ПОРОДАЛУУ УЙ БАГЫП, ПАЙДАСЫН КӨРҮҢҮЗ!

Мал чарбачылыгы менен турмуш кылган биздин калкка эң ириде асыл тукум мал багуу керек экени талашсыз. Бүгүнкү макалабызда сүт жана эт багытындагы асыл тукум уйлар жөнүндө маалымат бермекчибиз.

«БИР ЖЫЛДА 10 МИҢ ЛИТР СҮТ БЕРГЕНДЕРИ БАР»
Кыргызстанда асыл тукум уйларды багып келаткан 4-5 ферма бар. Алардын бири Кант шаарында жайгашкан сүт багытындагы уйлар фермасы. Башкы зоотехниги ГҮЛҮМКАН БОЛОТОВА уйлар жөнүндө төмөнкү маалыматтары менен бөлүшүп өттү.
– Бүгүнкү күндө бизде эки ферма бар. Жалпысынан фермада 840 саан уй кармалат. Учурда багылып жаткан уйлардын бардыгы сүт багытындагы галштин-фриз породасындагы уйлар. Сүттүүлүгү жагынан дүйнөдө сүттүү породадагы уйлардын эң алдыңкы катарында. Өткөн жылдарда ар бири саан маалында 6 618 литрден сүт берген. Ал эми былтыр кургакчылык болуп, тоюттун жетишсиздиги өз таасирин берди. Орто эсеп менен ар бир уйдан 5 780 литрден сүт алдык. Мурдагы жылга салыштырганда аз, бирок республика боюнча алсак, рекорддук көрсөткүчкө жетиштик.
Республикабыздагы уйлардын сүт берүүсү 2012-жылдын жыйынтыгы менен алганда орто эсеп менен, болгону, 2 034 литрди түзүптүр. Мисал катары мына жаныбызда турган уйду алалы. Жеке номери 82-92, аты Сосулька. Бул былтыр
9 154 литр сүт берген. Башкача айтканда, күнүнө 30 литрден ашык сүт берип турган. Сүтү күнүгө 47 литрге чейин жеткен мезгилдери болот. Уйлардын арасында жылына 3 миң литр бергендери, 10 миң литрге чейин бергендери да бар. Салмактары 600-650 килограммды түзөт.

СҮТТҮҮЛҮГҮН АРТТЫРУУ ҮЧҮН КАНДАЙ АРАКЕТ КӨРҮЛӨТ?
– Бизде Европадан галштин-фриз породасындагы уйлардын уруктары алынып келинип, ала-тоо породасындагы уйлар уруктандырылган. Ушундай иштер төртүнчү муунга чейин улантылган. Төртүнчү муунга жеткенде таза кандуу порода деп саноого болот. Сосулька галштин-фриз породасынын кыргыз тиби болуп саналат. Эми ушул эле Сосульканын сүттүүлүгүн арттыруу үчүн бука тандаш керек. Буканын өндүрүмдүүлүгү бул уйга караганда жогору болушу шарт, тактап айтканда, жакшыртуучу болушу керек. Ал эми буканын өндүрүмдүүлүгү уйга караганда аз болсо, ал бука начарлатуучу болуп саналат. Андай букаларга кошулган уйлардан өндүрүмдүүлүгү төмөн тукум алынып калат.
Мисалы, буга моцарт букасы ылайыктуу. Бул буканын өндүрүмдүүлүк көрсөткүчү 19 290 литр. Мунун уругун алып Сосульканы уруктандырсак, бул экөөнөн туулган музоо кийин энесине караганда 1-1,5 миң литрге көбүрөөк сүт бере баштайт.
Ал эми Кыргызстандагы уйлардын тукуму кандай экени белгисиз. Болгону, 7-8 литр сүт берет. Эгер жергиликтүү тукумдардын асылдуулугун жогорулатууну кааласак, букаларды туура тандаш керек. Бир уйга дайыма бир буканы колдоно берсе, кийинки муундун асылдуулугу жоголот. Буканы 2,5 жыл гана пайдаланыш керек. Андан соң аны өндүрүмдүүлүгү жогору букага алмаштыруу зарыл.

КАРА АЛА УЙДУ БАГУУ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР
Көп сүт алуу үчүн тоютту туура берүү зарыл. Уйдун жашына жараша канча көлөмдө тоют берүү керектиги эсептелет. Стандартка ылайык, 1 саан уйга орточо 5 килограмм адыра, 2,5 килограмм улпак, 3 килограмм чөп, 18 килограмм силос, 6 килограмм сенаж берүү керек.
Мүйүзүн өстүрбөй коюуга болот. Мүйүзү жок уй мүйүзү бар уйга караганда көп сүт берет жана эттүү дагы болот. Атайын майлоочу май бар, аны музоонун мүйүзүнө сүйкөп, өстүрбөй коюуга мүмкүн.
Кара ала уйлар назик келишет. Анткени булардын туяктары жумшак. Таштак жерлерде, жайыттарда жүрө албайт. Тоолуу Нарын, Ысык-Көл аймактарына бул уйлар чыдабайт. Андыктан буларды колго кармап багууга туура келет. Ошондой эле бул уйларды 3 маал саап туруу керек. Антпесе сүттүүлүгү азайып кетет.

Ферманын бөлүм башчысы Анвар Рамазанов:«МУЗООЛОР КОЛГО БАГЫЛАТ»
– Жаңы туулган музоо жылуу жайда 10 күн кармалып, энесинин сүтү менен багылат. Күнүнө 2 литрден 3 маал 6 литр сүт эмизилет. Алардын атасы, энеси кандай уйлар экени жазылып, өздүк документи ачылат. 10 күндөн кийин тыңып калышат да, жалпы короого чыгарылат. Ал жакта катуу тоюттар беде, аралашма жем, туз, бор жана суу бериле баштайт. Андан соң чоң группадагы торпокторго кошулат. 1,5 жашка жеткенде куутка даяр болгондорун уруктандыруу башталат. Ошентип, 2 жаштан ашканда тууйт да, саан уйга айланат.

ЭТ БАГЫТЫНДАГЫ УЙЛАРДЫ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН...
Эт багытындагы тукум алууну каалагандар болсо, ал уйга өзгөчө тоют камдабайт. Жайлоого чыгарып жиберишсе болот. Бул кадимки уйларга салыштырганда эки эсе көп эт берет. Бирок сүтү аз. Учурда эт багытындагы салмагы тоннадан ашкан герефорд, ангус, шароле өңдүү букалардын уруктары Америкадан Кыргызстанга алынып келүүдө. Мисалы, Нарында, Ысык-Көлдө сүт сатуу кыйынчылык жаратат. Мына ушул аймактар эт багытындагыларын алса өзүн актайт. Сүт багытындагыларды кааласа, айшир, швиц породасындагылардын уруктарын алса болот.
Азыркы тапта Кыргызстандын аймактарында уруктандыруучу 300 пункт бар. Ал пункттардан урукту сатып алып, үйдөгү уйларын ветеринарлардын жардамы менен уруктандырып алышса болот. Уруктун баалары буканын сүт багытында же эт багытындагы породасына жараша 150-300 сомдун тегерегин түзөт. Ал эми урукту жеткирип берүү жана уйду уруктандыруу ишин аткарган адистин кызмат акысы жолдун алыстыгына жараша бааланат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Породалуу уй багып, пайдасын көрүңүз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
tukitegin
2013-02-25 23:33:17
ЭЭ Кубаныч музоолорунан кантип сатып алса болот билип бербейсинби. Же координаттарын алып бербейсинби.
0
windows.kg
2013-02-27 10:29:02
tukitegin, мага да жакты ош жергесинде уруктандыруу пунктунун дарегин жазып коё аласыздарбы? Сураныч кубаныч байке.
0
erali
2013-02-27 21:15:56
Супер инфо газетасынан мал чарбачылыгы,дыйканчылык боюнча коптогон макалаларды окуп журом.Ошол эле сутту эчки,суттуу уйларды кайдан сатып алууга болот,мактана бербей элге ошол малды асыроо учун кайдан алышы кереук ,кимге кайрылуу керектигин да жазсанар.Суктанып эле журо беребизби же бизге да ошол малды багуу мумкунчулугун берсениздер.
+1
admin_media
2013-02-28 10:08:49
erali,
Сунуш, сын-пикирлер, нааразычылыктар болсо info`го купуя кат аркылуу жөнөтүлүшү керек!
Сизге эскертүү!
0
PROS
2013-03-02 11:49:04
Жасалма жол менен уруктандыруу арам болот го дейм.
0
RaHat19
2016-09-12 21:53:28
мага дагы жакшы саан уй керек адресин айтып койгулачы
0
Omurbek-Ulvi
2017-01-28 19:13:51
Чындыгында бизнесс тармактагы видеолорго жогоруда айтылгандай эл кимге кайрылса болот ошол жагын да киргизсенер!
0
admin_superstan
2017-01-30 12:46:45
Omurbek-Ulvi, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bagira77
2017-04-06 03:37:12
Видеосун кантип жуктосок болот админ?
0
bagira77
2017-04-06 03:38:41
Кантип кочурсок болот админ?
0
admin_superstan
2017-04-06 09:20:12
bagira77, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип "Көчүрүү" баскычын басыңыз: http://www.super.kg/media/stv/83211/
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан