МЭГГИ КЬЮ

Тасмаларда каардуу каармандын, киши өлтүргүчтүн ролдорун жараткандыктан, күйөрмандары бул бийкечке «сиз чын эле бирөөнү сабай аласызбы? Чыныгы жашоодо бирөөнү өлтүрө алат белеңиз?» деген суроолорду көп беришет. Анын атындагы Q белгиси эмнени түшүндүрөрүн жана ага уруш өнөрүн ким үйрөткөнүн билгиңиз келеби? Анда биз Мэгги Q`нун сырларын ачабыз.

АКТРИСА ТУУРАЛУУ:
Толук аты-жөнү – Маргарет Дениз Куигли
Туулган жылы – 1979-жыл, 22-май
Туулган жери – Гонолулу, АКШ
Бою – 168 см
Салмагы – 51 кг
Учурда бойдок

ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАРЫ:
«Тозоктон чыккан модель» (2000)
«Чак түш» (2001)
«Жылаңач курал» (2002)
«Сыйкырдуу ашкана» (2004)
«Аткарылбаган миссия-3» (2006)
«Жеңилбес 4.0» ("Крепкий орешек 4.0") (2007)
«Нью-Йорк, мен сени сүйөм!» (2008)
«Малчы» (2011)

ЭМНЕГЕ МЭГГИ Q?
Маргарет Дениз Куигли. Бул ысымга тили жакшы келбеген кытай журналисти актрисага «аты-жөнүңдү айтыш мен үчүн оор болуп жатат. Кел, кыскартып, Мэгги Q деп атайлы» деп сунуштайт. Жаңы ысымы Мэггиге да жагат. Ошентип, көп нускалуу гезитке анын маеги жарыяланып, бул сулуунун ысымы элге бат тарайт.
Ооба, сулуу. Эки башка улуттун канынан жаралган бала кантип сулуу болбосун?! Анткени Мэггинин атасынын теги польша-ирландиялык, ал эми апасы вьетнам кызы болгон. Экөө Вьетнам согушунда таанышып, баш кошушкан. Мэггинин өзүнөн улуу эки эжеси жана энелеш эки агасы бар.
«Кичинекейимде жеңил атлетика жана сууда сүзүү менен машыкчумун. Ветеринар болгум келчү. Бирок чоңойгон сайын бул тилегим модель жана телеалпаруучу болууга өзгөргөн» деп эскерет балалыгы тууралуу Мэгги.

ӨРДӨКТӨН АК КУУГА АЙЛАНУУ
Япония-Гонконг-Голливуд – актрисанын карьерасындагы «каттамдар». 1997-жылы мектепти аяктаган Кьюну Азия өзүнө тартып, 17 жашында Японияга моделдик дүйнөгө сапар алат. «Мен үйдөн чыкканымда чөнтөгүмдө 20 доллар гана бар эле. Дал апамдын окуясына окшош. Ал да Вьетнамды таштап чыккандан кийин акча тартыштыгынан аябай кыйналган экен. Же тил билсемчи?! Кытайлык сулуу кыздардын жанында өзүмдү түрү суук өрдөктөй сезгем. Ошентсе да модель болуу эң негизги тилегим болгондуктан, эч кандай тоскоолдуктарга карабай, бул дүйнөгө багыт алгам. Жакшы эле кыйналдым. Арзан, даамсыз тамак-аштарды ичтим, полдордо, булганч жайларда жаттым...»
Баарына туруштук берген Мэгги бат эле бул жаатта алдыңкы ондукка кирип, белгилүү «Chanel» жана «Gucci» компаниялары менен олуттуу иш алып кете алган. Кийин жумушсуз калып Тайванга, андан кийин Гонконгго барууга аргасыз болот. Гонконг бул сулууга Голливудга жол ачып, түрү суук өрдөктү ак кууга айланткан десек болот.

ЖЕКИ ЧАНДЫН «КЫЗЫ»
Модель Гонконгго келип, өзүн актриса катары сынай баштайт. «Кино жаатына келгенде да абдан кыйналдым. Кытай тилин билбегенимден, ролдорду угуп жаттаганга туура келчү. Эгер мени тагдыр Жеки Чанга жолуктурбаса, эмне болот элем, билбейм?» деп эскерет. Чындыгында, Жеки Чан Кьюну жолуктурганда эле анын оргуштап турган талантын байкап, өзүнө окуучу кылып алат. «Жеки Чанды атамдай эле көрөм. Ал мага кино дүйнөсүнүн эшигин гана ачпастан, этика жагынан да көп нерсени үйрөттү. Ага жолукканга чейин уруш өнөрүн билчү эмесмин. Жадакалса, эңкейгенде колум бутумдун манжаларына жетчү эмес» деп устатына ыраазычылыгын билдирип келет.
Бүгүнкү күндө да Кью өз алдынча трюктарды үйрөнүп, жасайт. Бул тууралуу ал «өз аудиторияма карызмын. Мен 70теги кемпир эмесмин, колумдан келгенин жасашым керек. Ооба, трюктар жаракатсыз болбойт дегилечи. Ар кайсы жерим жарылат, кээде 2 жумага чейин бетим көгөрүп жүрөт. Бир жолку жардыруу трюгунан кийин кулагымдын тарсылдагы жарылган» дейт күлүп.

«ЭТТИ ЭМЕС, ЖАШЫЛЧАНЫ ТАНДАГЫЛА»
Ооба, актриса жашоодо вегетариан болгондуктан, жаныбарларды коргоодо активист. Бүткүл дүйнөлүк РЕТА жарнамалык долбоорунун ар кандай акцияларына катышып, «Этти эмес, жашылчаларды тандагыла!» деген ураан менен жылаңач денесине жашылчаларды оронуп, жарнактарга тартылып келет. Анын жаныбарларды жакшы көргөнүн мындан билиңиз, «Үч падышалык: Ажыдаардын кайрадан туулушу» тасмасында кадимки терини жамынуудан баш тарткан.

«МЕН ҮЧҮН ЖИГИТТЕН ДА ИТТЕРИМ БААЛУУ»
Актрисанын актёрлор Шейн Уэст, Дэниел Ву, Эдинсон Чен, Дэниел Хенни жана япониялык футболчу Хидетоси Наката менен мамиле кургандыгы айтылып келет. «Ооба, мага көп мырзалар сөз айткан. Бирок алардын мен тууралуу ойлору кандай экенин билбейм. Негизи, мен жолугушууга аз барган кызмын. Ачыгын айтсам, мен үчүн жигиттерден да иттерим баалуу» дейт. Дагы кайсы бир маегинде журналисттерге колун көрсөтүп, «байкуш аты жогум канча жолу жаракат албады. Гипстеп жүрүп калыбына келтирдим. Ушуга шакек салчу бирөө да жок» деп тамаша-чыны аралаш айтып алган. Бүгүнкү күндө Мэгги Кью 7 ити менен Лос-Анжелесте жашайт.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rustik90
2013-02-20 16:29:39
Сүйөмго Мегини мммааахххххххх)))
+1
ZarinaSM
2013-02-20 18:29:51
хммм
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан