«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер тобу» аталган «Биз» тобу былтыр күйөрмандарынын башын бириктирип, 20 жылдык мааракесин өткөргөн эле. Ал концертке барып да, барбай да арманда калгандар кездешкен. Эл көп болбой анан, «Замандын мыктысы» аталып жатса. Эми ошол легендарлуу топ кайра көпчүлүктүн суроолору боюнча концерт бергени даярданышууда. Анан да бул ирет концерт бир күн эмес, эки күнгө созуларын айтышты. Кудай буюрса, топтун капчыгы жакшы эле кампайганы калды окшойт...