ЭМНЕ ҮЧҮН СҮТ ТИШТЕР ТҮШӨТ?

Эмне үчүн адамда дароо эле түшпөй турган тиштер чыкпайт? А эмне үчүн алгач сүт тиштер, анан гана туруктуу тиштер чыгышы керек? Изилдеп көрөлү.
Ымыркай торолгуча сүт менен гана азыктангандыктан, ага бул учурда тиштин кереги жок. Тиш керек болот качан, бала катуураак тамакка өтө баштаган кезде. Башкача айтканда, анын 6-9 айлык кезинде. Сүт тиштердин саны 20 гана. Бул кезде баланын жаагы да кичине болот. Бала чоңойгон сайын жаагы да чоңоё баштап, бирок тиштер чоңойбой, ошол бойдон кала берет. Андыктан 6 жаштагы балдардын тиштеринин аралары ачык болуп калат. 6-7 жаштагылардын сүт тиштеринин ордуна туруктуу тиштер түптөлө баштайт. Бул процесс сүт тиштердин тамырын бошотуу менен коштолот. Андыктан тиштер бошоп, кыймылдап калат. Сүт тиштердин тамыры кичирейип, тишти кармай албай калганда алар түшүп, ордун 28 туруктуу тишке бошотуп беришет. Туруктуу тиштердин өсүп бүтүшү 12-13 жашка чейин созула берет.
Демек, сүт тиштердин түшүшү, биринчиден, жаактын чоңоюп, ал эми тиштин өспөй, кичине бойдон калышынан.
Экинчиден, сүт тиштеринин милдети – туруктуу тиштерге орун көрсөтүп берүү. Эгер сүт тиш убактысынан мурун түшүп калса, анда туруктуу тиш өсүп чыгар ордун билбей, кыйшык чыгып калышы мүмкүн.
Жогоруда 28 тиш деп айтылды, ал эми 4 тиш кайда деп таң калып жатасызбы? Ал 4 тиш акыл азуулар деп аталып, 17-21 жаштын ортосунда өсүп чыгат. Бирок жашоодо кээ бир жаагы кичинекей адамдарда акыл азуулар өспөй, 28 тиш менен жашай беришери аныкталган.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Begim8678
2013-02-18 11:16:04
а менин сут тишим 19 жашымда тушуп, ордуна жаны тиш чыккан.
0
jonokoi_myrza
2013-02-18 11:21:14
Эсимде,нан чайнап жаткан учурда 3 тишим бошоп нанга аралашып кошо чайналганы:)
0
maha_zum
2013-02-19 01:04:50
6-7 jashtagi balanin sut tishin kurt bolgondo juldursa bolobu,anin tushkonun gutboy...
0
boris8907
2013-02-24 14:53:51
Менин 28 эле тишим бар 24 жаштамын акыл азуудан дайын жок
0
Rostov-on-Don
2013-03-18 17:28:19
boris8907, Акылына кире электирсинда тамаша!
0
Kg.lady
2013-03-07 15:21:59
Boris8907 акыл азууларын сени издеп жургон кечээ,тээ чон трассада...:))))(тамаша)
0
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан