Чабуул жасоо ыкмаларын мыкты өздөштүргөн спортчуларга «танка» же «автомат» деген ат дароо жабышат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз тездигинен жана таамайлыгынан улам «Ок» деген каймана ысым алган. Валентина Шевченкону кыргыз спортундагы баркы жок алтынга салыштырсак, айып этпеңиз. Бизде мыкты шарт жогун унутуп эле, аны Перунун атынан мелдештерге чыгып жатканын жактырбайбыз.
ШЕВЧЕНКО ВАЛЕНТИНА АНАТОЛЬЕВНА
Туулган жылы –1988-жыл, 7-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Жетишкендиктери – Муай-тай боюнча дүйнөнүн
7 жолку чемпиону. Түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнөнүн 10 жолку чемпиону. Айымдар арасында «Дүйнөнүн мыкты тай боксёру» наамынын ээси
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда Перунун Лима шаарында жашайт
«ПЕРУДА ИЗДЕНИП ЖҮРӨТ»
Валентина Перунун атынан мелдештерге чыгып жатканын айтсак, анын атын эч кимдин уккусу жок. Бирок бир чындыкты билип коюшубуз керек, ал дагы да болсо Кыргызстандын жараны жана келечекте Кыргызстандын желегин желбиретет. Валентина азыр семинарларга катышып жатканына байланыштуу аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Маалымат топтоодо КРнын Вале-тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов көмөк көргөздү.
Эмил Токтогонов кезинде Валентина менен жакшы тааныш болгондуктан, көп суроолорго ошол киши жооп берди.
«Чынында, Кыргызстанда, Азиянын аймагында машыгуу ага кызыксыз болуп калган. Перуда келишимдик негизде иштешип жүрөт. Ал жактын жарандыгын алган жок. Азыр жалпы Америка континентинде уруш түрүндөгү спортторду изилдеп, анализдеп, өсүүнүн үстүндө. Эмки жылы Кореяда өтүүчү Азия оюндарына, буюрса, Кыргызстандын атынан барат. Негизи, ал Кыргызстанды сүйөт. Убакыт тапса эле бизди көздөй «качат». Көлдө үйү бар»,- дейт Эмил Токтогонов. Айта кетсек, Валентина азыр Перунун баш калаасы Лима шаарында жашап, машыгып жүрөт. Аны менен кошо эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов жана апасы Елена да ошол жакта. Ушул күнгө чейин ал Перуну алтын медаль менен «багып» келе жатат.
БИР ЖОЛКУ ЖЕҢИЛҮҮ
Азыр акчанын күчү баарына жетип калбадыбы, атүгүл мыкты даярдыктагы спортчунун колунан жеңишти жулуп алууга дагы... 2011-жылдын күзүндө тай бокс боюнча Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунда Валентина жеңилүүнүн ызасын татты. Орусиянын, Бельгиянын спортчуларын ээрден шыпырып, финалга жеткенде калыстардын акыйкатсыздыгынан улам жеңилип калды.
Марокколук атаандашынан алда канча тез, мыкты болсо да, беттештин өзбек улутундагы башкы калысы жеңишти Валентинанын атаандашына ыйгарып койгон. Кызыгы, упай эсептеп отурган капталдагы 5 калыстын Шевченко уткандыгы тууралуу пикири суу да кечпей, алар жөн гана «маймыл» болуп калышкан. ММКлар башта катуу чырылдаганы менен, ал жерде ири суммадагы акча роль ойногону кийин маалым болду.
ФЕДОТОВ ЧЫЙЫР ЖОЛГО САЛГАН
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан. Валентинанын эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашта экенинде түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан. «90-жылдары мен Федотовдор менен машыгып жүргөндө 5 жашар Валентина залда чуркап жүрчү»,- дейт Эмил Токтогонов.
Муай тайдан ага Кыргызстанда, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валя дзюдо боюнча «КРнын Спорт чебери» аталды. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алды. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында «Орусиянын чемпиону» аталат. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.
ВАЛЕНТИНА ИСКУССТВО АДАМЫ
Валентина Шевченко тууралуу канчалык көп билсең, ошончолук баалай баштайсың. Дегеним, Валентина атаандашты кулаткандан башка көп нерсеге кызыгат. Мисалы, саякаттоого жана куралдарга кызыгуусу күч. Ошондой эле бий өнөрү менен да жакшы тааныш. Ар бир беттештин алдында түрдүү бийлер менен рингге чыккан мекендешибиз кичинесинде бий менен машыккан. Кыргызстанда жүргөндө спорттон убакыт ашырып, жаш кыздарга бийден сабак бергени маалым. Бир да кызыгуусун жерде калтыргысы келбеген Валентина Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүп, кинорежиссёрлук кесипке да ээ болгон. Ошондой эле видео жана фотосъёмкаларда анын алдына чыкчу спортчу кыздар аз. Демек, эртеңки күнү Валентина спортту таштаса да, башка тармактарда аты чыга береринен шек жок.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg