СУЮК ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

Аялзатынын көркү – чач экени талашсыз. Канчалык узун жана калың болсо, ошончолук көрк тартуулайт эмеспи. Бирок бардыгынын чачы мындай боло бербейт. Чачыңыз суюк жана жансыз болсо эмне кылуу керек?

СЫРА ЖАНА ЖУМУРТКА
1 даана жумуртка менен 50 грамм сыраны аралаштырып нымдалган чачка сүйкөө керек. Целлофан баштыкча менен ороп, 30 мүнөт кармоо сунушталат. Андан соң жылуу суу жана жумшартуучу каражатты колдонуп чайкап салыңыз. Эгер сыранын жыты кыжалат кылса, лимон кошулган арак менен чайкаган оң. Адатта, чачыңыздагы сыранын жыты 1-2 сааттан кийин өзү эле жоголот. Бул масканы 10 күндө бир кайталап туруу жакшы натыйжа берет.

КАРТОШКА МАСКАСЫ
Бир чоң даана картошканы сүр­гүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алуу керек. Ага эки кашык алоэ ширесин аралаштырыңыз. Муну чачтын түбүнө жакшылап сүртүңүз. Маска чачта 1 саат кармалат. Натыйжалуу болуш үчүн 7 күндө бир кайталап туруу сунушталат.

ЛИМОН
Кээ бирөөлөрдүн чачтары суюк жана алсыз болушат. Мындайда чачтын түбүн бекемдөө жана майдын ашыкча бөлүнүп чыгуусун азайтуу үчүн лимон мыкты каражат боло алат.
Ал үчүн бир лимондун ширесин сыгып алабыз. Ширенин өлчө­мүн­дөй суу кошуп аралаштыруу керек. Эми даяр болгон суюктукту чачка сүйкөп, чач түптөрүн 5 мүнөт укалоо зарыл. Андан соң кадимки суу менен чайкап коюңуз. Лимон бактерияларды өлтүрүүчү жана майдан арылтуучу касиетке ээ болгондуктан, айрым учурларда шампундун ордуна да колдонууга мүмкүн.

СУЛУ ҮЛПҮЛДӨГҮ
Сулу үлпүлдөгү даамдуу жана пайдалуу тамак гана эмес, чачтын бекемделишине өбөлгө түзүүчү каражат дагы.
3 аш кашык сулу үлпүлдөгүнө кастор майы жана 100 грамм сүт кошуп маска жасалат. Бул масканы нымдалган чачка жаап, 20-30 мүнөт кармоо абзел. Андан соң жылуу суу жана шампунду колдонуп жууп салыңыз. Чачтарыңыз дароо бекемделе түшкөнүн сезесиз.

Эскертүү! Чач табигый түрдө абада кургаганы оң. Фенди көп колдонуу чачтын майлануусун тездетет жана жансыз болушуна алып келет.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Evelet
2013-02-18 20:39:25
"Сулу улпулдогу" бул эмне?
0
jasmina_bt
2013-02-18 21:47:02
сулу улпулдогу дегенге тушунбодум
0
zinaidai
2013-02-18 22:38:51
сулу улпулдогу- бул овсянка
0
chinko
2013-02-19 01:17:20
Сулуу эле деп айтат. Орусчасы Овсянка.
0
saya4ka
2013-02-27 09:44:36
chinko, Сулуу - овсянка, сулуу улпулдогу - овсяные хлопья.
-1
nazka.nsk
2013-02-19 22:02:22
менинда чачым майлуу, лимон ширесинен даярдалган маска жагып турат
0
4everYoung
2013-02-20 07:21:18
Rahmat! =)
0
emantekova
2013-02-20 11:10:38
сыра деген эмне болду экен кечиресиздер?
0
Cyldyzka
2013-02-20 11:16:50
sıra degen pivo
0
kokjar92
2013-02-21 15:03:05
Магада лимон ширеси жагып туратда,сынап коруш керек экен...
+1
altinim
2013-02-22 18:09:35
супер инфо румяна(кечиресиздер кырг.билбейт экем) жо да маалымат жазсаныздар теринин тусуно карап кандай тандайбыз
ж.б.у.с. рахмат!
0
admin_media
2013-02-22 18:23:40
altinim,
Сунушуңузга рахмат! Тийиштүү бөлүмгө кабарлап коёбуз.
0
prinsessa
2013-02-24 08:50:39
Супер Инфонун жалпы жамаатына чон ыраазычылык билдиргим келет. Ар дайым ушундай супер маалыматтар, супер кенештер менен кыргыз элинин кубандырып журо бериниздер.
+1
prinsessa
2013-02-24 08:53:10
Создорумдо каталар болсо кечирим сурайм, чет олкодо жашагандыктан ушундай болуп калды.
0
chikago
2013-03-18 06:10:24
Мага дагы кенештер жакты рахмат супер инфонун жамаатына, бир гана айта кетчу нерсе эгерде генинде апандыкы
Же атандыкыбы чачы суюк сергек болсо анда сенин чачын омур бою ошондой эле болот ал эми жогорудагы кенештер
Профилактика
чачты коюлатпайт бекемдебейт чач тушсо кайра осуп чыгат:-):-)
0
Rostov-on-Don
2013-03-18 17:35:19
Менин да торогондон кийин чачым аябай тушчу болду жогорудагыдай сыра менен жумуртканын сарысынан маска жасадым эле тып тушпой калды.Эн жонокой,эн оной маска экен.Сиздерге чон рахматымы айтамын.
0
safoo
2013-03-26 10:59:44
какачты кантип кетирсе болот???
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан