КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ ЖЫЛЫНА КАНЧА СБОР ӨТКӨРҮШӨТ?

КАНАТ АРПАЧИЕВ, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы:
– Сбордун башкы максаты – спортчуларды Олимпиада, Дүйнө жана Азия чемпиондуктарына даярдоо болуп эсептелет. Анда спортчулар чет жердик спортчулар менен же жергиликтүү спортчулар менен өз ара машыгып, физикалык даярдыктарын күчөтүшөт. Айрым убактарда, мүмкүнчүлүк болуп калганда жыл соңунда спортчулардын спорттук калыпка келүүлөрү үчүн да атайын сборлорго каражат бөлүнүп берилет.
Кыргызстанда сборго көбүнчө олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча уруксат берилет. Алардын көбү Олимпиадага даярдоо борбору аркылуу кетип, чет өлкөлөргө баруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, балбандар Украинага, Орусияга жана башка Европа өлкөлөрүнө барып турушат. Ал эми мушкерлерибиз Орусия, Казакстан жана Кытайда болуп кайтышат. Ошондой эле веложарышчы Евгений Ваккерге Италияда машыгуусуна шарт түзүп берип турабыз. Спорттун олимпиадалык түрлөрүнө жыл ичинде кеминде 2-3төн сбор берилет.
Өлкө аймагында сборлор көбүнчө Кант, Токмок шаарларында, Ысык-Көлдө болуп жатат. Көлдө болгондо бизге Кытайдан, Казакстандан, Орусиядан, Түштүк Кореядан спортчулар келишет. Агенттиктин 2012-жылдын 10 айынын отчёту боюнча өткөн жылы 49 сбор катталган. Анын 27си Кыргызстандын аймагында, калган 22си чөт өлкөлөрдө болгон. Өткөн жылы спортчулардын физикалык даярдыгы үчүн жалпысынан 1 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Бул көрсөткүч агенттикке эле мүнөздүү. Ал эми Олимпиадага даярдоо бөлүмүн кошкондо сборлордун саны да, сарпталган каражаттын саны да өзгөрөт.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан