17-февралда Швецияда 20 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда аяктаган кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеш ийгиликтүү болду. Балбан кыздарыбыздан 48 килограмм салмакта Михринисо Нурматова күмүш тагынса, Айсулуу Тыныбекова 59 килограмм салмакта коло тагынды. Буга удаа 19-февралда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. Анда 7 салмак категориясында 261 балбан күч сынашып, чемпиондор аныкталды. 55 килограмм салмакта Абдусомад Жумабеков чемпион аталса, Сапар Сатымкулов (60), Улукман Маматов (66), Иннокентий Иннокентьев (74), Бекжан Мээрбеков (84), Магомед Мусаев (96) жана Айаал Лазаревдер (120) чемпион аталышты.