ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ АРНАЛГАН КЕЧЕ ӨТТҮ

Баткен шаарынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде Ооган согушунун ардагерлерине арналган кече өткөрүлдү. Ардагерлер үчүн мектептин окуучулары спектакль коюп, мекен жөнүндө ырларды аткарып беришти. Кеченин концерттик бөлүгү аяктаган соң кийинки бөлүгү маектешүү менен улантылды. Ардагерлер окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Бул иш-чара боюнча аталган мектептин директору Айгүл Алдашева:
– Бүгүн «Ооган согушунун ардагерлерине таазим!» деген ураан менен маданий кече өткөрдүк. Биз 9 жылга созулган Ооган согушунун ардагерлерине сый көрсөтүүнү, азыркы учурда окуучулар бул согуш тууралуу анча биле беришпегендиктен, аларга кеңирирээк маалымат жеткирүүнү максат кылганбыз. Максатыбыз ишке ашты, ага өтө кубанычтабыз. Ардагерлер да окуучуларга ыраазы болушту,- деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан