жаныш Кулманбетов «Жайсаң» деген театр ачып, чогуу иштеп, тил табышып кеттик. Ошондон бери бир нерсеге ишенем, өтө катуу сүйүү бара-бара жек көрүүгө, ал эми жек көрүү сүйүүгө айланарына.
Экөөбүздүн чогуу түтүн булатып келатканыбызга 20 жыл болуп, 1 кыз, 2 уулду тарбиялап келебиз. Кенжебиз Адил 7-класстын окуучусу. Жаш болсо да, бир топ тасмаларда роль жаратууга жетишти. Сунуш түшсө, «Канча төлөп бересиз?» деп өз гонорарын өзү сүйлөшүп коёт.

– «Кара жолтой» тасмасындагы коркунучтуу ролуңуз тууралуу да сөз кылбасак болбос...
– Мен өзүм да таң калам, кандайча тартылып калганымды да билбей калгам. Бир жолу тасманын режиссёру Мурат Мамбетов «сени бир киного тартсамбы деп жүрөм, чачыңды алдырбай турбайсыңбы» деп калды. Макул болуп, фотосынактан өтүп койгом. Бир күнү видеопробага чакырышты. Барсам күрмө, шым, бутума кроссовка алып беришти. Сценарий эмне тууралуу экенин деле билбейм. Сураганымда режиссёр «сценарийди керек учурда колуңа карматам» деп койгон. Анан артынан көз таңылган боюнча ээрчип жүрө бер да. Биринчи тартканда сейил бакта Айжан деген кызды өлтүрүп, качып келген жери болчу. «Дайыма эле ушинтип өлтүрө беремби?» десем, «жо-ок, жакшы жагы бар» деп жооткотту.
Бир күнү ооруп жатсам Мурат байке чалып «келе кал» деп калды. Башка күнгө жылдыруунун да айласы жок, анткени баарын заказ берип коюптур. Айла жок бардым. Өлүкканадагы биз жаткан керебеттер таштай муздак. Муздак цементте жылаңаяк басып жүрөм. Дене табым 40ка жетти. Улам бетим алоолонуп, көзүм кызарып чыгат. "Өлүк" жаңы эле турса, анан бети кызарып турса болбойт да. Дары берсе бир аз ордума келип, кайра кызарып чыгам. Анан болбой калды дегенде, Аскат Сулайманов менен Тынай Алыбаев жанымда болчу, арак алып келип, бир стакан ичкенде кадимкидей өзүмө келдим. Мен жылаңачмын, Айжан астымда турат. Ага бычак такап, жыгылганда абдан корктум. Ар кандай кокустук болуп кетиши мүмкүн эле да...
Тасмадан кийин келинчегим, кошуналар, балдарым коркуп жүрүштү. Жанымдан да араң өтүп жаткандарды байкап жаттым. Кийимсиз тартылганымды көргөндө чоң атам аябай жемелеген.

– Азыр классикага айланчудай тасма тартылды деп ойлойсузбу?
– Чынында, азыр андай тасма тартуу пайдасыз. Адамдын жан дүйнөсүнө азык болчудай тасма тартам десең, ал көрөрманга жетпей калышы мүмкүн. Бизде андай тасма көргөндөр аз. Аны тартып алып текчеге коюп койгончо, коммерциялык багытта тарткан ыңгайлуу, элге жакын.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр актёрдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кара жолтой" тасмасына кокустан тартылып калгам" дейт Назым Мендебаиров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
N.Bakazova
2013-02-18 15:34:27
kelinchegi, baldary korkup jatsa, kandai ahbalda kaldy eken. . ??
0
admin_media
2013-02-18 16:58:42
Kg.lady,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
Aja
2013-02-18 21:56:39
sonun maek boluptur.
0
Айдай Асанбекова
2013-02-20 17:21:26
Назым Мендебаиров чынында таланттуу ага. Биздин кыргыз кинолорго ушул сыяктуу профессионалдарды тартса, кайдагы көчөдөгү сүйлөй албаган, жалжактап жүргөн адамдарды алып келип, кинонун сапатын бузбай
0
Debi
2013-02-20 21:40:58
Табиятынан таланттуу адам
0
Aja
2013-02-21 13:14:51
sonun maek boluptur maga jakty.
0
jaina
2013-02-21 15:17:48
Назым байке чынында, профессионал актёр экен. Драма болобу, комедиябы ийине жеткире аткарат. Ушундай актёрлор тасмаларга тартылса, кыргыз киносунун да деңгээли көтөрүлөт.
0
Eliza.janybekova
2015-09-16 16:09:07
Мен окуучулук кундорумдо ошол кара жолтой киносун коргон болчум,эстесем азыр да бул актердон корком, бир кун алдымдан чыкса качып кетсем керек!
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан