СҮЙҮҮ МАЙРАМЫНДА БЕЛЕККЕ МАРЫГАНДАР

Улуу акындар ырга салып келген сүйүү – эң аруу сезимдердин бири. Мына ушул улуу сезимди даңазалаган 14-февраль – Махабат майрамына карата «Супер-Инфо» гезити менен www.super.kg порталы жыл сайын оюн-зоок өткөрүп, сүйүшкөндөргө жылуу маанай тартуулап келет. Быйыл да жаштарга атайын сынак уюштурдук. Өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган эң алдыңкы 5 жуп убада кылынган белектерге ээ болушту. Сынак: «Сүйүү сезимдерин оригиналдуу түрдө билдирүү» жана «Фотосынак» деген эки багытта өткөрүлгөн.

«ФОТОСЫНАКТЫН» ЖЫЙЫНТЫГЫ

«СҮЙҮҮ СЕЗИМДЕРИН ОРИГИНАЛДУУ БИЛДИРҮҮ»
(Бул багыт боюнча жеңүүчүлөр редакциянын чечими менен аныкталды)


Жеңүүчүлөрдүн сап башын АРЗУБЕК жана БЕРМЕТ аттуу түгөйлөр ээлешти.Арзубектин Бермет аттуу сулууга арнаган сөздөрү көпчүлүктү кайдигер калтырбады.
«Шамал татынакай Гүлдү сүйүп калыптыр. Ал аны назик сылап эркелеткенде Гүл да аңкыган жытын чачып, ажайып көркүн арнайт. Шамалга бул аздык кылып, өз сүйүүсүнүн күчтүү деми менен Гүлдү үйлөп коёт. Гүл Шамалдын дуулдаган кумарлуу эпкинин көтөрө албай сынып калат. Шамал аны тирилтүүгө аракет кылганы менен, колунан эч нерсе келбейт. Ошондо ал азга токтой калып сүйүүсүн назик деми менен берүүгө аракет кылат. Гүл көз алдында соолуй баштайт. Ошондо Шамал:
– Мен сени сүйөм, сен болсо сынып калдың. Мага окшоп катуу сүйбөсөң керек,- дейт.
Гүл унчукпайт.
Ким сүйсө, эстен чыгарбагыла! Сүйүү күчүнө, кумарына карап эмес, назиктигине, кам көргөнүнө карап ченелет. Сүйөт деген – бири-бирин тиктешкенде эмес, экөө биригип бир багытты болжошкондо. Сүйүүнүн жыргалы, кууралы, таалайы, шору, жарыгы, оорусу болот. Сүйүү – сүйгөнүңдүн шартына көнүү дегенге жатат...
Махабат сезимине оролуп, балкып турган учурум. Ооруганда дары болчу, сүйүнгөндө колдоп турчу, башкалардан өзгөчөлөнгөн жан шеригим, жүрөгүмдүн ээси бар. Бул өзүңүздөр назар салып турган сүрөттөгү суйкайган сулуу айым – менин Берметим».


Адилет Анаранын короосуна шамдардан жүрөкчө жасап, жалаң «Чупа-Чупстан» мындай гүлдесте берип, өзүнүн сүйүүсүн оригиналдуу түрдө билдиргени үчүн бул багыттын сыйлуу 2-орунун багынта алды. (Адилет менен Анара «Фотосынактан» 3-орунга ээ болушкан).


Канат жана Гүлжаз 3-орунга татышты. Канат жубайы Гүлжазга арнап рэп стилинде ыр жазган.


Ал эми Айпери Уланга сүйүүсүн сүрөттөр аркылуу билдирип, 4-орунду илип кетти.


Мирлан+Айзат. Мирландын Айзатка билдирген ашыктык каты төмөнкүчө:
«Жаным, экөөбүздү махабат ханышасы сүйүү шаарчасына чакырып жатат. Анда жүрөгүндө ак сүйүүсү барлар жана ошол ак сүйүүсүн түбөлүктүү дегендер жашайт экен. Махабат ханышасы көптүн арасынан экөөбүздү тандап алыптыр. Дареги: Сүйүү шаарчасы, Махабат көчөсү, №345!»

Эскерте кетсек, сынактын эки багыты боюнча 1-орунду ээлегендер романтикалуу кечки тамактануу, «Салам, Нью-Йорк» тасмасына чакыруу кагазына, шампан жана таттууларга ээ болушту.2-орундагылар профессионалдуу фотосессия, киного чакыруу, шампан, таттуулар; 3-орунга жеткендер «Сан Сити» муз аянтчасына, тасмага чакыруу, шампан, таттууларга ээ болушса, 4-5-орунга илинген түгөйлөр киного эки кишилик чакыруу кагазын, шампан, таттууларды алышты.

Сынакты өткөрүүгө чоң көмөк көрсөткөн өнөктөштөр: «Домино-Рио» кафе-барына, «Mediastar» студиясына, «Дархан» соода маркасына, «Красная звезда» кондитердик бирикмесине жана «Салам, Нью-Йорк»тасмасынын жаратуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Супер түгөйлөр тандалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
maksimus
2013-02-25 21:45:38
Тууй ата Анараны суйуп калдым
-1
Gul90
2013-02-26 16:40:48
кантип кочуруп алсак болот видеосун

0
admin_media
2013-02-26 16:45:37
Gul90,
Бул шилтеме аркылуу кирип көчүрүп алсаңыз болот)
http://www.super.kg/media/?type=video&id=82743
0
admin_media
2013-02-28 09:46:15
janar_erjan - эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан