ЖАЗГА ДАЯРДЫКТАР БАШТАЛДЫ

Чүй облусунда жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар көрүлө баштады. 19-февралда Жайыл районундагы дыйкан-фермерлер үчүн семинар кеңешме болуп өттү. Жыйында өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Султан Маткеримов сөз сүйлөп, ал былтыркы жылдагы кургакчылык эске алынып, жаздын ар бир күнүн натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Ошондой эле үрөндүн сапатына жана кайсы жерге эмнени айдоо керектигин азыртадан пландап алуу керек деген оюн кошумчалады. Быйыл аталган райондо 17 миң 183 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилет. Семинарга айыл чарба түшүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү да катышты. Алардын бири «Кыргыз тоют» ишканасынын жетекчилиги дыйкан-фермерлерден жүгөрү менен сояны көбөйтүүнү суранды. Дыйкан-фермерлердин өндүргөн түшүмдөрүн дүңүнөн алып, кайра иштетүүгө ишкана даяр экендигин кошумчалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан