Даамдуу тамактардын катарын толуктаган самса барктуу тамак болуп эсептелет. Аны майрамдарда да, катардагы күндөрдө да жасап жесе болот. Төмөндө 4 түрлүү
самсанын жасалуу жолдорун сиздерге сунуш кылабыз.
КАБЫРГА САМСА (25 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)
Керектүүлөр:
Эт – 500 гр
Малдын кабыргасы – 13 даана
Пияз – 4 баш
Маргарин – 250 гр
Жумуртка – 5 даана
Малдын ич майы – 50 гр
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жаш малдын эти менен пиязды майда туурап алабыз да, татымына жараша туз кошобуз. Эми мунун үстүнө бир аз суу сээп, 20 мүнөттөй дымдап коюш керек. Бул аралыкта пияздын ширеси чыгып, самса бышканда ичиндеги шорпосу даамдуу болот.
2. Малдын кабыргасын даярдап алабыз. Эттүү бир кабырганы экиге бөлүп, эки самсага жеткирсе болот.
3. Маргарин, суу, жумуртка, татымына жараша туз кошуп камыр жууруйбуз. Камырды жайып, бетин малдын сызгырылган майы менен майлап, узун кылып оройбуз. Оролгон камырдын четинен тоголок кылып кесип алып, аларды кайрадан жаябыз. Жука эмес, тегерек болуп жайылган камырга туурамжы салып, жалбырак формасында түйөбүз. Духовкада 200 градус температурада 30-40 мүнөттө бышат.
Эскертүү!
Тандырга бышырууга болбойт. Камыры тандырга жабышпайт.
ТООК САМСА (25 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)
Керектүүлөр:
Тооктун саны – 25 даана
Майонез – 1-1,5 литр
Томат – 300 гр
Малдын ич майы – 160 гр
Татымал, ашкөктөр (мурч, укроптун уругу, кургатылган петрушка)
Ун – 1 кг
Суу – 600 гр
Жумуртка – 4 даана
Маргарин – 40 гр
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тооктун саны бүтүн бойдон сууга бышырылат. Бирок эт эзилип кетпеш керек. Эми томат, татымал, майонезди аралаштырып, тоок санынын сыртына ал аралашмадан сыйпоо кажет. Даамы аралашып этке сиңиш үчүн 20 мүнөт тыныктыруу зарыл.
2. Суу, ун, туз, маргарин, жумуртка кошуп камыр жууруйбуз.
3. Камырды жука жайып алып, анын бетине малдын сызгырылган ич майын сүйкөйбүз. Май тоңуп калбаш үчүн батыраактан орош керек. Оролгон камырдын четинен кесип, аны кайрадан жаябыз.
4. Даяр болгон камырга тоок санын салып, тооктун бутунун формасындай кылып түйүп коёбуз.
Эскертүү!
Бул катталып жасалгандыктан, духовкада бышырылат. Бышуу убактысы 30 мүнөт.
ТАНДЫР САМСА (50 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)
Керектүүлөр:
Эт – 2 кг
Пияз – 1 кг
Даам жана жыт берүүчү татымалдар, ашкөктөр (мурч, укроп, петрушка)
Ун – 8 кг (жогорку сорттогу)
Жумуртка – 5 даана
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Алдын ала жаш малдын этин майда туурап, даам жана жыт берүүчү татымал, ашкөктөр менен аралаштырып дымдап коёбуз.
2. Суу, ун, жумуртка, өсүмдүк майы жана туз кошулуп катуу жуурулган камырдын четинен үзүп, ар бирин тегерек формада жайып алабыз. Аларга даяр болгон туурамжыдан салып, тегерек же сүйрү формада түйөбүз.
3. Эми өтө ысык эмес тандырга жабыштырабыз. Самса 45 мүнөттө бышат.
ШОРПОЛУУ ТАНДЫР САМСАСЫ (80 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)
Керектүүлөр:
Эт – 4 кг
Пияз – 2-2,5 кг
Малдын ич майы – 2 кг
Ун – 16 кг
Өсүмдүк майы – 1 литр
Жумуртка – 8 даана
Татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1.Сууга май, жумуртка, татымына жараша туз салып, катуу кылып жууруйбуз. Эгер камыр жумшак болуп калса, тандырга жабышпай, түшө берет.
2.Этти сөөгүнөн ажыратып алып, пияз экөөнү майда туураш керек. Буларга татымалдарды (зире, мурч ж.б.) жана укроп кошуп аралаштырабыз. Малдын ич майын эт туурагычтан өткөрүп, аны туурамжыга кошобуз. Бул майдан сырткары ар бир самсаны түйүп жатканда ичине 3 чоңураак кесим май салып, тегерек кылып түйөбүз. Майлар самсанын ичинде шорпосунун көп болушун шарттайт.
3.Тандырдын табын кетирбей жабыштырып, ысык чыкпагандай оозун бекитебиз. Бышуу убактысы 45 мүнөт.
4.Самсанын камыры калың болгондуктан, тандырда какталып бышып, бир аз катуураак болуп калат. Ал үчүн фаршка тууралган эттин сөөктөрүн казанга салып кайнатып, жыт жана даам берүүчү ашкөктөрдөн (укроп, сарымсак, райкан, петрушка) кошуп атайын шорпо даярдалат. Самса бышканда ага кошуп бир чыныга шорпо да берилет.
Эскертүү!
Самсанын бул түрүн духовкада бышырууга болбойт, себеби камыры тандырга ылайыкталып жасалат.
Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg