«КОМУЗ ЖАСОО МАТЕМАТИКАЛЫК ТАКТЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ»

Комуз – кыргыздын байыркы музыкалык аспабы. Аны ата-бабаларыбыз муундан-муунга мурас катары сактап келишкен. Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын тургуну, жаш уста Айбек Сманкулов менен комуз жасоонун сырлары туурасында кеп курдук.

– Айбек, комуз жасоону кандайча өздөштүрүп калгансыз?
– Комуз чабууну мага атам үйрөткөн. Атам комуз чаап гана тим болбостон, чебер комузчу катары биздин чөлкөмгө белгилүү. Анын колунан ушул эле айылдын атактуу музыканттары Малик Аликеев, Мурадил Сагынбаев жана Ишенбек Календеров мен бала кезде үйгө келип, комуз чертүүнүн сырларын үйрөнүшөр эле. Түгөлбай Казаков агабызга да комуздан сабак берип калдым деп калар эле. Атамдын көзү өтүп кеткен, бирок комуз жасап жатканда анын сүрөтүн маңдайыма коюп алам. Анткени мага кеңеш айтып жаткандай туюлат. Бала кезимден эле комузга жакын өстүм. Атамдын жанына туруп алып, комуздун мойнун чыгарып же тепкесин жасап кол кабыш кыла берчүмүн. 1998-жылы кайыңдан эң алгачкы комузумду чаптым. Аны атамдын Абыкен деген казак досуна белек кылгам, күнү бүгүнкүгө чейин чертип жүрөт.

– Комуз чабуу үчүн билим алуу керекпи?
– Албетте, биринчи чапканда эле укмуш комуз чаап салдым деп мактанбайм. Анткени стандартка жооп бере турган комузду чабуу үчүн терең билим алуу зарыл. Андыктан республикага эле эмес, чет элге да кеңири таанылган чебер уста, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Орозобай Кенчинбаевдин чыгармачылык устаканасында элдик музыкалык аспаптарды жасоону үйрөнүү боюнча мектебин бүтүрдүм. Ал жерде мен бир жыл бою устаныкында жашап, кыргыз элдик музыкалык аспаптарды жасоонун, жыгачты даярдоодон баштап, сапаттуу жасалышына чейинки толук ыкмасын үйрөнүп чыктым.

– Музыкалык аспаптардын канча түрүн жасай аласыз?
– Комуздан сырткары добулбас, аса таяк, кыл кыяк, темир ооз комуз жана мүйүз керней жасоо колумдан келет.

– Кайрадан комузга өтсөк. Негизи, бул аспап жыгачтын кайсы түрүнөн жасалат?
– Комузду өрүктөн, кайыңдан чапса болот. Бирок сапаттуу комуз жасоого өрүктүн жыгачы жакшы. Азыркы кезде соодага кызыккандар ар кандай жыгачтан жасап, арзан сата беришкендиктен, комуздагы жагымдуу ыргактар да өзгөрүп баратат. Өрүктөн жасалган комуздан чыккан аваз менен башка жыгачтын комуздарынын айырмасы музыканы түшүнгөн адамга асман менен жердей сезилет. Мисалы, бака терек менен мырза теректен жасалган комуздун үнү өтө эле жагымсыз угулат.

– Бир комузду жасоо канча убакытты талап кылат?
– Комузга атайын жыгачты кыйып алган соң аны 1 жыл кургатуу зарыл. Жыгачты өлчөп кесип алабыз. Даяр болгон үлгүнү жыгачтын курамындагы чайырлар чыгып, жарылып кетпеши үчүн 15-20 мүнөт кайнатуу керек. Кайнатылган үлгү 3 ай көлөкө жерде кургайт. Анан устаканага алып келип, аспаптын формасын келтиребиз. Атайын станоктун жардамы менен комуздун көөдөнүн жана чарасын оюп алабыз. Анан ийинин, моюнун, ээгин жана башын чыгарабыз. Андан соң капкагын өлчөп алып, ал келе турган жерин даярдап тепкесин, кулагын жана кылдарын тагабыз. Ошентип, биз күткөн комуз 3 күн дегенде даяр болот. Эскерте кетчү нерсе, комузду жасоодо кылдаттык жана математикалык тактык талапка ылайык. Себеби бир жеринен туура эмес кесилип же ашык оюлуп кете турган болсо, аспап катары өмүр сүрүшүнө залака келтирип, добуштун бузулушуна алып келет.

– Комузду сатып алам деген кардарлар чыгабы?
– Кээде атайын заказ берип чаптырып кетишет. Обончу, аткаруучу Айбек Карымов да менин чапкан комузумду жактырып алып кеткен.

– Жаштар арасында шакирт катары кызыгып жүргөндөр барбы?
– Айылыбыздагы өзгөчө дилгир, шыктуу деген Доктурбек уулу Майрамбек аттуу жигитти шакирт катары тарбиялап жатам. Буюрса, ишеничимди актап, кыргыздын элдик музыкалык аспаптарын муундан-муунга калтырууга өз салымын кошот деп ойлойм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kadam
2013-02-25 12:13:42
Абдан туура айтат, комузду жасоодо математикалык тактык,ички туюм, чыгармачылык эргуу керек. Стандартка ылайык чаппай эле, комузду кокуй кылгандар кобойуп кетти. комуздун узундугу 87-см болуш керек.1 метр кылып чапкандан пайда жок.
0
nokiabek
2013-02-26 15:32:22
men temir ooza komuz jasait elem, koldon kelgeni. anan birok maga owol ooz komuzdyn kylyn (cherte turgan maaniluu bolugu-bolotton jasalat boluw kerek) kaidan tapsam bolot degen suroom bar, mumkun bolso superdin jamaaty jardam berer maga uwul agaidyn daregin berip degendei. kutom )))
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан