Казакстандык «Кайрат» футболдук клубу Түркияда өтүп жаткан сбор алкагында 1-февралда өзүнүн академиясынын 3 футболчусу менен 5 жылдык келишим түздү. Орус улутундагы Сергей Кейлер, Никита Утробин менен катар кыргызстандык Арген Жуматаев да бул келишимге кол коюп, башкы курамдын оюнчусуна айланды. 18 жаштагы Арген Таш-Көмүр шаарынын кулуну. Бишкектик «Дордой» футболдук клубунда тарбияланып, 2010-жылдан тарта казакстандык «Кайраттын» 2-курамында ойноп келген. «Түркияга сборго баратканда келишим сунуштайт деген ой жок болчу. Эмгегимдин акыбети кайтты»,- деп билдирет Арген.