«КҮКҮК ЭНЕ» ТӨРӨП, ЫМЫРКАЙЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАП КЕТТИ

«Жаңы төрөгөн баласын таштап кетиптир» деген сөзгө азыр элдин кулагы көнүп деле калды. Бирок өткөн аптада «Күкүк эненин» жасаган иши элди уу-дууга салып, уккан адамдын жакасын карматты.

ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯ
Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан 6-февралына караган түнү, болжол менен саат 1лер чамасында Бишкек шаарынын Куткаруу кызматына борбор калаанын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы дааратканада наристенин ыйлап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМнын куткаруу кызматкерлери ошол замат айтылган дарекке келишип, адамдын акылына сыйбаган окуяга туш болушкан. «Күкүк эне» ымыркайын даараткананын чуңкуруна таштап кетиптир.

«БАЛАНЫ ТАШТАГАН КОҢШУБУЗ ЭКЕН»
Ымыркайды Тоголок Молдо көчөсүндөгү №1-үйдүн жашоочусу САНЖАР РУСЛАН УУЛУ көрбөгөндө күнөөсүз наристе аман калат беле, ким билет?.. Анын көңүл кош мамиле жасабай, ызы-чуудан алыс болгусу келип, көрмөксөн болуп басып кетпегенине бали дегиң келет.

– Ошол кү­нү кар жаңы эле жааган. Түнкү саат 1лерде үйдө отурганда эшиктен дүңкүлдөгөн добуш чыгып жаткан. Эшикке чыгып, даараткананы көздөй бастым. Аңгыча эле дааратканадан баланын ыңаалаган үнүн уктум. Эмне кыларымды билбей, нес болуп туруп калдым. Анан өзүмө келип, дароо «Тез жардам» кызматына чалдым.
Алар келишип, баланы чыгара алышпай, Куткаруу кызматына чалышты. Куткаруу кызматкерлерин Бөкөнбаев көчөсүнөн тосуп алып, окуя болгон жерге алып келдик. Алар тез эле наристени алып чыгышты. Билишимче, ымыркай жарым сааттай даараткананын чуңкурунда жатып калды окшойт. Анан бир сааттан кийин укук коргоо органдары келип, коңшу-колоңдорду суракка алып, баланын энесин табышты. Көрсө, ал биздин эле коңшубуз экен.
Сиңдиси менен жашачу, келгенине аз эле болгон. Мурда көрчүбүз, бирок боюнда бар экенин билген деле эмесмин. Угушума караганда, ал айымдын боюнда бар экенин сиңдиси деле билбептир.

«БАЛАНЫН ҮСТҮНӨ ТАШ ЫРГЫТКАН»
Окуянын калганын куткаруучу ТЕҢИЗБЕК МАСЫЛБЕКОВдон угалы:

– Биз кел­­генде наристенин кыңылдап үнү араң чыгып калыптыр. Бирок тирүү экенин көрүп, шашылыш даараткананын алдындагы жыгачтарын талкалап, наристени алып чыкканга аракет кылдык. Жылаңач, кан, ал тургай киндиги кесилбеген боюнча таштап кетиптир. Биз аны чүпүрөккө ороп, дарыгерлерге өткөрүп бердик.
Таң калтырганы, ымыркайды чуңкурга таштаганы аз келгенсип, аны өлтүргүсү келип, үстүнөн чоң таштарды таштаган экен, бактыга жараша, таштар балага тийбей калыптыр. Баладан да чоң жаңы ташталган 2-3 ташты көрдүк.


 

«БАЛАНЫ ТАШТАГАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ»
Үрөйдү учурган жогорудагы кылмыш ишине шектүү деп укук коргоо кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №1-үйүнүн 3-батиринин жашоочусу, 1985-жылы туулган Наргиза аттуу келин кармалган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын кызматкери ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Биринчи Май ШИИБинин ыкчам иликтөө кызмат­керлери тарабынан окуя болгон үйдө жашаган Наргиза аттуу айым суракка алынган. Ал өзүнүн Жайдарбек аттуу досунан кош бойлуу болуп калгандыгын мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү толгоосу башталып, дааратканага барганда төрөп койгон. Анан эмне кыларын билбей, кылган ишин коңшу-колоңдорго билдирбей, жашыруу максатында эшикке чыгып таштарды алып келип, даараткананын тешигинен баланын үстүнө таштаган. Ошол маалда бала да кандайдыр бир убакытка чейин ыйлабай, басылып калып, Наргиза үйүнө кирип кеткен.
Сурак учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектелип кармалган Наргиза төрөт учурунда кан көп кеткендиктен, ден соолугу начарлап, учурда ооруканада. Ал эми жаңы төрөлгөн күнөөсүз ымыркай болсо, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлердин маалыматына караганда, анын акыбалы мурункудан бир аз жакшырган.
Боюнан алдырган, баласын төрөп таштап кеткен жаш кыздарыбыздын саны күн санап өсүп жатканы кейиштүү көрүнүш. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала» деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Балага жетпей жүргөндөр канча? Ак жолунан адашкан, баланы багуу жоопкерчилигинен качкан апаларга жана аталарга акын Шайлообек Дүйшеевдин төмөнкү ыр сабын арнамакчыбыз.

ЭНЕ
«Күйөөсүз төрөп салды»
деген айың,
Көкөлөп жүрдү көпкө
көчөнүн кечип чаңын:
«... байкуш Гүлсүн,
курган Гүлсүн,
шордуу Гүлсүн!»
Гүлсүн, сен азаматсың,
кейибегин,
Келин көп күйөөсү жок.
Жарыкка келген жандын
кенедей күнөөсү жок.
Күл, Гүлсүн,
Бүгүн сен бул дүйнөдө
Эне болдуң.
Аны алар кайдан билсин?
Күл, Гүлсүн,
Гүлдөгөн бир гүлбакка
окшогунуң.
Сен эми Эне болдуң,
коркпогунуң!
Иштегин,
иштебесең көп жүр мейлиң,
Балаңды базар кылып,
төккүн мээриң,
Атасыз өстүрсөң да,
апасыз өстүрбөгүн.
Атасыз кайдан жакшы?..
А бирок төрөгөн оң,
төрөбөй калганчакты.
Балаңды жакшылап бак,
жалбырагын төгүлтөт
терек күздө,
Жакшы балдар көбүрөөк
керек бизге!..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дааратканага ташталган ымыркай 06-02-2013
Дааратканага ташталган ымыркайдын абалы жакшы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Nakinai
2013-02-19 14:55:07
9 ай кандай кыйынчылык менен которуп жургонуно куйбоптур да. Торогончо канча кыйналып атабыз, кыркына чыдаган сон баласын чонойтуп алса кийин эле озуно колуна кол, бутуна бут болмок. Ошол баласына зар болуп отсо керек эми.
0
kerri
2013-02-19 15:41:36
журогум зырылдап кетти...;(((
0
jipara86
2013-02-19 16:47:49
Кудай жазасын берсин торогон келинге,окуп жатып козумдон жаш агып кетти,байкуш бала.Кудайым омур,ырыскы,ыйман,ден соолук берсин наристеге.
0
Ais__star
2013-02-19 20:26:29
jipara86 туура айтасын менин да козумон жаш агып кетти. Кантип ушундай ишке барат тообо... келинге соз жок омуру откучо наристенин жытына зар болуп отсун. Наристенин ден-соолугу чын болуп, кудайым колдосун.
0
dinar_13G
2013-02-19 22:31:09
журогум ооруп кетти наристеде не куноо жаткандан уялбаган эми торогондон уялып калганын кор
0
Roha_aium
2013-02-21 15:17:14
Акмак эркектин астында жатканда ойлонбойт беле! Бети жок!Ата-энесине билгизгиси келбесе, жок дегенде синдисине айтып тушундуруп, тез жардамды чыкырып, наристени кыйнабастан жылуу, жумшак жерден торосо болмок! Вообще ужас!
0
Roha_aium
2013-02-21 15:21:26
Кичинекей Периште Аманкулго Жараткан Аллах ден соолугун, бактысын берсин!!!!
0
Aigewa
2013-02-21 19:30:28
Ayabai okunuchtuu okuya eken! Bizde aityp koiuwat go: "UYAT OLUMDON KATUU" dep.Balkim al kyz elge uyat bolup kalbaiyn dep jasagandyr. Egerde al kyz turmushka chyga eleginde torop koiso any da el jon koimok emes! Al kyzdy olgucho jemelewmek bizdin el! Biroolordu syndap, ushak-kep aitkandy ayabai jakwy korobuz biz tuuraby?
0
nargiza89
2013-02-22 14:43:17
Бул жерде ата энелерге куноо койбой! Адамдын нар жагынан азыркы заманда апасынын койнунда деле жатып бузулган коп
0
aselya89
2013-02-22 20:41:39
Жатканды билип торогонду билбеген акмак! Кудай сени жазаласа экен!! баланын каргышына калган акмак!!
0
admin_media
2013-02-23 12:52:42
rahat_ait,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
0
ramawka28
2013-02-24 02:22:47
ооо шумдугун кургур акмак го
0
oscar
2013-02-24 19:03:22
жетишпеген кыз окшойт да
0
alimyrza93
2013-02-25 17:30:02
ошого бет кантип барды
0
kbs-love
2013-04-23 20:00:40
ujas chon ele kyz eken 85chi jylky ushuga kantip batdy? balada emne kuno. ushu balaga kancha jan bar jetpei jurgon! kichineke ymyrtka aman esen chonoie bersin...
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан