Асылбек Өзүбековду неге сахнадан, теледен көрбөй калдык десек, чыгармачылыктан оолак, башка иштери менен жүрүптүр. «Жеке иштерим менен алектенип жүрүп, чыгармачылыктан алыстай түшкөнүмө быйыл үч жыл болуп кетиптир. Буюрса, эми архивдеги ырдалбай калган обон, кайрыктарымды казып чыгып, кайра жандандырайын деп жатам. 4 ырымды 2 аранжировкачыга берип, бул жылы 10 чакты ыр чыгарышым керек деп алдыма план койдум. Жакынкы күндөрдө ырларым обого чыгып баштайт»,- дейт Асылбек мырза.