Өлкөнүн вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Талас облусунда болгон иш сапарында облустун жетекчилерин ак ниеттүүлүк менен иштөөгө чакырды. Ал: «Азыркы күндө өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн таза иштешибиз керек. Талас облусунун өнүгүүсүнө көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул жерде алтын, күмүш жана башка баалуу минералдык заттардын кендери бар. Буларды аң-сезимдүү колдонуу менен биз аймактын экономикасын байыта алабыз. Кыргызстандын туруктуу өнүгүү стратегиясында чоң маани аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Ошондуктан бардык жетекчилерди көңүл буруп, анда келтирилген багыттардын жана максаттардын үстүндө иш алпарууңуздарды өтүнөм»,- деп белгиледи.