Мен кылым аша жашаган Райля эненин босогосун аттадым. Жүзүмдөн өөп учурашкан энеге чоо-жайымды түшүндүрсөм, дароо эле өзү жөнүндө сөз баштады. Маек арасында экөөбүз кагаз алып, канча небере, канча чөбөрөсү бар экенин эсептек чыктык. Эненин 11 баласынан 50 небереси, 38 чөбөрөсү бар экен.
– Атам жашымда эле каза болуп калган экен, аны жакшы эстей албай калдым. Эсимде калганы, ал каза болгондо өлүгүн атка артып келишкен. Апам тиричилик түйшүгүнөн кыйналдыбы, кийин турмушка чыкты. Ал кишиден бир уулдуу болду, өгөй атамдын жанында кагылып-согулуп жүрүп эс тарттым. 12 жашымда мени турмушка узатышты. Биринчи турмушумдан ажырашып, кайра апамдын колуна келдим. Кийин ата-энем мени экинчи жолу күйөөгө узатышты.
Таң калганым, Райля эне экинчи күйөөсүнө 8-жубайы болуп турмушка чыккан экен. Анын ага чейин алган аялдары төрөбөй жүрүп, анан Райля энеден 11 балалуу болуптур. Сөз арасында ал «менин балдарым бирден эле аял алышты го негедир, билбейм...» деп жылмайтты бизди.
– 17 жашымда улуу кызымды төрөдүм. Ал азыр 85 жашка толду, мендей эле кемпир. Согуш маалына туш келген өмүрүмдө кыйын күндөр өттү. Кырманда иштеп, буудай уурдап келчүмүн үйгө. Бир күнү ошентип бир кочуш буудай уурдап келген элем. Кимдир бирөө байкап калып айтып койсо керек, үйгө тинтүү кылганы келип калышты. Текшерүүчү орус улутунан болчу, сөзүн жакшы түшүнбөйм. Астанадан аттаганда эле желкесине эки муштап туруп, бар күчүм менен түртүп чыгарып койдум эшикке. «Куда, куда?» деген сөздөрдү айтып таң калып эле калды. Ал орус ошол бойдон келгис болгон үйгө.
Жолдошум менен чатырда жашап, 15-20 бээни саап, кымыз да кылчумун. Бирок жолдошум бир күнү отурган жеринен эле туралбай калды. Ошондон кийин бир тарабындагы кол-буту иштебей калды. Жетелеп, астын тазалап, айтор, 9 жыл карадым. Ошентип, жалгыз бой балдарым үчүн жашап жүрдүм.
Биздин келгенибизден кабардар болгонбу, аңгыча Райля эненин эң кичүү баласынын аялы келип сөзгө кошулду.
– Мен энемдин колунда 5 жыл жүрдүм. Анан үй салып, бөлүнүп чыгып кеткенбиз. Энем «ушул үйдөн эч жакка кетпейм» деп туруп алганынан небере-келини менен жашайт. Биздин үйдө 10-15 күн жүрүп келет. Эми пендечилик да, балдары, кыздары каза болуп калса, «мен жүрөмүн, балдарым каза болуп калабы?» деп ыйлап калат. Биз сооротуп коёбуз. Көрүп турганыңардай, энем аябай акылы тетик, жаш дагы көрүнөт. Азыр деле жүзүн муздак сууга жууйт. «Мен эч качан жылуу сууга бетимди жууган эмесмин, силер да муздак сууга жуугула. Бетиңерге туш келген нерсени койбогула» деп көп айтат бизге. Башка жакта жылуу сууга жууп жүрсөк да, энемдин жанында муздак сууга жууп калабыз (күлүп). Анан да энемдин мүнөзү жакшы, жумшак, кекчил эмес такыр. Адамды бат кечирет.
«Намаз окуп жүрдүм, көп эмгек кылдым. Азыр эми намаз да окуй албай калдым. Бутум жакшы шилтенбей калды, жөрмөлөп барып астанага жетем да, заараны төгүп келгенге араң жарайм. Кудай деп эле отурам, ушунчасына миң мертебе шүгүр. Деги заманыбыз тынч болсун, жаштар окуп, билим алып, ушул жакшы заманда наалыбай жашай беришсин. Ылайым өмүрлүү болгула...» деп эне нан ооз тийгизип, ак батасын берип узатты. Ушул заманда деле наалып жашаган адамдар жок эмес. Көп эмгекти жасабай, чарчап кетчүлөрдөн экенибиз да чын! Балким, биз дагы эмгек кылсак, кылым карыткан эненин жашына барып каларбыз.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg