СУЛТАН ИБРАГИМОВ

ФРАНЦУЗДАРДЫН ООЗУН АЧЫРГАН УЛАН
Болочок мушкер бокс менен 17 жашында Ростов-на-Дону шаарындагы финансы техникумуна тапшыргандан тартып машыга баштаган. Алгачкы машыктыруучусу Анатолий Черняев менен да дал ошол окуу жайынан таанышкан. Көп өтпөй жөндөмдүү дагестандык бала Анатолийдин промоутер болуп иштеген досу Рамазан Абачараевге жагып калат. Абачараев Султанды Россиянын белгилүү мушкерлери менен беттешке алып чыга баштайт. Жаш муш­кер бат эле көзгө көрүнөт да, Россиянын курама командасына алынат. Султан команданын машыктыруучусунун ишеничин актап 1999-жылы Россиянын чемпиону болуп чыга келет. Ушул эле жылы Султан Финляндиянын Тампер шаарында өтө турган Европанын чемпионатына катышат. Рингге француз Жексон Шане менен чыгат. Таймашта Султан каршылашына карай өзүнө таандык оор, таамай муштарын жамгырдай жаадырат. Натыйжада, Шане рингдин таманына кулап түшөт. Француздун трусасынан машыктыруучусу майдаланып бөлүнүп кеткен “ракушканы” алып чыкканда Султандын күчүнө тан берип оозу ачылат. Машыктыруучу, дегеле француздар минтип “ракушканы” бычыратып жиберген күчтүү мушкерди көрүшө элек болчу. Бирок, Султандын дал ошол жука чурайга ургандары эрежени бузгандыкка киргендиктен, ал алтын медалга жетпей, күмүш медалды мойнуна илет. Ушинтип ал өзүнүн келечектеги эң мыктылардын бири экендигин тастыктоого жетишет.

ОЛИМПИАДА-2000ДЕГИ ЗОР ИЙГИЛИК
Ийгиликтери Султанды 2000-жылы Сиднейдеги Олимпиадага тандоо турнирине катышууга укук алып берет. Чехияда өткөн аталган турнирдин финалына жөнөөрдө Султандын бир тууганы кайтыш болуп, турнирге мушкер чоң аза менен аттанат. Султан рингге кубалык легендарлуу Феликс Савон менен чыгат. Феликс Олимпиадалык оюндардын эки жолку жеңүүчүсү эле. Ал менен беттешкендер анын мушунан камгактай учуп, рингден бутун араң сүйрөп чыкчу. Султан Феликс менен рингге чыкканда эл Султанды сөзсүз эле жеңилет го деп тынып калышат. Антсе да Султан кубалыктан калышпай муштарды узатып жатып, акыркы раундда гана упайдан уттуруп коёт. Бирок, таймашта Султандын мыктылыгы аныкталып калган соң, анын фамилиясы Олимпиадага баруучулардын тизмесине кошулат.
Айткандай эле Султан Сиднейде күмүш медалды камсыз кылууга жетишет. Жаш мушкер туулган жерине кайтып келгенде аны Достук ордени күтүп турган.
Ошондой эле ал ушул жылы спорттун эмгек сиңирген чебери наамына ээ болот.

ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛУУ
2002-жылы Султан профессионалдар катарына өтүп, жаңыча жашоо баштайт. Менеджер Борис Гринберг менен келишим түзүп, АКШга кетет. Борис океан артындагы жашоого керектүү нерселердин баары менен камсыз кылып тургандыктан, Султандын көңүлү бир гана бокска бурулат. Бул Султанды рингде чоң жеңиштерге жетишүүсүнө түздөн-түз көмөк болот.
Султандын АКШда мушташты агрессивдүү түрдө жүргүзүшү, эки колу менен тең каршылашын нокаутка жибере алышы, кандай каршылашы болбосун алардын алдында аскадай кебелбей турушу атайын адистер менен бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Мындай артыкчылыгы Султанды бат эле популярдуулукка жеткизет. Аны күйөрмандары “орус аңчысы” кличкасына кондурат. Султан 10 килограммга толуп, денеси таштай чыңалып чыга келет. Машыгуу жана чоң рингдерге чыгуу кезинде ал белгилүү мушкерлер менен кездешип, алардай болуу үмүтү ого бетер алоолойт.
2002-жылы рингге белгилүү мушкер Эл Коул менен чыгат. Эл мушташта болгону 3-раундга гана жетет. Себеби, 3-раундда аны Султан нокаутка түшүрүүгө жетишет. Ордунан зорго турган Эл оюндан баш тартат.
2003-жылы Султан рингден каршылашы Чед Батлерди катуу муш менен кабыргасын сындыра койгондуктан, аны тез жардам рингден түз эле ооруканага алып кетет.
Ошондо Султан дүйнө чемпиону наамына ээ болот.
2004-жылы Султанага оор салмакта WBO версиясы боюнча чемпиондук наам үчүн рингге америкалык Жеймс Уолтон менен чыгуусуна туура келет. Жеймс тажрыйбалуу, амал-айлаларды жакшы билген мушкер эле. Султан АКШдагы рингге Россия гимнинин астында чыгат. Уюштуруучулар рингди мушташка толук даярдап үлгүрүшпөгөндүктөн, рингдин бурчтары аркан менен тосулбай калган болуп чыгат.
Беттеш бири-бирин тиктешип, акырындан күчтөрүн салмактоо менен башталат. Антсе да 1-раунд бүтпөй жатып, Жеймс Султандын оор мушунан теңселип тең салмагын жогото баштайт. 4-раундда күүлөнүп келип тийген укмуштай катуу муштан рингдин аркан тартылбай калган жеринен учуп барып, судьялар отурган столго кулап, андан сыйгаланып барып көрүүчүлөрдүн бут алдына жатып калат.
Ордунан тиштенип зорго турган Жеймс оюнду улантуу үчүн рингге келет. Бирок, көп өтпөй эле Султандын кезектеги мушу башына тийип, ка­шы жарылып кетет. Султандын кийинки мушу нокдаунга жеткирет. 6-раундда ре­фери Жеймстин денсоолугунан чочулап, оюн­ду токтоттурат. Ошентип, фортуна бул жолу да жаш мушкерди колдоп, ал жеңип чыгат.
2005-жылы апрелде Султан WBO версиясы боюнча Азия-Тынч океан аймагынын чемпиондугу үчүн таймашка “Тоо” кличкалуу америкалык Зури Лоуренс менен чыгат. 4-раундда Султан аскадай заңкайган каршылашын нокдаунга жиберет. Зури ордунан турганы менен жандуу оюн көрсөтүүгө жетише албайт. 9-раундда ал эки ирет полго кулап түшөт. 11-раундда Султан аны дагы бир ирет нокдаунга жибергендиктен, рефери оюнду токтотот. Ошентип, Султан чемпиондук наамдарынын санын дагы бирге кө­бөйтөт.

МАЙК ТАЙСОНДУН КОЛДООСУНДАГЫ ЭҢ ЧОҢ ЖЕҢИШТЕР
Султандын америкадагы башкы машыктыруучусу Карлос Умберто “Панама” Льюис атактуу мушкер Майк Тайсон менен жакындан тааныш болгондуктан, Султан ал аркылуу Майк Тайсон менен таанышууга мүмкүн­чүлүк алат. Тагыраак айтканда, Майк Султандын машыгып жаткан учурунда аны карап отуруп, жаш экенинде өзү да дал ушинтип Султанча мушташа тургандыгын эстеп, аны өзүнө окшоштуруп ичи жылып чыгат. Майктын ою боюнча, Султан өзүнүн кайра жаралышы эле. Ошондуктан, Султан рингден чыкканда Майк аны менен таанышып, ошол жерден эле “орус иним” деп атап алат. Ошондон тартып Майк Султандын машыгууларына катышып, ага керектүү кеңештерди айтып, көтөрмөлөөгө өтөт.
Ушул эле 2005-жылдын декабрында Султан менен америкалык Лэнс Уайтекердин IBF жана WBO версиясы боюнча континенттер аралык чемпион наа­мы үчүн таймашы белгиленет. Таймаш күнү Майк келип, рингдин бурчунан орун алып, таймаш учурунда Султанды сү­рөп баштайт. Тыныгуу кезинде эми кантип мушташуу керек экендигин айтып берип турат. Мунун натыйжасында Султан 7 раунд ичинде Лэнсти 3 ирет нокаутка түшүрө коёт. Америкалык мушкер 4-раундда Султан менен тең чамал муш­ташууга жетишкенине крабастан күч жана айла-амал жагынан андан чабалдык кылат. 7-раундда Султан Лэнстин оң көзүнүн үстүн жара муштайт. Кан жайыла бергендиктен, рефери оюнду токтотуп, врачты чакырат. Жардам көрсөтүлгөн соң, судья оюнду улантууга уруксат берет. Бирок, Лэнс “көзүм жакшы көрбөй жатат” деп оюнду улантуудан баш тартат.
Майк рингге чыгып, Султанды жеңиши менен куттуктап, элге “Султан – дүйнөдөгү оор салмактагы күчтүү мушкерлердин бири” деп жарыя салат. Султан өзү болсо: “Майк мага “эгер анык эркек болсоң, утулууга акың жок” деген. Мен ага жана досторума жеңүүгө убада бергем. Мен убадамда турдум” деп баяндаган интервьюсунда.
Ошентип, Султан техникалык нокаут менен утушка ээ болуп, континенттер аралык чемпион болуп калат.
Бул жеңишинен кийин Султан дагы бир канча ирет рингге аттуу-баштуулар менен чыгып, жеңишти эч бирөөсүнө тарттыра койбой келе жатат.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан