МАЛ УУРДАГАНДАРДЫН ЭҢ КЕНЖЕСИ 14 ЖАШТА

«ТООК УУРДАЛДЫ ДЕП КАБАРЛАБАЙ ЭЛЕ КОЁЛУ ДЕГЕНБИЗ»
Айыл жергесинде кирешенин бир булагы – мал экендиги чындык. Жакында милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде элдин мал-мүлкүнө кол салып келген 13 адамдан турган үч топ колго түштү. Өкүнүчтүүсү, кылмыштуу топ мүчөлөрү студенттерден жана жаш өспүрүмдөрдөн турат. Маңдай тери менен тапкан малын короосунан ууруларга алдырып жиберген Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын тургуну ГҮЛНАРА БАЙГАШКАЕВА минтип билдирди:
– Учурда төрт-беш бодо, элүүгө жетпеген майда малыбыз бар. Акыркы күндөрү «айылда уурулар күч алып жатат» дегенди угуп жүрсөк деле, маани бербептирбиз. Өткөн жылдын аягында 19 тоогубузду алдырып ийгенбиз. Бирок эми тоок үчүн милиция кызматкерлерине кабарлабай эле коёлу деп койгон элек. Ал эми 15-январдан 16сына караган түнү корообуздан беш коюбузду уурдатып жибердик. Болгондо да чоң-чоң койлорду тандап алып кетишиптир. Ошентип, бир түндө эле отуз миң сомго зыян тарттык. «Ууру алыстан келбейт» дегендей, сураштыра келгенде койлорубузду кошунабыздын жээни, айылдагы эле балдар алышкан экен. Бир айылда жашап жатпайбызбы деп сот болгончо үй камагына чыгарууга макулдугубузду бердик.

«АЛГАЧ УУРДАП ЖАТКАНЫБЫЗДЫ БИЛГЕН ЭМЕСМИН»

«Бешиктен бели чыга элек жатып уурулук кесипти тандаган балдарга эмне түрткү болду экен, а балким, жаш балдар кылмыш кылып жатканын чындап түшүнбөгөн чыгар?» деген суроолорго жооп издеп, кылмышка шектелип Каракол шаарындагы убактылуу кармоо жайында камалып отурган балдар менен маектешип көрдүк.

Дөөлөт: – Мен Каракол шаарында жашайм. 5-декабрда Боз-Булуң айылынан эки кой уурдап чыгып, тааныш эле бир инибизге сатып жибергенбиз. Эки койду арзан баада, алты миң сомго бергенбиз. Бирок акчасы көзгө көрүнбөй эле жоголуп кетти.
Нурбек: – Бир күнү дос балам «атамдын үйүнөн кой алып чыгам» деп бизди айылына алып барган. Алгач мен уурдап жатканыбызды билген эмесмин. Бир топ убакыт өткөндөн кийин айтышканынан артка кете албай калгам. Экинчи жолу Кызыл-Суу айылынан төрт кой уурдаганбыз. Анда кылмышка барып жатканымды билгем. Бир жуманын ичинде алты кой уурдаганбыз.

Ак-Суу райондук ИИБнин башчысы, милициянын полковниги ЖЕҢИШБЕК ТҮЛӨЖАНОВ:
– Ак-Суу районунда көйгөйлүү маселелердин бири – дал ушул мал уурулук. 2013-жылы январь айында мал уурулук менен алектенген үч топ кармалды. Бүгүнкү күндө аларга карата төрт фактынын бети ачылды. Анын эки фактысы 2012-жылы катталса, экөөсү быйылкы жылы катталган. Кармалган топ уурдалган малды касапчыларга тааныштары аркылуу өткөрүшкөн же мал базарга кирбестен, сыртынан сатып жүрүшкөнү маалым болду. Белгилей кетсек, бул кылмышка шектүү адамдар тарабынан акыркы бир айда эле он эки кой жана бир жылкынын уурдалганы аныкталган. Топто жаш өспүрүмдөрдөн бешөө, эң кенжеси он төрт жашта. Бүгүнкү күндө жашы жете электерге иш козголот, бирок баш коргоо чарасы үй камагына алынат.

 

Бул сыяктуу көрүнүш Ак-Суу районунда гана эмес, башка аймактарда да болсо керек? Бул суроого Ысык-Көл облустук ИИББнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы ТИЛЕК ТҮКЕБАЕВ төмөнкүчө жооп берди:

– Облус аймагында мал уурулук боюнча январь айында 12 кылмыш иши катталып, анын алтысына кылмыш иши козголуп, бешөөнүн бети ачылды. Биздин ишибизге мал базарлардын түн ичинде иштеп башташы тоскоол болот. Уурдалган малдардын сатылып кетиши, оорукчан малдарды алдап саткандар, жасалма акча колдонгондор, баары мал базардын караңгыда башталышынан болууда. Бул боюнча бир канча жолу базар жетекчилерине, облустук администрацияга кайрылганбыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан