18-февралда шаардык мэриянын жыйынына өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Э.Абдыкадыров катышып, жаңы шайланган шаар башчысы Мухтар Арапбаевди тааныштырды. Шаардык мэрияда экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-мэр Урмат Маматов жана коммуналдык иштер боюнча биринчи вице-мэр болуп Таирбек Чойбеков да иштей турган болду. Ал эми шаардын коммуналдык чарба боюнча маселелерди тейлеп келген мурдагы вице-мэрлик кызмат орун биринчи вицелик деңгээлге көтөрүлгөндүгүн жаңы калаа башчысы шаарга суу түтүктөрүн жаңылоо боюнча ири долбоор иштелип жаткандыгы менен түшүндүрдү. Жаңы дайындалган биринчи вице-мэр Т.Чойбеков буга чейин «Ата Журт» партиясынан шаардык кеңештин депутаты жана облустук футбол федерациясынын жетекчиси катары таанымал.