Чаткал районунда буга чейин спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келген. Райондун сыймыгы болгон «Чаткал» волейбол клубу 2011-жылы ноябрь айында ачылган. Жаңы ачылса да, алар турнирлерге катышып келет. Ушундай жетишкендиктер менен бирге быйылкы жылдын май, июнь айларында республикалык масштабда волейбол оюнун өткөрүү пландалууда. Тактап айтканда, Чаткал өрөөнүнөн чыккан белгилүү спортчу Тообай Эрматовдун атына арналып анын таланттуу жаштарды өз учурунда спортко жетелеп, жол көргөзүп кеткен эмгегинин урматына өткөрүлмөкчү.