МЫРЗАЛАРДЫН МАЙРАМЫНА КАРАТА ТУРНИР ӨТТҮ

19-февраль күнү Сузак районунун Дом-Ата атындагы орто мектебинде «Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде» аттуу мектептердеги окуучулардын билим деңгээлин текшерген райондук турнир болуп өттү. Турнирдин жыйынтыгы менен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш орто мектеби баш байгени утуп алды. Ал эми 1-орунга Барпы айыл өкмөтүнүн Байзаков орто мектеби, 2-орунга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Базаров орто мектеби, Шамшиев орто мектеби, ошондой эле 3-орунга Ырыс айыл өкмөтүнүн Бакиров орто мектеби жана Сузак айыл өкмөтүнүн Акбаров орто мектеби татыды. 4-орунга Ырыс айыл өкмөтүнүн Ырыс орто мектеби, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Торомаматов орто мектеби ээ болушту.
Турнир райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, ардагерлердин төрагасы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталары жана кызыктуу, баалуу белектер тапшырылды.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан