Шаардын башкы бул көчөсүнөн эртең менен ар ким өз ишине шашып, ары-бери өтүп жатты. Алардын бири да ушул жолдун боюнда жаткан пендеге көңүл бөлүп койгон жок. Себеби бул көрүнүш оонап жаткан пенденин өзүнө да, ары-бери өткөн адамдарга да көнүмүш эле. Качан гана күн тийип, өзүнөн тер, ага кошо жагымсыз жыт чыга баштаганда ордунан козголду. Алгач башын көтөрүп, шишик көздөрү менен айланасын карады. Башы ооруп, ичегиси үзүлгүдөй. Үстүндө колтугу жыртылган костюм, шым менен көлөч. Кечинде эмне жеген, эмне ичкенин эстей албады. Жашы деле улуу эмес, 25-30 чамасында.
Колун таянып турууга аракет кылды. Бирок болбоду, көзү караңгылап, телтеңдеп барып отуруп калды. Кайра аракеттенип жөрмөлөп барып, дубалды сүйөнүп өйдө турду. Эми эптеп Исмарга баруу керек.
Бул пенде ичимдик ичкенди адатка айлантып алган, кээ бир күндөрү ага акча таппай калчу. Андан-мындан акча сурап, керек болсо кара жумушун жасап берип акча алчу да, кайра ушул кейпин кийчү. Ушинтип жүрүп ал Исмарга жолуккан. Бирок Исмар аны көчөгө коё бербеди. Караса колунан жакшы эле иш келет. Ичкени эле болбосо, жаман адаты жок экен. Исмар аны ичимдиктен арылтуу үчүн ар кандай ишке алаксытып жүрдү. Күндөрдүн биринде Исмар аны тээ тоо тараптагы дарбыз-коон эгилген талаасына алып келди. Эки күндөй талаада жүрүштү. Эртең мененки шүүдүрүмдө, кечки салкында бул жер ажайып кооз эле. Салкын жел, таза аба, кооз талаа... Айлана тыптынч…
Исмар аны кароол кылып ушул жерге калтырып койду. Жеп-ичкенге тамак-аш, коопсуздук үчүн мылтык, тузунан ширеңкесине чейин таштап кетти. Базар болгон күндөрү экөө дарбыз-коондорун базарга алып чыгышат.
Канчадан бери ичпей Исмардын ишеничине кирип калган болчу. Арагын да токтотуп калган. Бирок бир күнү ал дайынсыз жоголду. Уурдана качып келип, көчөдө ичмей адатына өтүп алды. Бир күн ичти, эки күн ичти, көчөдөгүлөр да акча бермек тургай жакын жолотпой коюшту. Айла жок Исмарга кайра баруу керек. Бул пенденин эмне үчүн минтип ичип жүргөнүн эч ким билбейт. Өзү да эч кимге айтпайт, муң-зарын ичимдиктен чыгарып жүрөт…
Эски көлөчүн сүйрөп, эл аралап ал Исмардын үйүн көздөй жөнөдү. Алдынан чыга калган адамдар андан жийиркенип, жаман көзү менен карап, айланып өтүп жатышты. Кээси ага угуза сүйлөнүп өтүшөт. Ал болсо эч нерсени уккан да, сезген да жок. Ичинде күйүтү күчөп, аны басууга айла таппай, өз ою менен баратты…
Буттары көздөгөн жерине түшпөй теңселет. Элге кошулуп жолдун аркы жагына өтүүгө белсенди. Тынбаган унаалардан башы айланып, шаштысы кетип, жолдун ортосунда калды. Аңгыча ары-бери өтүп жаткан эл «карс», «чайк» деген добуштан жолду тигиле карап калды. Жанагы жолдун ортосунда теңселип турган пенденин көлөчү гана калып, өзү тээ ыраакта чалкасынан жатты. Аны бир килейген чоң машина сүзүптүр. Андан башында ак жоолугу бар келин түшүп чуркап келди да, калтыраган колу менен башын көтөрдү. Анын мурун-кулагынан кан агып турду. Жарааты жеңил эместей. Келин коркконунан:
– Ага, тирүүсүзбү? Ага мен… Мен,- деп баратып сөзүн жутуп туруп калды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Дароо тааныды, ичкиликтен кейпи кетип калса да, ошол эле көздөр экен. Аттиң, бул көздөр канчадан бери сагынышып жүргөн эле. Экөөнүн тең көздөрүнөн мөлтүр жаштар тамып жатты. Үнсүз, бирине-бири сагынычын айта албай, бул жолугушууда жүздөрүндө жылмаюу эмес, качандыр бир кезде айрылышуудан пайда болгон жүрөк жаралары козголуп, көздөрүнөн мөлтүр жаштар акты. Экөө бир кезде сүйүшүп жүргөн эле, бирок тагдыр буйругу менен айрылышып кетишкен. Байкуш адам тек жарыкчылыкта ушул жолугушуу үчүн жашап жүргөндөй, кууралдын баарын ушул нерсе үчүн тартып жүргөндөй эле. Эми минтип жолугушуп отурушат.
Кара көз, чийме каш келин качандыр бир мезгилде анын ашыгы эле. Эч нерсе оюна келбеген ал калтыраган эриндерин кыбырата бир нерсе дегенге аракеттенди. Анда тиги:
– Жок, жок, кереги жок! Эч нерсе дебе!- деди.
Бир азга аны суктана карап:
– Эч өзгөрбөптүрсүң! Эми бактылуу бол… Бактылуу бол…- деди араң.
Ошентип, шордуу пенде азап болгон түбөлүк сүйүүсүн арнаган ашыгынын колунан акыретке сапар алды.