Жакында эле Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы КРнын ИИМи тарабынан «Мыкты Ички иштер башкармалыгы» деп табылып, ИИМдин өтмө кызыл туусу менен сыйланды. Алгылыктуу иштери тууралуу Ош шаардык ИИБинин башчысы, милициянын полковниги Сүйүнбек Өмүрзаков менен маек курдук.
– Сыйлыгыңыздар кут болсун! Өткөн жыл жемиштүү болгон сыяктуу...
– 2012-жылдын башында шаарыбызда кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөнү менен, коомдук-саясий абал абдан татаал болгон. Шаарыбыздын аймагында туруктуулукту сактоого көптөгөн алгылыктуу иштер уюштурулду, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бир да араздашууга жол берилген жок. Ушул иштер сыйлыкты жеңип алганыбыздын себептеринин бири десем да болот.
– Баңгиликке каршы күрөшүү маселеси учурда дүйнөлүк деңгээлдеги маселеге айланып жатат. Бул багытта кандай иштерди алып бардыңыздар?
– Өткөн жылда жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 64 кылмыш ишинин бети ачылды. Ал эми мыйзамсыз айландыруудан жалпысынан 63 килограммдан ашуун баңгизат тартылып алынды. Баңгиликке каршы күрөшүү өзгөчө кесиптик чеберчиликти талап кылары белгилүү.
– Сизди «катуу жетекчи» деп айтышат. Мунун негизинде бир топ ийгиликке жетишип жатасыздар. Бирок кызматкерлериңизге да кам көрөсүзбү?
– Ким кандай деп айтат, ал өзүнүн укугу. Албетте, катуу талаптарды коём. Ал талаптардын аткарылышын дайыма көзөмөлгө алып, жыйынтыгын сурап турам. Ошол эле мезгилде кол алдындагы кызматкерлерге кам көрүү, аларды бардык тараптан колдоо – жетекчинин негизги милдети.
2012-жылдын май айында өлкөбүздөгү кырдаалдын татаал учурунда Мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өз милдеттерин так жана орундуу аткаргандыгын баалап, биздин кызматкерлерге 30 батир бөлүнүп берилди. Андан башка үй-бүлөлүк шарттары оор кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүлүп турат. Ден соолугу начарлап бара жаткан кызматкерлерге акысыз жолдомо берип, эс алуу жайларына жөнөтүп турабыз.
– Ош шаары митинг өткөрүү жагынан алдыда. Пайдасыз митингдерге кандайдыр бир чара көрүүгө болобу?
– Кээ бирөөлөр өзүнүн кадамынын натыйжасыздыгын билип туруп ушундай жолго барып жатышат. Ал эми 40-50 аял деп «ОБОН» аялдары боюнча айтып жатасыз окшойт. Алар менен биринчи ирет түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маектер өткөрүлдү, бир нече жолу эскертилди. Бирок ага карабай чуу чыгарган аракеттерин уланткан «ОБОНдун» төрт-беш мүчөсүнүн үстүнөн кылмыш иштери козголду. Мен ойлойм, түшүнүктүүлөрү убагында өздөрүн токтотуп калышты. Эгер мындан ары дагы да түшүнбөгөндөрү болсо, мыйзамдын чегинде алардын аракеттерине чек коюуга, катуу чара көрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз да, күчүбүз да жетет.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg