12-февралда Баткен шаарынын мэри шайланды. 28-январда болгон шаар башчыларын шайлоодо талапкерлер жетиштүү добуш ала албай, шаар мэри шайланбай калган эле. Экинчи жолу шайлоо болуп, бул жолу 6 партиядан талапкерлерди көрсөтүштү. «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары биригип, Мамашарип Орозбаевди талапкерликке сунушташты. Ал эми «Замандаш-Современик», КСДП, «Республика», «Ата Мекен» саясий партиялары коалиция түзүшүп, Жаныбек Жалаловдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.
Шайлоого 31 депутат катышып, 12 депутат Мамашарип Орозбаевге, ал эми 18 депутат Жаныбек Жалаловго добушун беришкен. Ал эми 1 бюллетень жараксыз деп табылган. Натыйжада 18 добуш менен Баткен шаарынын мэри болуп Жаныбек Жалалов шайланды.
Жаңы шайланган мэр буга чейин КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип келген.