«МАГА КЫЗЫМ ЖАНА КУРБУМ ЖАРДАМ БЕРЧҮ»
Жакында Ош шаарында уурулуктун өзгөчө түрү менен алектенген аялдар кармалды. 2013-жылдын 8-февралында Ош шаардык ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү жана ушул бөлүмдүн мүлктөргө каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 5 айдан бери алдамчылык жолу менен алтын зер буюмдарын уурдап келген ДИЛФУЗА ТУРГУНОВА аттуу айым кармалган. Ал өзү жана бул «өзгөчө өнөрү» тууралуу буларды баяндап берди:
– Жалгыз эле кызым бар, аны Өзбекстанга турмушка бергем. Күйөө балам кумар оюнун ойноп неберемди уттуруп жиберди. Биз элек жасап сатчубуз. 400дөй элегибизди да бир кызга алдырып жибердик. Ал кыз бизди алдап, акчабыздан куру жалак калтырып, Өзбекстанга өтүп кетти.
Кийин чайканада иштеп жүрүп ооруп калдым. Мени алдаган кыз кайра келгенинен акчамды доолап барсам, мага бере турган акчасы жок экенин айтып, ушинтип алтын уурдаганды үйрөттү. Менин товарымдын өтүшүнө кызым менен курбум бейтааныш кардар болуп жардам беришчү. Кылган ишиме бушайманмын, мени кечиргиле...
Бул аялдардын үстүнөн бүгүнкү күндө 21 арыз түшкөн. Арыз ээлери 50-60 жаштан ашып калган аялдар. Аталган кылмыштын бетин ачып, ууруларды кармаган Ош шаардык ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опери АЗАМАТ АТТОКУРОВ буларга токтолду:
– Алдамчылык фактысы боюнча октябрь айларында арыз түштү. Кийин бир аял бизге кайрылып, анын жардамы менен фоторобот түзгөнбүз. Ошондон көп өтпөй эле ошол аял телефон чалып, «сөйкөнү уурдаган аялды Ош шаардык ооруканасынын жанынан көрдүм» деп кабарлап калды. Фотороботтун негизинде Дилфуза Тургунованы кармадык. Анын бул ишти жалгыз жасабаганы, Феруза Мизамурадова жана Алмакан Мизамурадова аттуу шериктери бар экени маалым болду. Учурда булардын үстүнөн 21 факт аныкталды.
«СӨЙКӨНҮ КУЛАГЫМА ТАГЫП КОЙДУ»
Биз бул иш боюнча Ош шаардык ИИБине барганыбызда алдамчылардын курмандыгы болгон апалардын бири отурган экен. Андан сөйкөнү кантип алдырып койгондугу туурасында сурадык.
– Менин неберем сарык болуп калган экен. Ош шаардык ооруканасына келип кезек күтүп отурсам, жаныма бул аял (Дилфуза Тургунова) келип бир аз отурду да, «бул жер аябай сасып кетиптир, жүрүңүз, сыртка чыгып отуралы» деп калды. Мен аны жөнөкөй эле аялдай көрдүм да, макул болуп аны менен сыртка чыктым. Ары жакта эки аял отуруптур, ошолор жакка ээрчитип барды.
Бул аял колуна жалтыраган жез сөйкөнү алды да, «Мобу сөйкөнү алып койбойсузбу?» деди. «Жок, албайм, неберем ооруп жатат, өзүмө да акча керек» дедим. «Ой, ала бериңиз, кийин муну 25000ге сатып саласыз» десе, жаныбыздагы аялдар да аралаша калып, «эже, биз билебиз, бул аябай кымбат сөйкө. 25-30 миң сом турат, ала бериңиз. Келиңиз, кулагыңызга тагып көрөлү» деп менин сөйкөмдү алып, өздөрүнүн сөйкөсүн кулагыма тагып койду. Мен «кымбат болсо алып коё берейин, сатып туруп балдардан акча сурабай неберемди дарылатып алам» деп ойлоп кеттим. Кулагыма тагып, кезегим келип калбасын деп ооруканага кирип баратып «кой, кыздар менен кеңешип, анан алайын» деп артка кайрылсам тиги аялдар дикилдеп оорукананын дарбазасына жетип калышыптыр. Неберемди таштап коюп артынан чуркай албадым. Ошентип, бирөөгө айтыштан уялып отуруп калдым.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg