Жалал-Абад шаардык ИИБинде 2013-жылдын 12-февралынан тартып «Көңүл бургула, балдар – ТИКО» аттуу жол кырсыгын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Жалал-Абад
ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөрүлгөн иш-чаранын негизинде, милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында жайгашкан бардык мектептердин окуучулары менен жол эрежесин бузбоо тууралуу маектешишти. Ошондой эле алар айдоочулар менен, айрыкча Тико үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочулары менен жол эрежесин сактоо тууралуу үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, жол эрежесин бузган айдоочуларга административдик протоколдор түзүлдү.