«Большие люди» долбоору элге жалаң гана күлкү тартуулабастан, тасма жаатына да баш багууну чечишти. Башкача айтканда, 25 сериядан турган «Жатакана» («Общяга») аттуу сериал тартып, жакынкы күндөрү көрөрмандардын көзүн сүйүнтүү алдында турушат. Аталган сериалдын продюсери Нурлан Мамакеевдин айтуусунда, фильмден көптөгөн атактуулардын жүзүн көрө алабыз. Алардын катарында ырчы Нурбек Савитахунов менен КВНчи Саламат Алиев дагы бар.
Фильмдин саундтрегин Мирбек Атабеков өзбек ырчысы Шахзода менен биргеликте ырдайт.