ЭЛ ДЕПУТАТЫ ЭМНЕ ИШ КЫЛДЫ?

Адатта, «Эмне кылдыңыз?» деген суроо эски жыл бүтүп, жаңы жыл жаңырганда төбөсү көрүнгөн саясатчыларга берилет. Биз бул жолу аталган суроону Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаковго бергенбиз. Тилекке каршы, алынган жооптун баарын бир бетке батыра алган жокпуз. Ошондуктан орчундууларына эле орун берели дедик.
Карганбек Самаковдун жыл ичинде жасаган иштерин айта берсек, барак түтпөй кетет. Депутат катары эле өзү кабыл алып, жеке баарлашкан адамдарынын саны 2 миңден ашканын эске алсак, эч болбосо эле чечүүнү талап кылган 2 миң маселенин келип чыгары маалым болот. Анын ичинен укуктук маселелерин эле тиешелүү уюмдарга жөнөтпөсө, жардам сурап келгендеринин басымдуу бөлүгүн өзү чечип берип келгенин баса белгилей кетишибиз керек. Ошондой эле түздөн-түз милдети болгон мыйзам чыгаруу жаатындагы натыйжалуу иштерин жаңылык катары айтып отуруунун кажети жок.
Ал эми депутаттын жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн, улутубуздун улуу мурастарын коргогон жыл ичиндеги иштери туурасында айтпай койгонубуз болбос. Анткени эл өкүлүнөн «өз ишиңден тышкары мына ушундай иштерди да жасайсың» деп эч ким талап кылбайт. Ал анын өз эрки. Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков деле «тиешелүү уюмдар жасасын, мага эмне...» деп жатып алса болмок. Бирок ал анте алган жок. Кыргыз рухунун туу чокусу делген «Манас» эпосубуз Кытайдын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Башка маданий мурастарыбызды да коңшулаш өлкөлөр менчиктей баштады. Аны менен алектене турган тиешелүү уюмдардын мүмкүнчүлүгү келбей калды. Мына ушул жагдай эл депутатынын материалдык эмес маданий мурастар менен алпурушуусуна себеп болду.
2012-жыл да мына ушундай иштер менен башталып, дал ушундай иштер менен аяктады. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ЮНЕСКОго каттатуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси болгон Карганбек Самаков жыл башынан бери бул багыттагы иштерден кара жанын дагы, каражатын дагы аянган жок. «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун ЮНЕСКОго Кыргызстандын атынан каттатуу боюнча номинациялык файлды даярдоо, «Манас» эпосу боюнча документалдык фильмди тарттыруу оңойго турбады. Номинациялык файл деп бир сөз менен айтып койгон менен, анын толгон-токой суроолоруна жооп берип, талаптарын аткаруу үчүн жумушчу топ канча ирет чогулуп, канча документти карап, даярдоого туура келди? Ал эми ЮНЕСКОго жөнөтө турган «Манас» эпосу боюнча документалдык фильмди тартууга Карганбек Самаков өз чөнтөгүнөн 480 миң сом жумшады. Ошентип, талап кылынган бардык нерселери даярдалып, ЮНЕСКОнун башкы штабына, Францияга жөнөтүлдү.
Карганбек Самаковдун мына ушул иштери деле убакытты да көп алган, убарага да салган чоң иштер болуп жатпайбы. Бирок ал «Кыргызстан пикет-митингдердин өлкөсү аталып кетти, Кыргызстан эл аралык алкактагы аброюн жакшыртууга муктаж болуп турат» деп Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боло турган эл аралык марафонду өткөрүүгө белсенди. 42 чакырымга чуркоо боюнча эл аралык марафон Москва Олимпиадасынын убагында эле болбосо, шериктеш өлкөлөрдүн тарыхында болбоптур.
2012-жылдын апрель айында Япония менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков депутаттардан жана башка жооптуу кызматкерлерден турган делегацияны жетектеп Японияга барган. Анда марафонду Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгынын 20 жылдыгына арнап өткөрүүнү макулдашууга жетишкен. Ошондой эле япон парламентинин спикери, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, провинцияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, «Кыргызстан-Кагосима» коомдук уюмун түзүп келгени бир жолку иш сапары менен канча жумушту бүтүрүүгө жетишкенин айгинелеп турат. Японияга барган 9 адамдын жол акысы, жаткан-турганы, ичкен-жегени Самаковдун эсебинен болгонун айтсак, канча каражат жумшаганын өзүңөр эсептеп көргүлө.
Аталган марафон көгүлтүр көл жээгинде чоң уюшкандыкта өткөнүн ага катышкандар жакшы билишет. Бул марафонго 13 өлкөдөн коноктор келип, 2 миңден ашуун адам катышканынын өзү эле анын масштабы кандай болгонун айгинелейт. Келген меймандарды жайгаштыруу, калган иштин баарын уюштуруу үчүн эле өз чөнтөгүнөн 12 миллион сом жумшаганын эч кимге доомат кылбай, дагы эле элим-жерим деп чуркап жүргөнү айрымдарды таң калтырышы мүмкүн. Бирок Самаков «анча чыгым болдум, мынча чыгым болдум» деп ичи оорубаган адам экен.
Чынын айтканда, марафондун жыйынтыгы жаман болгон жок. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн демократиялык өлкө экенин дүйнөгө маалымдай алдык. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Ысык-Көлгө келген туристтердин саны да жылдагыга караганда алда канча жогору болуптур. Бул болсо элге кызмат кылуунун бир мисалы.
2012-жылы кыргыз тарыхын камтыган «Кыргыздар» деген китептин 14 томдугу жарыкка чыкты. Китепти чыгаруунун башкы демөөрчүсү баягы эле Карганбек Самаков болду. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун «Бала Манас баяны», «Семетей», «Аккула» аттуу 3 китебин да чыгарып берди. «Эр Солтоной» деп аталган тарыхый чыгарманы да китеп кылып чыгарууга демөөрчү болду. Булар Карганбек Самаковдун кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн байытууга, маданий мурастарын сактоого жасаган аракеттеринин бир эле бучкагы. Мына ушул аталган китептерди басып чыгаруу үчүн миллиондогон сом жумшалды. Айрымдарчылап тапкан-ташыганын катып алса деле болмок, бирок эң ириде элдин намысын ойлогон К.Самаков, тескерисинче, «эң ириде элде болсун» дегендерге кирет.
Өткөн жылдын июнь айында Карганбек Самаков жетектеп барган делегация чоң жеңишке жетишти. ЮНЕСКОнун Генералдык ассамблеясынын 4-8-июнда өткөн жыйынында Кыргызстан
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар комитетинин мүчөсү болуп шайланды. Эгемендиктин тарыхында буга чейин Кыргызстан ЮНЕСКОнун бир дагы комитетине мүчө болбоптур.
Казакстан менен Монголия атаандаш болгон бул шайлоодо жеңишке жетиш үчүн кандай гана күч жумшоого туура келди. Буттары үзүлгөнчө чуркап, бирде элчилер менен, бирде ЮНЕСКОнун жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстан деле комитеттин мүчөсү болууга татыктуу экенин далилдеп, далбастап жүрүшкөнү – азыр тарых.
Эч болбосо мамлекет ЮНЕСКОнун жыйынына катышуу үчүн баргандарга командировкалык акысын да төлөп бере албады. Мында да 6 адамдан турган кыргыз делегациясынын барган-келген чыгымдарынын (болжол менен 1,5 миллион сом) баарын К.Самаков өз мойнуна алды.
Ал эми ошол эле ЮНЕСКОнун ноябрь айында болгон жыйынында дагы эле чыгымдарынын баарын көтөрүп, кыргызстандыктарды баштап барган К.Самаков кыргыздын ала кийизи менен шырдагын каттоодон өткөрүп келди.
Айрымдар «Манасын» деле, ала кийизи менен шырдагын деле каттатпай койсо эмне болот эле?» деши мүмкүн. Маданий мурастарды өз атынан каттатуунун мааниси чоң.Анткени бара-бара «Улут катары, кыргыз катары эмнең бар?» деген суроо жаралышы мүмкүн. «Манас» эпосу баштаган улуттук оозеки чыгармаларыңа ээ болбосоң, улуттук кол өнөрчүлүктөн жаралган буюм-тайымдарың башкалардын атынан катталып жүрсө, кыргыз экениңди далилдеп турган бир дагы рухий-тарыхый нерсең катталбаган болсо, анда кыргызды, кыргыз мамлекетин эч ким тааныбайт. Буга чейин эл болуп жашап келгениң, тарыхың, маданиятың бар экени менен эч ким эсептешпейт. Демек, элдүүлүгүңдү, улут экениңди ар дайым тастыктап, өзүңө таандык нерселериңди тарттырып жибербей, ар нерсени учурунда жасоонун мааниси чоң.
Өткөн жылы кыргыз элинин улуттук маданий мурастарын сактоого, элдердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана түбү түрк элдеринин тарыхын изилдөөгө кошкон зор салымы үчүн Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы Эл аралык фонддун алтын медалы ыйгарылганын да белгилей кеткенибиз ашыктык кылбайт. Ошондой эле жаңы жыл алдында Орусиянын Ооганчылар союзунун «Сиңирген эмгеги үчүн» ордени тапшырылганын да айта кетели. Орден деле жөн жеринен келе койбоптур. Кыргызстандагы Ооган жоокерлерине коюлган эстеликтердин эң чоңун, көрсө, К.Самаков куруптур.
Чакан макалада 2012-жылы эл депутаты тарабынан аткарылган иштердин айрымдарына эле токтолууга туура келди. Аткарылган иштер чынында эле жетишерлик. Жыйынтыктап айтканда, 2012-жыл К.Самаков үчүн жемиштүү да, жеңиштүү да жылдардан болду десек туура болор.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
fanatka19
2013-02-18 11:15:11
Акаевдин убугында.Самаков мени шайласанар Нарын шаарынын котормо кочосуно суу чыгарып берем деп соз берген.эмдигиче дайын жок.менин кошунам Нарын тв да иштеген Айнура деген эже бар ошол эже Самаковга чуркап чай,200сомдон акча тараткан да.эртеси ошол эже твдан Самаковдон интерьвю алып атат.сизди элге акча таратып атат деп атышат буга эмне дейсиз десе.Самаков бул жалган жалаа коро албастыктардын айтканы деп атпайбы.
+1
future_kg
2013-02-18 13:08:48
Тушунукту, элдин акчасын жеп! Кылган ишин,оз чонтогунон толоп жатканы!Азамат кылган кызматына 5 деген баа, акыркы жылдагы!
0
kalpakchan
2013-02-18 19:00:46
Азаматсыз чындап мекен учун куйгон адамдай кылган иштериниз,кытайлар манас эпосубузду талашып атат дегенде аябай ичиме туз куйгандай ачышты эле,бар экенсиз го,тарыхый иштерге кошкон салымдарынызга деги эле баардык аткарган иштеринизге ото чон баа бердим,мына сиз тарых барактарында туболуко кала бересиз,байлык учун курошуп жургон мансапкорлор алар эртен эле унутулат,негизи президентке татыктуу адамдайсыз,колдомокмун,ийгилик сизге дагы коп ийгиктеринизди кутобуз,алга кыргыз.
0
Kubanychbekkagan
2013-02-19 19:50:04
Отуруп алып акчаны деп анан акырын качып кеткен жок го бул инсан. Өзүнүн эмгеги менен игтеп тапканын шайлоодо чачып койсо чачкандыр, элдикин чачпаса болду да. Себеби бийликке таза шайлоо аркылуу жетүү биздин шартта мүмкүн эмес. Ал эми Карганбек мырзанын иштери айрым саясатчыларга караганда көп. алардын бири Манасты эле алсак жетиштүү го. Кытай каттатып алды эле кайра КЫргызстандын атынан каттатып келди. Бул чоң эмгек.
-1
aizish
2013-02-20 11:28:18
Кылган иштериниз жакшы экен Аллах ыраазы болсун! Кыргыз эли учун куйуп кылган иштеринизге чоон рахмат. Башкалар куном санагандай менде да суроо туулду акчаны кайдан табат? озунун эле уй-буломурун чыгымы деле бир канча болсо керек. Кайдан келсе да акчасы кыргыз элим учун кетиптир;-)
0
mahabat.
2013-04-21 08:10:03
оз чонтогунон миллиондорду чыгарган имиш.Ал эми ал миллиондор сиздин чонтогунузго кантип барып калды????!!!!
+1
Aike0909
2014-03-29 13:32:01
махабат милионду кайдан чыгарды сен экобуздун кандай ишибиз бар жакшы мен билгенден оорулуу адамдарга таланттууларга жумшады рестаран саунага эмес.ишинизге ийгилик бар болунуз.
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан