Адатта, сары чачтуу айым же блондинка десе эле айрымдарда «аа, кем акыл турбайбы»деген түшүнүк бар. А бирок кептин баары чачтын түсүндө эмес. Кыргыз шоу-бизнесинде саналуу сары чачтуу кыздарга собол салып, эмнеге ушул түстү тандаганынын сырын билдик.
Динара Акулова, ырчы:«БИЗГЕ ЧЫДАГАН ЧАЧКА РАХМАТ»
-Чачымды ачык түскө боёп жүргөнүмө 5-6 жылдай болуп калды. Өзүмдүкү капкара болчу. Бир жолу концерт коёр алдында мастерим имидж өзгөртөбүз деп чачымды сары кылып боёдук. Кийинчерээк мындай түс туугандарыма жакпай калгандыктан, кайра карага боётком. Ага күйөрмандарым «ачык түстөгү чачыңыз жакшы жарашчу» дей берип, кайра саргылт түскө өтүүгө туура келди. Ал эми жактырбаган абам менен эжеме «кечирип койгула, көпчүлүктүн суроосу менен ачык түскө боётуп жатам кайра» дедим.
Сары чачты күтүш өтө кыйын. Аны бат-баттан боёш керек. Биз, ырчылар, күнүгө эле концерт, той-топурдан кийин өрдөккө окшоп жууна беребиз, астынан карайып чачтарыбыз кайра өсө берет, боёк кете берет. Иши кылса бизге чыдаган чачка рахмат. Азыр чачымды бир эле боёгонго үч түр боёк кетет. Салонго бир киргенде 100 долларга жакын акчаны мастериме карматып келем.
Алиман Дүйшөналиева, актриса:«АТАМ ЧАЧЫ ЖОК КАЛАСЫҢ ДЕП НААРАЗЫ БОЛГОН»
-Чачымды сары түскө боёгонума 5 жыл болду. Анда да жарашабы, жарашпайбы деп эксперимент жасап көрүп, жагып калды. Туугандарым, дос-курбуларым да «ушул чачың жарашат экен» деп башташты. Анын үстүнө «Импульс» тобуна ырчы болуп келгенде «чачыңдын түсүн өзгөртпөшүң керек» деген талап коюлган. Ошондон улам сары чачтуу кызга айлангам. Бирок атам «кызым, көп эле боёй бербесеңчи, чачы жок каласың» деп нааразычылыгын билдирген. Азыр салондорго үч-төрт айда бир жолу боётуу үчүн кайрылып турам. Баасы чач боёктун сапатына жараша 1500дөн 3000ге чейин чыгат.
Гүлмира Шарипова, ырчы:«МҮЗҮРГӨ САРЫ ЧАЧЫМ ЖАКПАЙТ»
-Мындан үч жыл мурун имиджимди өзгөртүүнү каалап, стилисттердин сунушу менен сарыга боётком. Азыр тааныштарымдын баары «кайра кара түскө боёбой эле кой, ушул түс сага жарашат» деп айтып жатышат. Бирок Мүзүргө сары чачым жакпай, «кара түскө боё» дей берет. Үй шартында атайын чачка ылайык жыпар жыттуу майларды, чач түшпөө үчүн жумуртканын сарысын колдоном. Бизде той-корпоративдик кечелер көп болгондуктан, эки күндүн биринде салонго барып турам. Жалпы макияж, чачымды кошкондо 1500 сомго жакын акча коротом.
Назгүл Токтакунова, ырчы:«ЧАЧЫМДЫ ЖАШЫЛ КЫЛЫП ДА ЖҮРГӨМ»
-«Сарышка» болуп жүргөнүмө 7 жыл болду. Ага чейин кара, кызыл, ток сары жадакалса чачымдын арка жагын жашыл кылып да көргөм. Кээде кыпкыска балдардыкындай кырктырып алсам, кээде өстүрүп, айтор, акыры ушул түскө жана чач жасалгага токтолдум. Азыр бир жолку салонго киргениме 4000дей акча коротом. Кошумча айына эки жолу өскөндөрүн улам жаңылап күйгүзүп турам, албетте, кийинкилери арзаныраакка түшөт. Мени көргөн атам «тапкан акчаңдын баарын эле салонго кетиресиң» деп урушуп калат. Чач күтүүгө шыгым жоктугунан ар кандай маска, тундурмаларды салондон гана колдоном.
Силима Абдылдаева, ырчы:«ЭКСПЕРИМЕНТ КЫЛГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»
-Өзүмдүн чачымдын түсү – кара. Мурун мени көргөндөр түрк же лезгинка дешчү, азыр болсо орустарга окшоштурушат. Чачымды сарыга боёгонума 7 жылдай болуп калды. Чач дайыма өсүп турат эмеспи, андыктан эксперимент кылып өзгөртүп турганды жакшы көрөм. Чачың кооз, кайраттуу болуш үчүн аны туура күтүүнү билүү зарыл. Ал үчүн, албетте, көп каражат жумшалат. Азыр чач боёк, маскалардан тартып баары кымбат. Бирок акчасына карабай дайым колдонуп турам. Менин бир жолу салонго кирип чыкканым эле 3000ди чапчыйт.
Айнура Кыдыралиева, "Береке" бий тобунун жетекчиси: «ДАЙЫМ АДИСТИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ЖҮРӨМ»
-Мен 18 жашка чыкканда келбетиме өзгөртүү киргизейин деп "сары кыз" болуп алдым. Ортодон кайра кара түскө өзгөртсөм, атам «мурунку сары чачың эле жакшы жарашчу» деп калды. Ошондуктан кайра сары түскө өткөм. «Сулуулук курмандыкты талап кылат» дегендей, мындай өңдөгү чачка ээ болуу деле оңой иш эмес. Дайыма адистердин көзөмөлүндө болуп, чач түшүп калбаш үчүн өзгөчө кам керек. Боётуу, маска жасатуу биригип келип, айына 10 000 сомду түзөт. Зыяны азыраак болсун деп дайыма эң сапаттуу боёкторду колдоном.
САРЫ ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ
Асел Асанова,
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg