ЭЛГЕ СҮТ КЕРЕКПИ ЖЕ ЖЕР ТИЛКЕСИБИ?

Кочкор районуна барганымда жергиликтүү калктын арыз-муңуна кулак салбай коё албадым. «Оокатым калып, кагаз ала чуркап, соттошуп жүрүп күн өтчү болду» деген Теңдик айылынын тургуну, сүт-товар фермасынын башчысы Конокбай Саманчиев жергиликтүү бийликке нааразычылыгын айтып өттү.
– 1998-жылы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 25 гектар жер аянты «Теңдик» кичи сүт-товар фермасына 99 жылга ижарага чыгарылган. Ал эми буга кошуп токой аянтынан да 25 гектар жерди уйга жайыт катары алып, ижара акысын төлөп турчумун. Кийин ал 25 гектар токой аянтын кайра өткөрүп берип, өзүмө 25 гектар жер аянтын алып иштетип, ижара акысын калтырбай төлөп келе жатам. Аталган жерден сүт берүүчү уйларга тоют жыйнайм.
Өзүм кесибим боюнча агрономмун. Америкага чейин барып окуп келгем. Жерди кантип иштетүү, канча жыл эс алдыруу керек, кандай жерге кандай эгин, дан азыктарын өндүрүү керек экенин адис катары жакшы билем.
Мага ижара катары берилген 25 гектар жер иштетилбей, канча жыл бою бош жаткан. Аянтты алгандан кийин алгач уйларды сатып алып, сүтүн айылга тарата баштадым. Анан сүт-товар кичи фермасын мыйзамдуу түрдө бардык юридикалык каттоолордон өткөрүп, уйдун санын көбөйттүм. Райондук оорукана сүт азыктарына муктаж экенин тендер аркылуу жарыялаганда мен ал тендерди жеңип алдым. Учурда Кочкор үй-бүлөлүк медицина борборундагы, Кочкор аймактык ооруканасындагы жана тубдиспансердеги бейтаптарды сүт менен камсыз кылып турабыз. Ушуларды эл үчүн жасап жатканыбыз эске алынбай, бул жер аянтын жакыр жашагандарга бөлүп беребиз деп жатышат.

Конокбай мырза менен аталган фермага барып, жеринен көрүп баамдоону чечтик. Чындыгында, короо-жайы мактанарлык эле экен. Иштеп жатыптыр деп ишенсе болот. Кире бериште чака, фляга толо сүттөрдү «сатыкка даяр» деп көрсөттү.
Иштин чоо-жайын толуктоо үчүн экинчи тарап катары Кочкор айыл округунун башчысы Эркинбек Садыковго жолугалы дедик. Айыл башчысы Кочкордун борборундагы иретсиз токтогон унааларды тартипке келтирүү үчүн бетон тосмолорду койдуруп жүргөн экен. Талаш жер маселеси тууралуу сурообузга айыл өкмөтү мындай жооп берди:

– Биз «Теңдик» кичи сүт-товар фермасына берилген 25 гектар жерди колунда жок үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп берели дегенбиз. Бул максатта жерди ижарага берүүдөн кайтарып алууга арыз менен райондук сотко кайрылдык. Бирок бир нече далилдерге карабастан, 5 жолу тең сүт-товар фермасынын башчысы Конокбай Саманчиевдин пайдасына чечип берип коюшту. Бул чечимге макул эместигимди билдирип, Жогорку Сотко кайрадан арыз менен кайрылдым. Себеби Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Кочкор айылдык округуна тиешелүү жана жер аянттарын ижарага берүүсү Кочкор айылдык округу тарабынан чечилет. Ушул эле мыйзамдын 7-беренесине ылайык, жер аянтын ижарага берүү 50 жылдан ашпаш керек. Ушундан улам Кочкор райондук мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фонду жерди 99 жылга чейин берүүгө укугу жок. Экинчиден, Кочкор мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан 25 гектар жер аянты «Теңдик» кичи сүт-товар фермасына бөлүнүп берилген. 1998-жылы каттоодон өткөн боюнча кайра катталган эмес. Андыктан Конокбай Саманчиев 25 гектар жер аянтын мыйзамсыз ээлеп тургандыгы анык болуп калды. Жерди кайра бөлүштүрүү фондуна кайтарып алгандан кийин жакыр үй-бүлөлөргө иштетүүгө ижарага бөлүп беребиз.
Жеке пикир келишпестиктер эмес, элдин жагдайын ойлоп, бул маселе карапайым калктын пайдасына чечилет деген ойдо Нарын шаарына кайттык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан