Биздин гезиттин тандоосу боюнча «2012-жылдын супер дебюту» наамын алган чырайлуу ырчы Асел Касымова элге атын таанытканга жетишип калды. «Атактуу болом деп жулунбайм» дейт Асел өз сөзүндө.
– Асел, өткөн жылды жыл бою күйөрмандарыңа «...эркелеп, эркелеп сага барсамбы...» деп обон созуп өткөрдүң окшойт?
– Ооба, ошондой десем болот. Бул ырым менен өтүп бараткан жылы угармандарыма жакшы эле эркелеп алдым. «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деген кеп бар. Аталган ырым ар бир угарманымдын жүрөгүнөн орун алганына кубанычтамын.
– Жогорудагы сени популярдуу кылган «Эркелеп» деген ырың жеке жашооңдон алынганын билебиз. Дагы бир хит ыр жаратыш үчүн ошондой сүйүүнү баштан кечиргенге даярсыңбы?
– Ха-ха... Жок, андай сүйүү келбей эле койсун. Негизи, кайгылуу ырларды ырдай берсең, ошол образ сага таңууланып калат. Андыктан ар кайсы темада ырдаганга даярмын. Ал эми ал сүйүүм тууралуу силерге чейин эч кимге айткан эмес болчумун. Билбейм, силердин ушундай сыйкырыңар барбы, чынында эле төгүлүп-чачылып алыптырмын. А жашоодо мен абдан түнтмүн да, ошондо көбү окуп алып таң калышкан болуш керек. Ал сүйүүм ошол ырым менен кетти, ал ыр аркылуу болгон бугумду, ыйымды чыгарып алдым, кайра артка жол жок.
– Качан турмуш жолуна аттанарың баарына эле кызык болсо керек...
– Ооба, бул суроону мага чөйрөмдөгүлөр ата-энемден да көп беришет. Баары бешенеге жазылгандан экен. Буйруган күнү чыгармын. Учурда жүрөгүм бош, эркин кушмун.
– Сага арбалып, сөз айткан жигиттер жокпу?
– Жок дебейм, бар, бирок алар мага жакпаса, жөн эле аларды үмүттөндүрүп пайдалангым келбейт. Телефон чалып тынчымды алса, сылык-сыпаа жолуна салып коём. Ал эми тажатып чала берген учурлар боло элек.
– Болочоктогу жолдошуң кандай сапаттарга ээ болушу шарт?
– Жердешчилдерди жактыра бербейм. Мага көбүнчө интеллекти бийик, дүйнө таанымы кенен мырзалар жагат.
– 27 жашта экенсиң, жаш өткөн сайын жигит жактырбай калам деп коркпойсуңбу?
– Мен, тескерисинче, мурун эч кимди жактырбаган чыргоо болчумун. «Ээ, койчу, ошону» деп кылдан кыйкым издей берер элем. Азыр аркы-беркини ойлонуп, тараза ташын тең кармаганга аракет кылам.
– Кандай ойлойсуң, угармандарың сенин келбетиңди көп жактырышабы же үнүңдүбү? Бизде үнү жок, сулуу жүзү менен гана таанылган ырчыларга көз карашың?
– Кандай десем, мырзалар келбетимди жактырышат, айымдар ырларымды. Азыр элдин баары эле сынчы. Бирөөнү сындагандан чочулайм. Ооба, андай ырчылар бар, бирок үнү жок болсо деле эл аларды кабыл алып жатпайбы, демек, өздөрүнүн күйөрмандары бар. Жүзү деле керек да.
– Телефон чалсак эле Оштомун дейсиң, өзүң кайсы шаарда жашайсың?
– Силер да мен такай Ошто жүргөндө чалып жатпайсыңарбы. Өзүм 6 жылдан бери Бишкекте сиңдим менен жашайм. Бирок ата-энем Ошто тургандыктан, тез-тезден барып турам. Ар бир эле ата-эне кызын жалгыз жашаганы бөлөк шаарга жиберип койбосо керек.
– Курбуларың көппү?
– Мурун көп болчу, азыр ылгап сүйлөшүп калдым. Достук деле кандайдыр бир кызыкчылыкты же пайданы көздөйт экен. Көп эле досторум мени пайдаланып кетишти. Сырдашып, ой бөлүшкөн жакын курбуларым бар, бирок саналуу гана.
– Маегиңе ыраазычылык, чыныгы досторуң көп болсун!
– Рахмат сиздерге да.
Лунара Бекиева
star@super.kg