Ырчы Кайыргүл «Кайдасың, айтчы кабарың?» деп эми сүйгөнүнө издөө салбай калат экен. Анткени ал жаз айларында сүйүктүү мырзасына баш байлаганы турат. «Сүйүп, сүйүктүү болуу такыр башкача сезим экен. Болочоктогу жолдошум мен үчүн төгөрөгү төп келишкен, идеалдуу мырза» деген Кайыргүлдүн кубанычында чек жок. "Күйөө балаңар тууралуу "картаны" азырынча ачпай турайын, той жакындаганда сөзсүз тааныштырам",- деди.
Мындан сырткары Айпери Кубик кызы да быйыл турмушка чыгууну пландоодо. «Жай-күз дебейм, бирок ушул жылы «точно» күйөөгө тием» деп Айпери да агынан жарылды. Буюрса, кыздарыбыздын той күндөрү да алыс эмес экен.