ТУРГУЛА,СОТ КЕЛАТАТ!

Биз бул сапар өткөнгө кайрылып, гезитибизге чыккан чуулгандуу окуяларга сот кандай чечим чыгарганы тууралуу тааныштырууну чечтик. Анда алардын айрымдарына назар салыңыздар.

НАРИСТЕНИ ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРГӨН АДАМ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН
Мурунку сандарыбызда Ош шаарында бир адам 6 жаштагы наристе кызды зордуктап, муунтуп, башына таш менен ургулап өлтүргөндүгү тууралуу жазганбыз. 2011-жылдын 27-июнунда болжол менен түнкү саат экилерде Ош калаасынын Завод көчөсүндөгү №3-үйдүн жер төлөсүнөн 2005-жылы туулган Абдилазиз кызы Гүлдананын денеси табылган. Текшерүүдө анын адегенде зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган.
Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 27 жаштагы Равшан Маматахунов аттуу Оштун тургунун кармашып, ал кылмышын мойнуна алган. Тергөө учурунда ал мурун да ушундай эле кылмышы үчүн 16 жылга эркинен ажыратылып, бирок 6 жылдан кийин бошонуп чыкканы билинген. Бул кылмыш ишин Ош шаардык соту карап, 2011-жылдын 28-декабрындагы соттун чечими менен аты аталган кылмышкер Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча айыпталып, өмүр бою абакка камалган.

КӨЗҮ АЧЫК КАРДАРЫН ӨЛТҮРГӨН
Эл көрүп дарылаган төлгөчү, экстрасенс, табыпмын деп жүргөн Маралкан Ааматова аттуу айым өзүндө дарыланып жүргөн Салимбү Эшенкулова деген айымды өлтүрүп койгон. Салимбү кичүү кызы көп ооруп, дарылануудан эч майнап чыкпагандан кийин элдик дарыгерлер отурган «Бейиш» борборунан Маралкан Ааматова аттуу табып аялга кирип, андан кызына жардам берүүсүн өтүнөт. Кызын айыктырмакчы болгон Маралкан «500 сом алып кел, 1000 сом таап кел. Мен дуба окудум, кайтарма окудум, жакшы болуп калат, кызыңдын өмүрү аз калыптыр. Сактап калыш керек. Эч кимге айтпай, мага 1500 доллар таап бер» деп 75 миң сом акчасын алып, аягында Салимбүнү өлтүрүп койгон.
Милиция кызматкерлери табыптын үйүн тинткен учурда Салимбүнүн денеси Маралкандын үйүндөгү сарайдан өзү алып келген ак кездемеге оролгон жеринен табылган. Бул кылмыш ишин Бишкек шаарынын Ленин райондук соту карап, 2012-жылдын 13-январындагы өкүмү менен Маралкан Ааматова Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) жана 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же бузуу) негизинде 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары соттолгон М.Ааматовадан доогер Б.Сартбаеванын пайдасына 306 260 сом материалдык чыгым жана 500 000 сом моралдык зыян өндүрүлгөн.
Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 2012-жыдын 20-мартындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган.

КАЧЫП, КАЙРА КАРМАЛГАН ГЮНЕШ
«Бета Сторес-3» супермарке­тинде түрк жигитинен запкы жеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз кызынын башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу да бир эмес, үч ирет жазганбыз. Дүкөндүн наабайканасында иштеген түрк жараны Гюнеш Йылмаз сатуучу болуп иштеген Чолпонду эскирип кеткен баклаваны сатасың деп сабап, ал тургай зордуктоого аракет кылган.
Түрк жаранына кылмыш иши козголуп, бирок ал темир тор артында аз гана убакыт отурган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарганы менен, бирок Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Мындайды колдон чыгарбаган Гюнеш Йылмаз изин суутуп кеткен. Сот адилетсиздигинин айынан бул окуяга кыргыз коомдук жаштар уюмдарынын активисттери киришип, бир нече митингдерди өткөрүшүп, Өкмөт үйүндө да талкууланган. Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованы мөөнөтүнөн эрте кызматынан бошотуу жөнүндө чечимин кабыл алган. Гюнеш Йылмаз кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармалып, биздин өлкөгө өткөрүлүп берилген.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 25-январындагы өкүмү боюнча Гюнеш Йылмаз Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси боюнча (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган жаза белгиленип, жазаны күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөөсү дайындалган. Соттолгон Гюнеш Йылмаздан жабырланган Чолпон Орузбаеванын пайдасына келтирилген моралдык зыян үчүн 150 000 сом өндүрүлгөн.

14 ЖЫЛ 4 ЖЫЛГА ӨЗГӨРТҮЛГӨН
2011-жылдын 16-октябрында «Баркод» түнкү клубунун ди-джейи жана «Тумар» радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиев сабалган. Катуу сабалганынын натыйжасында ал комага түшүп, 9-ноябрда каза болгон. Бул кылмышка Ысык-Көл облусунун тургуну Максат Эралиев шектелип, ага издөө жарыяланган. Издөө учурунда анын 3 паспорту бар экендиги аныкталган. 4 айдан соң гана ал Бишкек шаарына келе жатканда Кант шаарынан колго түшүрүлгөн.
Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-майындагы өкүмү менен Максат Эралиев Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу), 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) жана 346-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган.
Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 2012-жылдын 5-сентябрындагы өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлгөн. 350-берене боюнча кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жаза белгилебөө, 346-берене боюнча 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) өлчөмүндө мамлекеттин пайдасына айып пул төлөө жана 104-берене боюнча 56-беренени (мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө) пайдаланып 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Бул паспортторду Эралиев 2008-жылы Каракол шаардык ЗАГСтан мыйзамсыз алган метрикалар аркылуу алган. «Эралиевге мыйзамсыз метрика берген» деп күнөөлөнүп Каракол шаардык ЗАГСтын кызматкери Лола Дооталиева да соттолгон. Биринчи Май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен күнөөлүү деп таап, 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом) айыпка жыккан. Бирок Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу амнистияга туш келип, бул жазалардан бошотулган.

Гезитибизге чыккан чуулгандуу окуялардын жыйынтыктарын мындан кийин да маал-маалы менен берип турмакчыбыз.
Макаланы даярдоого жардам бергендиги үчүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошевага ыраазычылык билдиребиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admin_media
2013-02-25 19:29:30
Гулжигит,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга!
0
tea23
2013-02-26 19:15:10
супер инфо молодецстнер! ушинтип гезитке чыгып жарыяланмайынча биздин соттор взятка мене эле бутуруп койсо керек эле.
0
guard
2013-03-07 02:09:09
Супер инфонун соттордун кылган жыйынтыктары боюнча маалыматы жакты, супер инфонун мындай кадамы мактоого татырлык жана соттордун дагы билинип калган кылмыштарынан көбүрөөк маалымат берип турушса, сотторду да соттой турган эл бар да дегендей...
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан