"Продюсер Канат Култаев эмнеге эле жалаң жигиттерге колдоо көрсөтөт?" деп таарынган кыздар болгону чындык. Анткени Канат мырза Мирбек Атабеков, Алихан, Даниель, Гүлжигит Калыков, Бек Исраилов деген ысымдардын калың журтка таанылышына чоң салым кошкону талашсыз. Эми кыздарга кезек келген өңдүү. Тагыраак айтканда, Канат Култаев эми бийкечтерден турган топ ачууну чечти. «Көп кыздар мага продюсер болуп бериңиз деп кайрылышты. Ар кимиси менен бир-бирден алектенип отурганча жакшы топ ачсамбы деп ойлодум. Негизи, бул идея көптөн бери менин кыялымда жашап келген. Убагы келди окшойт. Мага жардамчы катары Мирбек Атабеков топтун музыкалык продюсери болмокчу. Аталышы кандай болорун чече элекпиз, бирок кыздар бою узун, өң-келбети келишкен, «смелая» жана таланттуу болушу шарт. Анткени алардын сахна кийимдери ачык болот»,- деп билдирди.