«ООГАНСТАНДЫН ЫСЫК АПТАБЫНДА АЖАЛ МЕНЕН АРБАШТЫК»

15-февраль – Советтик жоокерлердин Ооганстандын аймагынан чыгарылган күнү катары Кыргызстанда белгиленип келет. Талас шаарындагы «Талас облустук ооган согушунун ардагерлеринин коомдук бирикмесине» барып, алардын иштери туурасында ой бөлүшүп кайттык. Аталган бирикме 15 жылдан бери эмгектенип келет. Бирикмеге шаардык өз алдынча башкармалык тарабынан жардам катары Таластын базарынан автоунаа токтоочу жай бөлүнүп берилип, андан түшкөн каражат ардагерлердин ар кандай муктаждыктарына жумшалып келет. Алгач эле бирикменин жетекчиси Курманбек Дүйшеев менен маек курдук.

– Саламатсызбы, бул күн сиз үчүн майрамбы?
– Көбүрөөк эскерүү болуш керек. 15-февралда биз борбордук аянтта ооган согушунда курман болгон аскерлерибизди эскерип гүл коёбуз. Ошондой эле бул күнгө арналган расмий иш-чара өткөрүлөт.

– 2 төңкөрүштө тең тажрыйбалуу жоокер катары эл башында турганыңарды байкаган элек...
– Согушту көрүп келген адам катары акыркы жылдардагы өлкөбүздөгү ар кандай ызы-чууларда элди сабырдуулукка чакырабыз. Буга чейинки болуп кеткен республикалык деңгээлдеги чоң ыңкылаптарда элди сабырдуулукка чакырып, бөөдө өлүм болуп кетпешине өз салымыбызды кошуп, өлкөдө стабилдүүлүк орногучакты элдик кошуундарга чыгып жүрдүк. Мындан сырткары Апрель окуясында Талас шаардык мэриясы бейбаштар тарабынан жабыркабасын деп бардыгыбыз күнү-түнү кайтарууга алып турдук.

ЖЕКШЕН БЕЛЕКОВ, ооган согушунун ардагери:
– Жекшен байке, ошол мезгилдеги окуялардан эскерип берсеңиз
?
– Мен аскерге чакырылган 1979-жылы Ооганстанга советтик аскерлерди жаңыдан киргизип баштаган экен. Ооганстандын бүт жерин кыдырып чыктым. Ал жерде дайым үп болуп турат. Атайын тапшырмага чыкканда бардыгыбызга 1 гана фляга суу берилет, 15 күнгө жеткиресиң деп. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, ошондой ысыкта тиги флягадагы суу кайнап чыгат. Анан ичип көр аны. Айтор, көп эле кыйынчылыкты баштан өткөрдүк, ажал менен ар бир мүнөт арбаштык. Азыр согушту көрүп келген жаным өлкөдө эң башкысы тынчтык болсун дейм. Эч качан бала менен эненин ыйы угулбасын, жерибизде токчулук, бейпилчилик орносун!

Ооган согушунун ардагерлерине берилип жаткан жардамдар тууралуу Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы ТУРСУН КЫДЫРБАЕВА төмөндөгүлөргө токтолду:
– Бүгүнкү күндө Талас шаарында 41 ооган согушунун ардагери бар. Анын ичинен үчөө майып. Мамлекет тарабынан ал үчөөнө 7000 сомдон, калган 38 ардагерге 6000 сомдон компенсация төлөнүп келет. Мындан сырткары шаардагы эмканадан жылына 1 жолу толук текшерүүдөн өтүшөт. Бишкектеги атайын госпиталга барып дарыланып турушат. Баары бекер.

– 15-февралда боло турган иш-чарага шаардык жетекчиликтен кандай колдоолор көрсөтүлмөкчү?
– Бул күнү Талас шаардык социалдык камсыздандыруу башкармалыгы тарабынан ооган аскерлерине 30 миң сомдук акчалай жардам көрсөтмөкчүбүз. Алардын кырчындай жаш кездеринде Ооганстандын ысык аптабында патриоттук сезим менен Ата Мекен үчүн деп өткөргөн жаштыгын, кала берсе кээ бирлеринин кайтпас өмүрүн алган атуулдук милдеттерин эч ким эч качан унутта калтырбашы керек деп эсептейм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 537, 15-21-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан