ТОПОЗ – ӨЖӨР ЖАНЫБАР

Топоздор тоолуу аймактардагы мал чарбачылыктын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстанда Суусамыр, Ак-Сай, Арпа, Чаткал, Алайкуу, Алай, Нарында жана Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде багышат. Бул ирет «топоз баккан тозбойт, этин жеген арыбайт» деген сөз эмне үчүн айтылып калганын чечмелейбиз.

ЖИЛИКТЕРИ УЙДУКУНА КАРАГАНДА КИЧИНЕ
Топоздор аба ырайынын катаал шарттарын оңой көтөрүшөт. Алыскы жайыттарда кышкысын 50 градус суук болгондо да чыдай берет. Чоң күрткү карда, башка мал учуп кете турган аска-зоолордо өзүн суудагы балыктай сезет.
Букаларынын салмагы 300 килограмм, ургаачыларыныкы 200-220 килограммдын тегерегинде болот. Сөөктөрү, жиликтери уйдукуна караганда кичинекей. Бирок жүнү узун, анан да апсайып турганы үчүн чоң көрүнөт. Ит-куштан мүйүзү менен коргонот. Томпоңдоп оюн салган мамалактарын жырткычтардан коргоп, топтун ортосунда алып жүрүшөт.
Жүнүнөн аркан эшип, кылынан чач жасашат. Териси да иштетилип, тезеги отун катары колдонулат. Баккандар топозду унаа катары да пайдаланышат. Күчтүү, чоң топоздор 100-120 килограммга чейин жүк көтөрө алышат.

ЭМНЕ ҮЧҮН БИЙИК ТООДО КҮЙҮГҮШПӨЙТ?
Топоз үчүн чөп чаап, тоют даярдалбайт. Бул жандык дайыма жайытта жүрөт. Бирок жер которуп бир жерден экинчисине кете берет. Бир түндүн ичинде 70-80 чакырым алыстыкка кетип калат. Көзөмөлдөп турбаса, таптырбай кетет.
Аларга жылуу сарайдын деле кереги жок. Баш калканч бастырма жасап, айдап киргизип койсо тура беришет.
Үй жаныбарларына караганда топоздун канынын курамы кийиктикине жакын келет. Экөөнүн тең канында эритроцит көп. Ошондуктан эти кызгылт-каралжын тартып турат. Мындан тышкары эритроцит бийик тоолордогу кычкылтек суюк жерлерде топоз, кийиктерди күйүктүрбөй, кубатын кетирбей кармап турат.

ЭТИ ДААМДУУ, СҮТҮ МАЙЛУУ
Эти абдан даамдуу. Себеби топоздор башка мал жетпеген тоолордо оттошот. Ал оттогон тоо канчалык бийик болсо, ал жердин чөбү ошончолук кыска жана баалуу келип, курамында ар түрдүү минералдык ферменттер, керектүү туздар көп.
Дагы бир жакшы жагы – топоздун эти башка малдыкына караганда узакка сакталат жана андагы пайдалуу заттар жоголбойт. Этинин майы өтө күчтүү. Топозду абдан семиргенде, ноябрь, декабрь, январь айларында согумга сойсо, адам организмине керектүү белок көп болот. Мындай эт жегенде көпкө курсак ачпай, карылуу жүрөт. Этти сүрсүтүү үчүн ундун ичине сактагандар да бар.
Топоздун сүтүндөй майлуу сүт жок. Жаңы туугандан кийинки ууз сүтүндө 12-13 пайыз майлуулук болот. Ал эми уйдун уузунда болгону 4 пайыз май бар. Мамалагы ошондуктан тез торолуп, чыйрак өсөт.
Топоз баккандардын кээ бирлери саап ичишет. Байыгыча 350-400 литрдей сүт берет. Айрымдар сүтүнөн каймак алышат, быштак да жасашат. Бирден гана тууйт.

СҮТҮ 62 ООРУГА ДАРЫ
Элдик табып ДҮЙШӨН ЧОМО УУЛУ топоздун эти менен сүтүнүн дарылык касиети тууралуу баяндап берди.
Сүтү. Топоз бийиктеги дары чөптөрдү, не бир сонун гүлдөрдүн бүрүн жегендиктен, эти, сүтү дары. Элде сүтү 62 ооруга дары деп айтылат. Анткени анын курамында организмге керектүү заттар көп. Иммунитетти көтөрөт, канды толтурат, күч-кубатты арттырат.
Муундардын жана бел ооруларында пайдасы көп. Денедеги сары суулардын чыгышын шарттайт. Ал эми ашказан жана ичеги ооруларынын жеңил түрүндө ичсе болот. Рак жана жатындын миома оорусуна, геморройдо, кант диабетинде колдонууга болбойт. Ооруну күчөтүп жиберет. Ысыгы ашынгандарга ичүү сунушталбайт. Кан басымы барлар табыптын көзөмөлүндө ичсе болот.
Эти. Бул да канды толтуруп, иммунитетти көтөрөт. Суукчан адамдар топоздун этин жесе, башы айланганы басылып, көңүлү ачылат. Уйкусу тынчыйт. Карылар жана оорудан сакайып келе жаткандар майлуу эмес этин жешсе күч берип, бат тыңытат.
Мүйүзү. Топоздун мүйүзүнүн ичиндеги өзөгү эркектердин бел-кубатын (потенция) көтөрөт.

ТОПОЗ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Жер титирөө болор алдында топоздордун кыймыл-аракеттери адаттан сырткары боло баштайт. Алар 2-3 күн мурда эле топ-тобу менен айылга жакын, төмөнгө түшүп келишет.
  • Бир жашка чейинки баласы мамалак, эки жаштагысы кунан мамалак, үч жаштан өткөн саан топоз инек, ал эми эркеги бука деп аталат.
  • Өтүн ичсе уул төрөлөт дешип, кээ бирлер өтүн ичишет.
  • Курмандыкка эки жаштан өткөнү гана жарайт.
  • Баш-шыйрагын куйкалап, килкилдек (холодец) жасашат.
  • Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусундагы кыргыздар көбүнчө топоз багышып, курмандыкка да топоз союшат.
  • Тажикстандын кыргыздар жашаган Мургаб районунда калыңга топоз да беришет. Тойлордо жаш балдар ак топоздорду минип алып улак тартышат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aisuluu7
2013-02-19 15:41:36
Супер-Инфо сиздерден сураныч канаттуулар тууруалуу жазыныздарчы?
0
admin_media
2013-02-19 15:47:27
Aisuluu7,
Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
_oichul_
2013-02-25 00:51:43
Азыркы бул айбанат абдан азайып кетти барып барып кызыл китепке кирип калышы мумкун
+1
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан